Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Жети атаңды билесиңби? Билбегендечи!..


Адатта кыргыздар бири-бири менен таанышканда ата-жотосунан бери сураштырып каадаланып калышат. Жети муун бабасын билбегендерди "кул" деп келекелегендери да чыкпай койбойт. Пост-советтик айрым замандаштар башын кашып тим болсо, айрымдарынын тим эле тапкычтыгын айт!

* * * * * * *

Жети атасын билбеген бирөө "уят болуп калбайын" деп кыжаалаттаныптыр да, өзүн угуп жаткандарга чоң атасынан мурдагы бабалары тууралуу минтип кошумчалаптыр:
атам - Колхозбек,
анан Саветбек,
анан Кеңешбек,
анан Марклен,
анан Феликс,
анан Фрунзебек,
анан Басмачыбек,
анан Курманжан Датка...
акыры барып бабаларым 711-жылдын башында өлгөн Барсбекке барып такалат!

* * * * * * *

Дагы бир замандашыбыздан "жети атаңды айта аласыңбы?" деп сурашса, дароо эле "айта алам" дептир.
Кана, санап берчи, дешсе, атасынын бир туугандарын, таяке-жээндерин, досторун санап келип, этегинде жетинчи атасы кылып "Тариэль" деп коёт имиш.


(P.S. Тариэль - Шота Руставелинин "Жолборс терисин жамынган баатыр" дастанындагы кейипкер. Бул ат Ала-Тоодогу кыргыздарга Шотанын дастанынын Алыкул Осмонов жарыялаган кыргызча котормосу таркаган 1940-жылдардан тартып ысым катары бериле баштаган).

* * * * * * *
XS
SM
MD
LG