Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:28

Кыргызстандык аялды өлтүргөн тажик жараны соттолду


Тажикстандын туругун Кыргызстандын 63 жаштагы жараны Сарахан Нурматованы тоноого жана өмүрүнө кол салууга күнөөлүү деп табылды.
Тажикстандын туругун Кыргызстандын 63 жаштагы жараны Сарахан Нурматованы тоноого жана өмүрүнө кол салууга күнөөлүү деп табылды.

Тажикстандын Исфара шаарынын тургуну кыргызстандык аялды өлтүргөнү үчүн жыйырма эки жылга соттолду.

Тажикстандын Согди облустук соту Мансурхан Бабаев аттуу тажик жаранын Кыргызстандын Баткен облусунун тургуну Сарахан Нурматованы өлтүрүүгө айыптуу деп тапты. Буга чейин маркумдун туугандары анын өлүмүнө шектүү адамды таап жазалоо өтүнүчү менен Тажикстандын президентине да кайрылган болчу.

Тажикстандын Исфара шаарынын тургуну, 37 жаштагы Мансурхан Бабаев Кыргызстандын 63 жаштагы жараны Сарахан Нурматованы тоноого жана өмүрүнө кол салууга күнөөлүү деп табылды. Бул иш боюнча Бабаевге карата Согди облустук сотунун көчмө жыйыны 5-ноябрда өкүм чыгарды. Ал 22 жылга эркинен ажыратылып, күчөтүлгөн тартипте жаза мөөнөтүн өтөөгө жөнөтүлдү.

Окуя быйыл июнь айында Бабажан Гафуров районунда катталган. Тергөө материалдары боюнча Баткендин тургуну Сарахан Нурматова Тажикстандын аймагына кийим тигүүчү машинесин оңдотуу үчүн барган. Соттолуучунун айтымында, ал “Атуш” базарында жабырлануучуга жолугуп калып, аны Кыргызстандын чек арасына чейин жеткирип барууну сунуштаган. Согди облусунун соттук коллегиясынын төрайымы Фируза Ахмадзода “Азаттыктын” тажик кызматына аталган окуянын себептери туурасында мына буларга токтолду:

- Адам өлтүрүүнүн себебин соттолуучу ошол учурда катуу ачууланып кеткени менен түшүндүрдү. Анткени анын айтымында, ал аял аны кыргызча мазактаган экен. Ошондуктан ал алгач аялды бут менен тээп, анан моюнунан кармап туруп, муунтканын моюнуна алды. Анда соң ал аялдын денесин көмүр чыккан аймактагы чуңкурга ыргытып жиберген. Ыргытардан мурун каза болгон аялдын алтын-зер буюмдарын жана кол телефонун тартып алган.

Бул окуядан бир айдан соң Тажикстандын Согди облусунун укук коргоо органдары маркумдун тартылып алынган кол телефону аркылуу кылмыштын бетин ачып, айыпкер Бабаев кармалган. Өлтүрүлгөн кыргызстандык аялдын уулу Мухтарбек Мадазимовдун "Азаттыктын" тажик кызматына айтканына караганда, апасынын сөөгү 18-августта табылган.

Мадазимов ага чейин апасын табууга көмөктөшүүнү жана анын жоголушуна шектүүлөргө чара көрүүгө тапшырма берүүнү сурап, Тажикстандын президентине да кайрылган. Мансурхан Бабаев соттолгонго чейин алды-сатты менен алектенип, туруктуу эч жерде иштеген эмес. Сот органдарынын маалыматы боюнча, ал мурун 2006-жылы маңзат соодасына айыпталып, тогуз жылга эркинен ажыратылган. Беш жылдан соң Бабаев жатак абакка которулуп, андан ары Орусияга качкан. Ал Орусиядан кармалып, эки жарым жылдык жаза мөөнөтүн өтөп бүткөн соң абактан чыккан. Үчүнчү ирет үйлөнгөн Бабаев балалуу болгондон 23 күндөн кийин кыргызстандык жаранды өлтүрүүгө барган.

XS
SM
MD
LG