Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:17

Вологда облусу Путиндин аскерине үмүт артат


 “Премьер” гезитинин баш редактору Роман Романенко.
“Премьер” гезитинин баш редактору Роман Романенко.

Орусиялык журналист жана публицист, “Премьер” гезитинин баш редактору Роман Романенко президент В.Путинге өз облусунун тургундарынын атынан санааркоо, үмүт жана сатира учкуну ширелген катты интернет аркылуу жолдоптур.


* * * * * * *

Орусиянын президенти Владимир Путинге өлкөнүн Вологда облусунун тургуну, журналист жазган кат:

«Урматтуу Владимир Владимирович.

Биз орус тилдүү калктын укуктарын коргоо үчүн Крымга аскер киргизгиңиз келип жатканы тууралуу үйрөндүк.

Буга байланыштуу Сизге чоң өтүнүчүбүз бар: Вологда облусуна да аскер киргизсеңиз жакшы болоор эле. Мында каякты карабаңыз – бүтүндөй орус тилдүү калк жашайбыз жана биздин укуктарыбыз өлө бузулуп жатат.

Биздин кесел кишилерибиз тийешелүү дары-дармек ала албай, жакшылап дарылана албай жатат. Билим берүү деңгээлибиз жыл өткөн сайын улам төмөн түшүүдө. Балдар үчүн ийримдер четинен жабылып, айыл чарбасы болсо иш жүзүндө “оомийин” болду. Бардыгыбыз жабыркап жатабыз.

Биз Сизге абдан ыраазы болоор элек жана боштондукка чыгаруучуларга каршы эч кандай партизандык күрөш жүргүзүлбөйт деп кепилдик беребиз. Эл аралык санкцияларга деле кабылбасыңызды бөркүңүздөй көрө берсеңиз болот.

Бизге жеткен кабарга караганда, Крымдагы турмушту калыбына келтирүү үчүн абдан көп акча жумшаган жаткан экенсиз. Бизге саат уятыраак болсо да сурап калалык: ошол акчаны Вологда облусундагы тиричиликти калыбына келтирүү үчүн коротсок болоор эле. Болбосо облусубуз карызга белден өйдө батып калды, эч нерсега акча жетишпейт. Саат басып, бизге көпүрөлөр, жолдор, спорттук курулуштар, өнөр жай объекттери курулушу керек болуп, жаңы иш орундарын түзүү керек болуп жатканын карасаңыз!..

Сизге урматтообуз менен жана боштондукка чыгуу үмүтүн аркалоо менен,
Вологда облусунун орус тилдүү калайыгы”, -

деп журналист жана публицист, “Премьер” гезитинин баш редактору Роман Романенко бул Путинге арналган азил жана үмүт ширелген катты өз облусунун тургундарынын атынан интернетте жарыялаптыр.

Интернеттеги булак: URL: http://www.gorodche.ru/news/society/29916/

TT.
XS
SM
MD
LG