Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:05

Тажик парламенти Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы элдик референдумду 22-майга белгиледи. Бул өзгөртүүлөр Эмомали Рахмонго кийинки президенттик шайлоого чектөөсүз катышууга жол ачат.

Тажик парламентинин төмөнкү палатасы бүгүн өлкө Баш мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча элдик референдум өтчү күндү аныктады. Төмөнкү палатанын төрагасы Шукуржон Зухуров бүгүнкү жыйында депутаттарга мындай сунуш менен кайрылды:

- Тажикстандын Конституциясына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдумду 22-майда өткөрүүнү сунуштайм. Анткени бул абдан жакшы учур, жаз мезгили. Бул учур элге да ыңгайлуу деп эсептейм. Өлкө ичиндеги жана сыртындагы жарандарыбыздын дээрлик баары добуш берүүгө катышуусуна жакшы мүмкүнчүлүк болот.

Бул сунушту депутаттар дароо эле колдоп, референдум ошентип ушул жылдын 22-майына белгиленди.

Төрага Шукуржон Зухуров добуш берүү бюллетенине “Конституцияга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүнү колдойсузбу?” – деген бир гана суроо коюларын билдирди.

Мунун алдында өлкө Конституциялык соту Баш мыйзамга киргизиле турган түзөтүүлөр мыйзамдуу деген бүтүм чыгарып берген эле.

Тажик парламентинин эки палатасынын өкүлдөрүнөн куралган топ даярдаган долбоор 41 пункттан турат. Анын арасында Конституциянын 65-беренесине бешинчи болуп кошулуп жаткан бир бөлүмчөдө “Бул берененин төртүнчү бөлүмүндөгү чектөөлөр туруктуулук менен улуттук биримдиктин негиз салуучусу - "Улут көсөмүнө" тиешелүү эмес. "Улут көсөмүнүн" макамы менен ыйгарым укуктарын конституциялык мыйзам аныктайт”, -деп айтылат.

Дагы бир жобо президент Рахмонго “улут көсөмү” деген наамды, ага жана жакындарына өмүрүнүн аягына чейин кол тийбестикти ыйгарат. Дагы бир жаңы кошумча Рахмонго “улут көсөмү” катары эч бир чектөөсүз кийинки мөөнөткө президенттикке талапкер болууга мүмкүнчүлүк берет. Азыркы Конституциянын талабына ылайык, ал 2020-жылкы шайлоого катыша албайт.

Былтыр жыл соңунда тажик парламенти Рахмонго "Улут көсөмү" же "Журт башы" наамын ыйгаруу боюнча мыйзам кабыл алып, ага Рахмон өзү кол койгон. Анда мамлекет башчы менен анын үй-бүлө мүчөлөрүн өмүр бою кол тийбестик менен камсыздоо, алардын коопсуздугун сактоо жана социалдык кепилдик берүү маселелери камтылган.

Референдумга чыкчу долбоордогу дагы бир маанилүү өзгөртүү - президенттикке талапкерлердин жашын 35тен 30га түшүрүү. Байкоочулар бул Рахмондун тун уулу Рустамды 2020-жылга белгиленген кийинки президенттик шайлоого катышуусу үчүн гана жасалып жатканын боолголошууда. Анткени азыр мамлекеттик каржылык көзөмөл агенттигин жетектеген 29 жаштагы Рустам Рахмон ал учурда 33 жашта гана болуп, азыркы талап боюнча президенттикке талапкерлигин кое албайт.

Кыскасы Баш мыйзамга киргизилчү алымча-кошумчалар Эмомали Рахмонго кааласа өзү өмүр бою президент болуп, кааласа уулун президент кылып алып, өзү “улут көсөмү” катары үстүнөн көз салып, бийликти каалагандай калчоосуна даңгыр жол ачат. Айрым серепчилер бул кадамды кандай болсо да тактыны тарттырбоо айласы катары баалап жатышат. Бул өзгөртүүлөр эми жалпы элдик референдум менен бекемделсе бүттү, ага чекит коюлат.

Президент Рахмон соңку жылдары бийлигин чыңдоого катуу киришип, былтыр жыл соңунда “Журт башы – Улут көсөмү” деген эң мартабалуу жана даражалуу наамга жетишти. Өлкөдөгү айрым саясатчылар бул кадамды демократияны мазактоо катары баалашкан. Канткен менен оппозицияга карата басым-кысым жана куугунтуктоолордон улам тажик коомчулугунда азыр бийликтин соңку кадамдарын ачык сындагандар жокко эсе.

64 жашка караган Эмомали Рахмон Тажикстанды бийлеп жатканына чейрек кылымга жакындап калды. Тактап айтсак, совхоз деректирлигинен кийин эле президент болгон Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келатат.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG