Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:13

Британия өз тагдырын аныктоодо


ЕБнын желеги менен Британиянын паспорту. Иллюстрация
ЕБнын желеги менен Британиянын паспорту. Иллюстрация

23-июнда Британияда референдум өтүп жатат. Анда жарандар өлкө Европа Биримдигинде калганы оңбу же чыгып кетиши керекпи деген суроого жооп берүүдө.

Британиядагы референдум Лондон эле эмес, жалпы Европа Биримдигинин келечегине таасир эте турганы айтылууда.

Бейшемби күнү Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө, Лондон убактысы боюнча эртең мененки саат 9:00дө Британияда добуш берүү башталды. Референдумга катышууга укугу бар 46,5 млн жаран Британия Европа Биримдигинде калышы керекпи же өз алдынча кеткени оңбу деген суроого жооп бериши керек. Добуш берүүчү жайлар Лондон убактысы боюнча кечки 10до жабылат. Жыйынтыктар 24-июнда эртең менен чыгат.

Референдумдун алдында Британияда теледебаттар, талкуулар өттү. Өкмөт башчы Девид Кэмерон өлкө Европа Биримдигинде калышын кызуу жактаса, анын консерватор партиялашы, Лондондун мурунку мэри Борис Жонсон "биримдиктен чыгуу керек" дегендердин башында турду.

Ошондуктан референдумдун жыйынтыгы менен Девид Кэмерон башында турган өкмөттүн тагдыры да чечилет деген пикирлер айтылууда. Анткени, көпчүлүк британдыктар "чыгышы керек" деп добуш берсе, анда Кэмерондун өкмөтү калктан колдоо таппаганы үчүн кызматтан кетүүгө аргасыз болот. Бирок Кэмерон өзү эмнеси болсо да премьер-министрликтен кетпей турганын билдирген.

Референдумдун жыйынтыгы кандай болорун айтуу кыйын болуп турат. Анткени сурамжылоолор көрсөткөндөй, британдардын жарымы биримдикте калууну, калган бөлүгү чыгууну жактайт. Ортодогу айырма өтө эле аз.

Референдум алдындагы талаш-тартыштар абдан кызуу жана катуу болгону Лейбористтик партиядан Британия парламентинин мүчөсү, 41 жаштагы Жо Кокстун атып өлтүрүлүшүнөн да байкалат. Аны аткан 52 жаштагы Томми Мэйр Британия Европа Биримдигинде калса, эгемендүүлүгүн жоготот дегендерден болуп чыкты.

"Британия Европа Биримдигинде калбашы керек" дегендердин бейрасмий лидери Борис Жонсон "Европа Биримдигин реформалай турган мезгил келди. Аны азыркы кейпинде сактоону көздөгөндөр Гитлер сымал Европа бир жерден башкарылышы керек дешет" деп айыптады. Ошондой эле чыгууну жактагандар Европа Биримдиги Британиянын эгемендүүлүгүнө шек келтирүүдө деп жатышат.

Британиянын Европа Биримдигинде калуусун жактаган өкмөт башчы Девид Кэмерон да тарыхка кайрылып, Уинстон Черчилль биримдикти жактаганын эске салды:

- Уинстон Черчилль европалык демократиядан баш тарткан эмес. Ал европалык укук жана эркиндиктен кеткен эмес, биз дагы бүгүн кетпешибиз керек.

Кэмерон ошондой эле 1940-жылы Уинстион Черчилль Гитлерге каршы күрөшүү чечимин кабыл алганда поляктар, француздар менен биргеликте европалык эркиндик жана демократия үчүн күрөшкөн деп белгиледи.

Европа Биримдигинин жогорку даражалуу чиновниктери да британ жарандарын эскертип, февраль айындагы сүйлөшүүлөрдө Британия талап кылган нерселер мүмкүн болушунча биримдик тараптан берилгенин билдирүүдө. Европа Биримдигинин төрагасы Жан-Клод Юнкер:

- Британиянын саясий ишмерлери жана шайлоочулары кайрадан келишим түзүү жөнүндө сүйлөшүү болбосун билиши керек. Биз премьер-министр Девид Кэмерон менен келишим түзгөнбүз. Ал ала турганын алды, биз бере турганыбызды болушунча бердик. Ошондуктан жаңы сүйлөшүүлөр болбойт, - деди.

Британдыктарды Европа Биримдигинен чыкпоого АКШ президенти Барак Обама да үндөгөн. Бирок англичандарды Европа Биримдигинин бюрократиясы, иммиграция жана экономикалык маселелер тынчсыздандырууда. Бул маселелер Европа Биримдигиндеги башка мамлекеттерди да ойго салгандыктан, Британиядан кийин башка өлкөлөрдө да референдум болушу ыктымал экени, ошондуктан Европа Биримдигинин азыркы абалындагы келечегине коркунуч келип жатканы айтылууда.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG