Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

Британия ЕБдан бөлүнүүнү колдоду


Британиянын Евробиримдиктен чыгышын жактагандар референдумдун жыйынтыгын кубатташууда. Лондон, 24-июнь, 2016-жыл.
Британиянын Евробиримдиктен чыгышын жактагандар референдумдун жыйынтыгын кубатташууда. Лондон, 24-июнь, 2016-жыл.

Британиядагы кечээги референдумдун жыйынтыгы Евробиримдиктен чыгууну ага катышкандардын 52%, биримдикте калууну 48% гана жактаганын көргөздү.

Ортодогу ажырым 1 миллион 270 миңдей добушту түздү.

Референдумдун мындай жыйынтыгынан кийин премьер-министр Девид Кэмерон үч айдан кийин кызматтан чегинерин жарыялады. Евробиримдикте калуу үчүн өнөктүк жүргүзгөн Кэмерондун айтымында, эми андан чыгуу боюнча сүйлөшүүлөрдү башка премьер-министр өткөрүшү керек.

“Британ калкы Евробиримдиктен чыгуу үчүн добуш берди, элдин эрки урматталышы керек”,- деп белгиледи Кэмерон.

- Британиялыктар башка багытта кетүү тууралуу так чечим кабыл алышты. Менимче, бул багытта өлкөгө жаңы жетекчи керек. Мен премьер-министр катары жакынкы жумаларда-айларда биз түшкөн кемени солкулдатпай башкарууга бардык аракетимди көрөм. Азыр өлкөдө стабилдүүлүктү сакташыбыз керек. Андан соң жаңы жетекчи келиши зарыл.

Девид Кэмерон
Девид Кэмерон

Улуу Британиянын курамындагы Шотландия менен Түндүк Ирландияда референдумга катышкандардын басымдуу бөлүгү биримдикте калуу үчүн добуш беришти.

Ушундан уламбы Шотландиянын мурдагы биринчи министри Алекс Салмонд аларда эми көз карандысыздык боюнча кайрадан референдум өтүшү мүмкүндүгүн билдирди.

Британиядагы ЕБдан кол үзөлү дегендер өлкө Евробиримдиктин эркинен тыш экономика, миграциялык саясат жүргүзүшү керек деген турумду, ал эми биримдикти жактагандар өлкө экономикасы артка кетет, таасири азаят, көп жылдык катнаштары үзүлөт деген жүйөнү карманышууда.

Ал эми оңчул багыттагы UKIP партиясынын лидери, Евробиримдиктен чыгуунун кызуу жактоочусу Найджел Фарадж референдумдун жыйынтыгын Улуу Британияга "көз карандысыздыктын" кайтышы катары баалап, бул күнү улуттук майрамга айлантуу зарылдыгына токтолду.

- Евробиримдик жеңилди. Евробиримдиктин күнү бүтүп баратат. Дубалды бузган алгачкы кирпичти биз алдык. Бул эгемен элдердин Европасын көздөй алгачкы кадам деп үмүттөнөм.

Найджел ошондой эле премьер-министр Кэмеронду кызматтан кетүүгө үндөдү.

Лондондун тургуну референдумдан кийин көчөгө ЕБнын желегин көтөрүп чыкты
Лондондун тургуну референдумдан кийин көчөгө ЕБнын желегин көтөрүп чыкты

Европа кеңешинин президенти Дональд Тусктун айтымында, алар эми калган 27 мүчөнүн биримдигин сактоону көздөйт. Келерки аптадагы саммит Британиясыз өткөрүлүп, анда биримдиктин келечеги талкууланмакчы.

- Акыркы эки күн ичинде биримдиктеги бардык лидерлер – премьер-министрлер, президенттер жана Евробиримдик институттарынын жетекчилери менен биримдиктин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сүйлөштүм. Бүгүн 27 лидердин атынан биз биримдикти сактоодо толук чечкиндүүбүз деп айта алам.

Германиянын билдиргенине караганда, кезинде Евробиримдикти негиздеген алты өлкөнүн тышкы иштер министрлери британ референдумунун жыйынтыгын эртең талкуулмакчы.

Алар Германия, Франция, Нидерланд, Италия, Бельгия жана Люксембург.

Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер британ референдумунун жыйынтыгын комментарийлеп жатып, бүгүн "Евробиримдик жана Британия үчүн кайгылуу күн" экенин белгиледи.

Ак үйдүн билдиргенине караганда, президент Барак Обама премьер-министр Девид Кэмерон менен бүгүн телефондон сүйлөшмөкчү.

Обама Европадагы акыркы сапары учурунда британиялыктарды биримдикте калууга чакырган.

Референдумдун жыйынтыгы билинген соң британ фунтунун курсу акыркы 31 жылдагы эң төмөнкү чекке түштү. Лондон биржасынын индекстери бүгүн эртең менен соодада 8% төмөндөдү. Азиянын негизги биржалык индекстери да 8%га ылдыйлады.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG