Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

Назарбаев кызын Сенатка жөнөттү


Казак президенти Нурсултан Назарбаев кызы Дарига Назарбаева менен.
Казак президенти Нурсултан Назарбаев кызы Дарига Назарбаева менен.

Тиешелүү жарлык 13-сентябрда чыкты. Ушул эле күнү казак өкмөтүнүн жаңыланган курамы жарыяланды.

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев кызы Дарига Назарбаеваны парламенттин жогорку палатасы - Сенатка депутаттыкка дайындады.

Дарига Назарбаева 2015-жылдын сентябрынан бери вице-премьер-министрлик кызматта отурган. Ага чейин парламенттин төмөнкү палатасы -Мажлистин төрагасынын орун басары болгон.

9-сентябрда премьер-министр Карим Масимов кызматынан бошотулуп, Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчилигине бекитилген. Өкмөт башчылыкка Бакытжан Сагинтаев келген.

Ал эми Имангали Тасмагаметов Казакстандын коргоо министри кызматынан бошотулуп, премьер-министрдин орун басары болуп дайындалды.

Бакытжан Сагинтаевдин кабинети түзүлгөнү менен ал дээрлик жаңыртылган жок. Вице-премьер болгон Имангали Тасмагаметов менен министрлер кабинетин таштап кеткен Берик Имашевден башкасы портфелин сактап калды.

Имангали Тасмагаметов
Имангали Тасмагаметов

60 жаштагы Тасмагаметов Казакстандын Коргоо министрлигин 2014-жылдын октябрь айынан бери жетектеп жаткан. Бир кезде Астана менен Алматынын акими, президенттик администрациянын жетекчиси болгон. 2002-жылы премьер-министрликке дайындалып, эки жыл иштеген.

Тасмагаметовдон кийин бошогон орунду анын орун басары Казакстандын куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси, генерал-полковник Сакен Жасузаков ээледи.

Юстиция министрлигинин башына президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары болгон Марат Бекетаев келди. Бул министрликти 2012-жылдан бери жетектеген Берик Имашевге Борбордук шайлоо комиссиясынын тизгини тийди.

Жаңы эле пайда болгон Мамлекеттик кызмат боюнча министрликте да өзгөрүүлөр болду. Бул ведомство Мамлекеттик иштер жана коррупцияга каршы агенттик болуп кайра түзүлүп, президентке түздөн түз баш иет.

Коррупцияга каршы улуттук бюро агенттик курамында калды. Аны мурда жетектеген Кайрат Кожомжаров агенттик башчысы болуп дайындалды.

Мамлекеттик кызмат министрлигин мурда жетектеген Талгат Донаков президенттин администрациясынын жетекчисинин орун басары болуп иштей баштайт. Донаков бул креслону 2008-жылдан 2015-жылга чейин ээлеп турган.

Карим Масимов
Карим Масимов

Өкмөттүн 9-сентябрда өткөн кеңири жыйынында президент Назарбаев премьер-министр Карим Масимовдун отставкасынан кийин өкмөттө чоң өзгөрүүлөр болбосун вйткан эле. Белгилүү болгондой Масимов Улуттук коопсуздук кызматынын башына барган.

Назарбаевдин айтымында, «кадрдык алмашуунун» өз логикасы бар. «Бул коопсуздукту күчөтүү үчүн зарыл» деген президент Назарбаев. Ал Карим Масимовдун «жоопкерчиликтүү кызматка кыйын кырдаалда» барганын да кошумчалаган.

Казакстанда курал саткан дүкөн менен аскердик бөлүккө кол салуудан кийин терроризм коркунучунун «сары» чеги күчүнө кирип, 18-июлда полиция жана Коопсуздук кызматынын имаратына кол салуудан кийин дагы узартылган. Бийликтер бул кол салуунун баарын теракт деп атаган.

Казакстандын жаңы дайындалган премьер-министри Бакытжан Сагинтаев буга чейин биринчи вице-премьер-министр кызматын аркалаган. Ушул жылдын июнь айында анын өкмөт жыйыны учурунда "сугат сууну Кыргызстандан эмес, Тажикстандан алалы" деп айткан видеосу интернетке тарап кеткен.

Казакстан кыргыз суусунан баш тартабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:25 0:00

XS
SM
MD
LG