Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:40

Өзбекстан тарап Кыргызстандын өкмөттүк өкүлдөрүн Анжиянга чакырып, кучагын жайып тосуп алганы тууралуy кабар видеосу менен кошо бардык маалымат каражаттары менен интернет-сайттарда жайнады. Байкашымда бул жаңылыкты негизинен жылуу кабыл алгандар арбын.

Ырасмий Ташкен Тажикстанга да ушундай жылуу ишаарат жасап жатканына караганда Өзбекстанды көп жыл бою жалгыз башкарган падыша өтүп кеткенден кийинки жаңы саясый мууну чындап эле коңшулар менен мамилени түздөйлү деген ниетте болсо керек. Ошондуктан, бул ишаарат 4-декабрдагы президенттик шайлоого чейинки өзбек элинин көзүн будамайлоо амалы деген сөзгө мен ишенбейм. Ишенгим келбейт.

“Чын эле Өзбекстандын ырасмий адамдары ак пейили менен чакырып, кучагын жайып тосуп алыштыбы?” деп Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев менен Анжиянга барып келген Оштогу кесиптешим Эрнис Нурматовдон тактадым. “Чын ниетинен экен, агай. Мен аябай таасирлендим, акими, акыны, карапайымы бүт баары жыргап кубанып жатышат. Кечээ бирөөлөр менен сүйлөшсөм, сага калп, мага чын, Өзбекстан чек арасын ачыптыр дегенди укканда өзбек туугандарым ыйлап ийишти деди” – бул Эрнистин айтканы. Ал эми мэр Айтмамат Кадырбаев “карапайым адамдардын көзүнөн көптөн бери көрбөй сагынган туугандары келгендей кубаныч учкундарын көрдүм” деп ток этер жерин айтты.

Чек араны чычкан мурду жөргөлөгүс кылып бууп койгондон эң оболу өздөрүнүн миллиондогон букаралары азап чегип жатканын өзбек жакшылары кантип эле билбей койсун? Маа демектен кытай чебин кой, баары бир туугандык байланыш менен соодага тумалак бөгөт коюу мүмкүн эместигин, цивилизациялуу дүйнө ачык карым-катнаш, эркин соода форматына эбак өткөнүн кантип эле өзбек жетекчилери көрбөй коюшсун? Чек араны бойлото ар жерде казылган жашыруун көзөнөктөр, Өзбекстанда тартыш товарларды Кыргызстандан ташыган соодагерлерди чек арачылары көрсө да көрмөксөн болушу, айрым чыйрак кыздардын эбин таап бери өтүп келип, эрге тийип алышы... Мындай ташты жарып өтүп, өсүп алган көктөм сыяктуу мисалдар толтура.

Бирок мен баянымда эки коңшу мамлекеттин алака-катышы тууралуy эмес, Ала Тоо жергесиндеги кыргыз менен өзбектин өз ара адамдык мамилелери жөнүндө жеке көз карашымды ортого салгым бар.

Мен илимий изилдөөдөн алысмын, тек гана журналисттик жөнөкөй тилге салдым, жазгандарым айрымдарга жакпасы, ал турсун куйкасын куруштурушу да мүмкүн. Бирок бул – менин көз карашым, жеке оюм, азыркыга чейин көргөн-билген чындыгым. Баш кесмек бар, тил кесмек жок.

Сарт десе, жаман деп түшүнчүмүн

Ат-Башыда да аз-маз өзбек калкы бар. Баары тыӊ турат. Алар район борборунда гана тургандыктан, көп аралашкан жокмун. Ошентсе да, “сарт сарттыгын кылды”, “сартка ишенип болобу”, “сарттан кессең да кан чыкпайт” деген сөздөрдү анда-мында улуулардан уга калып жүрүп, өзбектер кытмыр, зыкым, алдамчы эл болсо керек деген ой бала кезден аӊ-сезимге сиӊип калыптыр. Ошол ой менен көпкө жашадым.

1999-жылы Киевге Би-би-синин машыгууларына барып калып, Ташкенден келген кесиптешим менен чайлашып отуруп калдык. “Мен – сартмын” деди ал. Оозуман сөзүм түшүп барып, эсиме келдим да, “сарт менен өзбек эки башкабы?” деп сурадым. “Ооба, - деди ташкендик кесиптешим, - сарттар билимдүү, ак сөөк башкаруучулар”. Мына сага!

Киевге барган көп сан журналисттин ичинде Оогандан келген да өзбек жигит болду, негедир ал экөөбүз бири-бирибизге ылым санап, бир жумача чогуу жүрүп басып калдык. Оюнан, мамилесинен арамдыгын, зыкымдыгын, кыскасы, “сарттыгын” байкаган жокмун. Ошентип, “сарт” деген сөз ошондон тарта мен үчүн терс маанисин жоготту.

2010-жылы июндагы кандуу окуя басылгандан кийин кыргыз менен өзбек мындан ары кантип чырдашпай, жанаша жашайт? Же ушинтип эле ичтеринен түтөп, көзү жок жерде алынын жетишинче бири-бирин ашатып, оңуту келген жерден оӊдурбай, кийинки чоң өрт чыкканга чейин кара күчкө аке-жакелеп, бири-бирин далыга таптап жүрө беришеби? –ушул өңдүү соболдор азыр да ар бир кыргыз менен өзбектин оюнда турса керек.

Таш менен урбай, аш менен ур

Эми 2010-жылдагы жамандыктан бери өз башыман өткөргөн айрым окуялардан кыскача кеп салайын.

Кандуу окуяга чейин көп жыл мурдатан бери Ошко барган сайын бир гана кафеден (атын айтпайын, реклама болуп калат) түштөнөм. Арзандыгынан мурда абдан даамдуу жасашат эле. 2012-жылы да оштук досторум менен ошол кафеге кирдик. Баягы жакшы көргөн тамагымды сурадым. Алып келишти. Жоок, мурдагыдай эмес. “Эмне болгон, окшобой калыптыр го?” десем, “Эй, Султан дос, мурда өзбек туугандар кармачу да, азыр өзүбүз. Болгон сыры ошол” дешти. Азыр да Ошко барган сайын досторум “өзбек туугандар жаңы чайкана ачты эле, ошого баралы” деп кечээ эле жектеп турган ашыналарга алып барышат...

Кийин эле Жалал-Абаддан Бишкекке көчүп келген өзбек тектүү журналист экөөбүз далайга сырдашып отурдук. Адегенде сизиң-бизиң деп, баягы дүжүр сыпайы сөздөр акты. Бара-бара жибип отуруп, ар кимибиз өз улутубуздун жаман жактарын ачык айта баштадык. Мен кыргыздын тоӊдугун, төрөпейилдигин, жалакайлыгын ашкерелейм. Ал болсо өзбектин сөзгө турбастыгын, зыкымдыгын, Кыргызстандын кайнаган коомдук-саясый турмушуна аралашпаган кайдыгерлигин сындайт. Бирок баарынан анын бир сөзү жадымда калды. “Менин түбүм Намангандан, тууганчылап барып, сүйлөшүп калганда туугандарым “эй, сен бетке чаап сүйлөп, орус болуп кетипсиң” дешсе, мен “орус эмес эле кыргыз болуп калдым” дейм. Анткени, Бишкекке келгени кыргыздын биз окшоп эмне десе хоп дей бербей, барды бар, жокту жок деп түз бетке айткан мүнөзү, шар жүргөн кыялы жукту. Ошондон бери турмушум кыйла жеңил болуп калды” деген эле өзбек кесиптешим...

Акыры экөөбүз кыргызда жок касиет өзбекте, өзбекте жок касиет кыргызда бар, бири-бирин толуктап шайкеш жасаса болот деген бүтүм чыгардык.

2014-жылы Оштун аэропортуна жете бербей токтодук. Таксисттер жер талашат. Бир маалда кыргыз жигит адеми машинесин айдап келди да, коёрго жер таппай, бир жерде кыпчылып турган улгайган өзбек таксистке келип “давай, бошот буерди” деп опурулду. Таксист бирдеме деп каяша айтмакчы болду эле берки олбурлуу жигит баса калчудай демитти. Улгайган таксист башын жерге сала ал жерден айдап чыгып, арыраакта бош жерге келип кыпчылды. Бирок жигит артынан жете келип, биерден такыр эле жогол деп омуроолоп, ашатып да алды. Өзбек таксист жоголууга мажбур болду, ал эми биздин азамат өзүнө маашырлана ары кетти. Эми ошол кекенип калган өзбек киши оңуту келген жерден башка бир эле, айыбы жок кыргыздан күчүн чыгарса керек...

2014-жылы ЭлТРде экенде ар улуттар (азыр этнос деп калдык) тууралуy Биз/Мы/We деген долбоор жасап калдык. Ош студиясындагы тыӊ журналисттердин бири Гүлбайра Умаровага өзбектердин турмушу, маданияты, үй тирлиги тууралу материалдар түрмөгүн жасоо тапшырмасын бердим. 2-3 материал даярдады, бирок редактор катары сапатына алымсынбай калдым. Репортаждарында ооз учунан айтылган жасалма ойлор, сизиң-бизиң дегендей жондогон, дүжүр сөздөр жыш эле. “Агай, дагы бир-экини жасаганга шанс бериӊизчи, анан болбосо токтотоюн” деп суранды. Айткандай эле андан аркысы улам кызыктуу, жандуу чыга баштады. Эң башкысы: чын дилинен, жүрөгүнөн жасалганы байкалды. Кийин Гүлбайра кантип өзгөрүлгөнүнүн сырын мындайча айтып берди: “Мен Ошто туулуп өстүм. Өзбектер менен аралаш туруп, алардан жамандык көрбөсөм деле ичимен жектеп турат элем. Эмнеге андай экенин өзүм деле түшүнбөйм. Өзбектер тууралу жаса деген тапшырма алганда адегенде ошол жаман сезим менен барып, эптеп-септеп кол учунан жасамыш болуп жүрдүм. Сизден катуу сын уккандан кийин чын ыкласымды коюп жасайынчы деп, өзүмдү зордодум. Бара-бара өзбектердин сырын, арман-санаасын угуп, ички дүйнөсүн түшүнө баштадым, ага кошо ичимде бугуп жаткан жек көрүү сезим да жуула баштады. Кыска убакта мен сары зилдей чыкпай жүргөн оор жана кара сезимден бошонуп, жеңилдеп калдым”...

“Аялың менен ажырашсаң да, коңшуң менен ажыраша албайсың"

Бул ылакап меники эмес, кайсы бир даанышмандыкы, атын унутуп калыпмын. Кыскасы азыр: кыргыз менен өзбек эл болуп жашай алабы, же дагы 10-20 жыл өтүп-өтпөй өрт чалабы? - деген суроо кабыргадан турат.

Жанаша жашоодон башка арга жок. Кубаласаӊ да кетпейт эч ким. Тарыхты сүрүштүргөндөн да пайда жок. Дүйнө картасы миӊдеген жылда далай жолу кубулуп өзгөргөн. Бир эле жерде кыргыздын да, өзбектин да, тажиктин да, башканын да сөөгү жатат. Жер талаштан кан аккандан башка пайда жоктугуна көзү жеткен элдер чек арасын ачып коюп, кирип-чыгып, алыш-бериш менен жашап жатышат.

Кыргыздар “өзбек сырын бербейт, ачык болбой, махалля болуп жабык жашаганы дайыма арам ой туудурат. Кыргызстанга күйбөй, Ташкенди карап турушат” деп сөгөт да, кайра эле өзбектен элпектикти, иштермандыкты, чыдамкайлыкты үйрөнсөк гана деп таңдайын такылдатат.

Жайында коӊшумдун тамын көтөргөн оштук өзбек куруучулар менен баарлашып отуруп калдым. Чек арадан ары жакта туугандары Кыргызстандагы эркин турмушка аябай суктанып, силер жакта жашасак деп көздөрү күйөрүн айта кетишти.

Кандай зулум башчы келип, чектерге кандай тосмо койбосун, баары бир акыры чек ара ачылат. Бул тарыхтын улуу дайрадай аккан жүрүшү, чоң агым болсо тосмолорду акырындан жырып кете берет. Борбор Азия да цивилизациялуу дүйнөгө окшоп, эркин алака-катышка, соодага көчөт. Башка альтернатива жок.

Айрыкча ушул мамлекетке ат берген кыргыздар сабырдуулуктун өрнөгүн, Манас бабабыздын чыныгы айкөл тукуму экенибизди көрсөтүшүбүз керек деп ойлойм. Акылман акелерибиздин бири Салижан Жигитов айтмакчы, башкаларды өгөйлөп, жектеп, боорго теппей, кучагыбызга тартсак, баарыбыз эл болуп батышып кетерибизди бөркүмдөй эле көрөм.

Акырында бир кеп: улуттарды мындай кой, ушул жалаң кыргыз отурган конуштарда ар башка жерден келген, ар башка кесиптеги, ар башка социалдык абалдагы, ою, баскан-турганы бири-бирине окшобогон адамдар турабыз. Пикирибиз оӊой менен бир жерден чыкпайт. Турмуш деген турмуш, жамандык-жакшылыктарда чогулабыз, бири-бирибизге караан болобуз. Акыры баарыбыз мындай эрежени карманалы деп келишип алдык: агайын-туугандар, биз бири-бирибизди кудай кандай жаратса ошондой кабыл алалы, бул эмне үчүн мага окшош ойлонбойт, тигинин эмне басканы башкача, аркы эмне элден башкача кийинет деп жектешпейли, бири-бирибизге оюбузду оңдоп, адил бололу.

Жашообуз кыйла жеӊилдеп калды...

Султан Жумагулов, журналист

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG