Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:24

Лиллис: Өзбекстан саясатта жылыш жасады


Өзбек тарап Анжиянда кыргыз делегациясын жылуу кабыл алды. 1-октябрь, 2016-жыл.

Өзбек тарап Анжиянда кыргыз делегациясын жылуу кабыл алды. 1-октябрь, 2016-жыл.

Өзбекстанда жетекчилик алмашкандан бери Борбор Азиядагы башка өлкөлөр менен дипломатиялык карым-катнаш жандана түштү.

Өткөн аптада өзбек тышкы иштер министри Тажикстандын президенти менен жолукса, кыргызстандык делегация бир канча жылдан берки салкын мамиледен кийин Анжиянга барып келген эле. Расмий Ташкенттин соңку дипломатиялык кадамдарына кандай баа берүүгө болот? “Азаттык” бул жана башка суроолор менен Борбор Азия боюнча эксперт, Eurasianet.org басылмасынын баяндамачысы Жоанна Лиллисти кепке тарты.

Жоанна Лиллис: Ислам Каримов дүйнөдөн кайткандан кийин алакалар бир аз жакшырганы байкалды. Ташкент Кыргызстан же башка мамлекеттер менен мамилени чыңдоого ниет кылып жатканына күбө болдук. Өзбекстандын Кыргызстан, Тажикстан баштаган коңшуларына карата мамилеси карама-каршылыктуу болчу. Бул өлкөлөр менен мамиле бир канча жыл бою начар абалда эле. Эми талаштуу маселелерди чечүү багытында ташталган кадамдар Ташкенттеги жаңы режимдин башкаруусу алдында жылыш болуп жатканынан кабар берет.

Балким алар чынында эле коңшулар менен чатакташуу Өзбекстандын кызыкчылыгында эмес экенин түшүнүшкөн чыгаар. Андыктан мамиленин жакшырышы Ташкенттин өзүнө эле пайда алып келет.

“Азаттык”: Өзбекстандагы президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев тышкы саясатта коңшулар менен мамилени жакшыртууга артыкчылык берерин өткөн айда билдиргени бар. Жакынкы өлкөлөр менен алаканы жакшыртуу ниетине кандай жагдайлар түрткү берди?

Жоанна Лиллис: Бул суроого жоромолдоп жооп берүүгө болот. Балким Ташкент коңшулар менен кайым айтышкыча, жакшы мамиледе болуу артыгыраак деп ойлоп жаткандыр. Биз Үңкүр-Тоо маселеси боюнча Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чатакка күбө болдук. Анда Өзбекстан тоого аскердик тик учак кондуруп, дипломатиялык жана аскердик туңгуюк пайда болгон. Мындай маселелерди жөнгө салуу көптөгөн ресурс жана энергияны талап кылат. Балким Ташкенттеги жаңы лидерлердин бири бул ресурстардын башка жакка жумшалганы жакшы болот деп чечкендир. Балким алар чынында эле коңшулар менен чатакташуу Өзбекстандын кызыкчылыгында эмес экенин түшүнүшкөн чыгаар. Андыктан мамиленин жакшырышы Ташкенттин өзүнө эле пайда алып келет.

Президенттин милдетин аткарып жаткан Шавкат Мирзиёев 4-декабрдагы президенттик шайлоону жеңет деп күтүлүүдө.

Президенттин милдетин аткарып жаткан Шавкат Мирзиёев 4-декабрдагы президенттик шайлоону жеңет деп күтүлүүдө.

“Азаттык”: Бирок азыр президенттин милдетин аткарып жаткан Шавкат Мирзиёев президенттик жарышка катышууда. Жаңы бийликтин соңку саясаты алдыдагы шайлоого канчалык байланыштуу болушу мүмкүн?

Жоанна Лиллис: Өзбекстандагы шайлоо мамлекеттин көзөмөлүндө экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Демократиялык шайлоо болот деп айтуу кыйын. Эл аны президент кылып шайлайт деп күтүлүп жатат. Андыктан ал тышкы саясатты жакшыртам деген үгүттү жүргүзүп жатат деп ойлобойм. Ага андай үгүттүн кажети жок. Үгүтсүз эле шайлоону жеңип чыкканы жатат. Мындан улам соңку аракеттерди шайлоого эмес, лидерлер алмашканына байланыштуу деп ойлойм. Бир жоромол айтууга болот. Коңшулар арасындагы көйгөйлөргө мурдагы президент Ислам Каримов менен башка лидерлердин ортосундагы жеке пикир келишпестиктер себеп болгон деп жоромолдосо болот.

Биз билгендей, маркум Ислам Каримов репрессиялык ички саясатты жүргүзчү. Азыр президенттин милдетин аткарып жаткан Шавкат Мирзиёев да шайлоо өнөктүгүндө өлкөнүн саясаты мурдагы калыпта уланаарын билдирген.

“Азаттык”: Бирок Өзбекстан менен Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдүн ортосунда дале чоң маселелер кала берүүдө. Буга Тажикстан менен Кыргызстан курууну көздөп жаткан ГЭСтерди мисал келтирсек болот. Ташкенттеги жаңы жетекчилер менен бул багытта мунаса табуу мүмкүнбү?

Жоанна Лиллис: Бул көйгөйлөр көптөн бери келатат. ГЭСтер жана дарыяларды колдонуу сыяктуу талаштуу маселелерге чечим табуу өтө кыйын. Кызматташууга ыктаган жаңы лидер бийликке келсе эле, бул татаал маселелер чечиле койбойт. Ошентсе да коңшулар менен жакындашалы деген саясий эрктин өзү да кайсы бир деңгээлде жакшы жышаан. Маселелер чечиле койбосо да, кадамдардын ташталып жатканы туура нукта бараткандан кабар берет.

“Азаттык”: Ошентип Өзбекстанды дээрлик 27 жыл башкарган Ислам Каримов дүйнөдөн кайткандан бери бир ай өттү. Өзбекстандын тышкы саясатында өзгөрүүлөр байкалып жаткан экен. Бирок өлкөнүн ичинде эмне өзгөрдү?

Жоанна Лиллис: Өзбекстанда көз карандысыз байкоочулар жетишсиз болгондуктан бул суроого так жооп берүү кыйын. Азырынча биз Өзбекстандын ичинде чоң өзгөрүүлөрдү көргөн жокпуз. Биз билгендей, маркум Ислам Каримов репрессиялык ички саясатты жүргүзчү. Азыр президенттин милдетин аткарып жаткан Шавкат Мирзиёев да шайлоо өнөктүгүндө өлкөнүн саясаты мурдагы калыпта уланаарын билдирген. Андыктан бир нерсе өзгөрдү деп айта албайбыз. Бирок аны убакыт көрсөтөт.

XS
SM
MD
LG