Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:16

Борбор Азия өкмөттөрү жана укук коргоо органдары Ооганстандан ташылган маңзат аткезчилигине өздөрү кол кабыш кылат. Бул тууралуу “Ооганстан аналитиктер түйүнү” деп аталган көз карандысыз уюмдун изилдөөсүндө айтылат.

Алардын тышкары изилдөөдө маңзат аткезчилигин кылмыштуу уюшма топтор да көзөмөлдөй турганы белгиленген.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү эксперттер да маңзат соодасы жогорку кызматтагы адамдар, укук коргоо органдары тарабынан колдоо таап, көзөмөлдөнө турганын моюнга алышууда.

“Ооганстан аналитиктер түйүнү” деп аталган көз карандысыз уюмдун изилдөөсүндө Борбор Азия мамлекеттеринин өкмөттөрү жана укук коргоо органдары маңзат соодасына өздөрү кол кабыш кылары көрсөтүлгөн. Тагыраак айтканда, бул өлкөлөрдө маңзаттын бир бөлүгүн мамлекеттик органдар кепилдикке алган адамдар, же аткаминерлер өздөрү ташыйт. Аталган изилдөөнүн авторлору: эксперттер Криштиан Блуер жана Саид Реза Каземи ошол эле кезде укук коргоо органдары маң аткезчилигиндеги өздөрүнүн майда-барат атаандаштарын жок кылып турарын белгилешкен. Коопсуздук боюнча эксперт, чекист Талант Раззаков изилдөөдө айтылгандарга кошулат.

- Майда-чүйдө чабактар колго түшүп жатат. Бирок чоң каналдар ачылбаган бойдон калууда. Маңзат Ооганстандан Тажикстанга, андан бул жакка келет. Азыр негизги коридор Кыргызстан болуп жатат. Өзбекстан болсо чек арасын жаап алган. Бул жерден келе жаткан маңзатты тосуп алып, анан кайра узатып коюшат. Эч кимге тийгизбей, коргоп, сылык-сыпаа чек арадан өткөрүп коюп жатышат. Ушундай деңгээлге жетип калдык.

“Түндүк маршруттун” түйшүгү

Изилдөөдө маңзат соодасы Борбор Азия мамлекеттерин Ооганстан менен туташтырган жападан-жалгыз экономикалык байланыш жана ал мындан ары да сакталат деп сыпатталат. Ошондой эле колго түшүрүлгөн маңзат толугу менен жок кылынбайт, ал кайра эле укук коргоо органдары тарабынан сатылары айтылган. Мурдагы вице-премьер-министр Токон Мамытовдун айтымында, маңзат ташууну максат кылган топ адегенде аны алып өтүүнүн жолун ойлонот. Кыргызстан Ооганстандан ири маңзат ташылган түндүк маршрутта жайгашкан.

- Ооганстандын маңзатын ташыган дагы бир канал - бул түндүк маршруту. Бул Борбор Азия аркылуу Орусияга, андан ары Европага чыгып кетет. Ушул үч маршрутта тең жардам берген бажы кызматкери, чек арачы, укук коргоо органдарынын кызматкерлери болот. Андайлар болбосо, албетте ташыган киши кармалып калат. Бирок милиция, чек ара жана бажы кызматкерлеринин баары тең эле маңзат менен алектенет деп мен айта албайм. Бирок арасында бир-эки желмогуз бар.

Имиштер көп, факты жок

Кыргызстанда өткөн жылы 10 укук коргоо кызматкерине маңзат соодасы боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган. Бирок Кыргызстанда маңзат соодасы менен алектенип кармалды деген бир да жогорку кызматтагы чиновник болгон эмес. Коопсуздук маселелери боюнча вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев изилдөөдө айтылган маалыматтар боюнча буларды билдирди:

- Бул сыяктуу аналитикалык материалдар дайыма чыгып жүрөт. Тилекке каршы, укук коргоо органынын чоң даражадагы адамы же чиновник колго түшүп кармала элек. Жогорку деңгээлдеги чиновниктер, жогорку деңгээлдеги укук коргоо органдарынын кызматкерлери маңзаттарды ташыйт экен сөздөр чындыгында бар. Алардын шектүү адамдар менен учурашканын, же алар менен жакшы мамиледе жүргөнүн көрүп мен да таң калган жайым бар. Бирок так далилдер, фактылар жок.

Маңзатка каршы күрөш кызматынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда өткөн жылы маңзат соодасына каршы 2 миңге жакын иш козголгон жана 22 тонна маңзаты колго түшүрүлгөн. Ал эми “Ооганстан аналитиктер түйүнү” деп аталган көз карандысыз уюм аталган изилдөөсүндө Тажикстандагы маңзат соодасына өзгөчө көңүл бурушкан. Анда “эгер маңзат соодасы токтоп калса, Тажикстан жөндөмсүз мамлекетке айланышы мүмкүн” деген да маалыматтар келтирилет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG