Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:25

КМШ: Саясий азилдерден


КМШ өлкөлөрүнүн атуулдары чыгарган саясий азилдердин кезектеги шиңгили.



* * * * * * * *

Армян үналгысына кезектеги суроо узатылды:
- Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы Биримдигин эмнеге салыштырууга болот?
- Үч баштуу ажыдаарга. Башы үч болгону менен тулкусу Орусияныкы эле.



* * * * * * * *

Кудринди эмне үчүн иштен алышты? Анткени ал Медведевдин өкмөтүндө иштебейт, аның болсо Путин тарабынан премьердикке дайындалат, беркини болсо 2012-жылы эл президентикке шайлаган жатат. Орусияда эртеңки күнү окуялар ушундай өтөөрүнө ишенич буга чейин эч болуп көрбөгөндөй бекемделди.


* * * * * * * *

Геннадий Зюганов менен Владимир Жириновский сыналгыда айтышып жатат дейт.
«Мүчөлөрү жакыр коммунисттер болсо, Орусия Компартиясы мынчалык көп акчаны каяктан чогултту?» деген Жириновскийдин суроосуна жооп берем деп жатып, Зюганов талаалап кетти.
Жириновский аны кескин токтотту:
«Мунун баары былжыраган сөз. Көп акчаны түз жол менен табуунун жападан-жалгыз ыкмасы бар».
«И-и, аның кайсы ыкма болду экен», - деп Зюганов кызыкты.
«Көрдүңбү, бул жолду эч билбестигиңе мен мурда эле ишенип тургам», - дептир Жириновский.

* * * * * * * *

Эки саясий технолог депутаттыкка талапкердин чо-оң үйүнө кирмекчи болот.
Корооонун дарбазасында «Абайлагыла, короодо ажаан ит бар!» деп жазылып туруптур.
«Опе-ей, өзүн минтип айдан-ачык сыпаттаганы эмнеси?» - дептир бир саясий технолог кесиптешине.


* * * * * * * *

Украин бизнеси дегениң – бул жол курулушуна жумшалчу акча каражатынан кымтып калып, ой-да бир жакшынакай машина сатып алуу жана ал машинаны каралбай калган жол менен зуулдатып айдап баратып талкалап алуу.


* * * * * * * *

- Беларуста турмуш деңгээли кандай болду экен?
- Биз буга чейинки бардык деңгээлдерди басып өтүп, оюнду кайра башынан баштап жатабыз.

* * * * * * * *

Байыркы Киевдик Рустун чокунган күнү майрамында Янукович бардык украиндерге кайрылып, адеп-ахлак, руханий сере, ыйман жөнүндө эл эсине салды жана ушул жаркын маанайды жоготпостон, өзүнүн президенттик шайлоодо берген убадаларын көңүлдөн чыгарууга чакырды.

* * * * * * * *

Кечээ «Бирдиктүү Орусия» партиясы чындап көмөк кылган бир карапайым киши табылды.
Бул киши, көрсө, алиги партиянын бышык заттан жасалган рекламалык тактасын үймө чөптү жаандан калкалоо үчүн калканч кылып алыптыр.

* * * * * * * *

Кабарчы бир мыкчегер депутатка келиптир.
- Урматтуу депутат мырза, гезитибиз үчүн маек курсаңыз?
- Менин ар убакытым акчага турат.
- Муну айтаарыңызды билгем. Редакциябыз буга атайын 1000$ бөлгөн. Эми келишип алалы. Сизге 800$ берем, 200ү менде калат. Бирок мага кагазга «1000$ алдым» деп кол коюп бериңиз.
- Мында маселе жок. Ошентем. Кана, сурооңдун жөнү эмнеде?
- Коррупция жана жең ичинен акча бөлүшүү тууралуу.

* * * * * * * *

Ар кыл интернет барактардан алынды.
XS
SM
MD
LG