Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:13

Айыл-кыштактардан тарта тарыхый жайлардын аттарына чейин “тажиктештирип” жаткан тажик бийлиги эми түркий тилдердеги жер-суу аттарын алмаштырууга өттү. Алар негизинен кыргыз жана өзбек тилдериндеги аталыштар.

Өлкөсүн орус, араб тилдериндеги жана советтик аталыштардан тазалап чыккан президент Эмомали Рахмон эми түркий тилдердеги жер-суу аттарын алмаштыруу тапшырмасын койду. Парламентке тээ байыртадан кыргызча же өзбекче аталып келген он калктуу конушка берилчү жаңы аталыштардын тизмеси жиберилди.

Жерге-Тал "жексен" болобу?

Жаңы аталыштардын баары тажик тили кирген перс тилинде жана патриоттук мүнөздө болууга тийиш. Кыргыз жана өзбек тилиндеги географиялык аталыштар бул талапка шай келбейт экен.

Тажик президентинин маалымат кызматы 1-февралда жарыялаганына караганда, ал тизмеге бир катар айыл-кыштактар менен айрым район-шаарлар жана ири ГЭС жайгашкан суу сактагыч кирген. Алардын кээ бирлерине персче эски аты кайтарылат, андай аты болбогондорго тарыхтагы тажик баатырларынын наамы берилет же тажикче жаңы ат коюлат.

Мургабдагы этникалык кыргыздар

Мургабдагы этникалык кыргыздар

Маселен Кыргызстандын Баткен облусуна жакын Кайраккум деген шаарга Гулистан, ушул эле атты алып жүргөн суу сактагычка Бахри точик (Тажик деңизи) деген ат берилмекчи. Байыртадан эле кыргыздар байырлап келген Жерге-Тал районуна Лахш, Жили-Көл районуна Дусти (Достук) деген аталыштар ыйгарылат.

Жерге-Талда буга чейин эле бир канча айылдардын кыргызча аталыштары тажикчеге алмашкан. Аталган райондон Кыргызстанга көчүп келип, азыр Чүйдүн Сокулугунда жашап жаткан журналист Абдилахат Курбанов өзүнүн Жаңы-Шаар деп аталган айылынын аты бир күндө эле тажикчеге алмашып калганын мындайча эскерет:

- Жерге-Тал жайгашкан жалпы Кара-Тегин өрөөнүндө жер-суу аттары кылымдар бою таптаза кыргызча аталып келген. Негизинен кыргыз эли жашаган Жерге-Тал райондорундагы айылдар тажикче аталып кетти. Ушуга менин жүрөгүм ооруйт. Маселен, мен туулуп-өскөн айыл кыргызча Жаңы-Шаар деп аталчу. Бир күнү эле айыл өкмөт башчы келип "силердин айылыңардын аты өзгөрүп, Шахринав болуп калат" дейт. Ошол жерде отурган кыргыздардын баары башын жерге салып, "лам" деп ооз ачканга жараган эмес. Өзүңөр билесиңер, Тажикстан жарандык согушту баштан кечирген. Эл согуштан коркот, психология бир аз башкачараак.

Абдилахат Курбанов кыргызча аталыштарды өзгөртпөө өтүнүчү менен тажик бийликтерине кат жазып кайрылганын, бирок андан майнап чыкпаганын да эске сала кетти.

Варзоб районунун кире бериши

Варзоб районунун кире бериши

Түбү жергеталдык, азыр Бишкекте жашаган тажик тектүү жазуучу Мирзохалим Каримов да тарыхый аттарды алмаштыруу туура эмес деп эсептейт:

- Жер-суу аттарынын тарыхый аттары бар. Аны өзгөртпөө керек. Бул биринчиден тажик бюджетине оорчулук келтирет. Экинчиден, тарыхый аттар ошол өлкөнү сулуулап турбайбы. Ар кайсы улут жашаса, ал айыл ошол элдин тилинде аталса кандай сонун болот. Жерге-Талда кыргыздар айрым маалыматтар боюнча 5-6-кылымдан бери жашайт. Ошол элге урмат көрсөтүү керек. Маселен, Кыргызстанда ушул маселе сакталып келатат.

Мирзохалим Каримов бул маселеде Кыргызстан кошуна өлкөнүн ички ишине кийлигише албасын, бирок кыргызча аталыштарды сактап калуу боюнча мамлекеттик деңгээлде тажик тарапка кайрылуу жасалса дурус болмоктугун кошумчалады.

Тажикстанда байыртадан негизинен кыргыздар байырлап келген эки район бар. Алар Жерге-Тал жана Мургаб райондору. Мындан сырткары Баткенге чектеш өлкө түндүгүндөгү Согду облусунда да кыргыздар көп жашаган бир канча айыл-кыштактар бар.

Тавил-Дарадагы тарыхтын кара тагын "унуткусу" келгендер

Аты алмашчу райондордун катарында Тавил-Дара району да турат. Бул аймак эми Сангвор деген аталышка өтөт. Тажик медиасынын жазышынча, мындай демилгени райондун эли “өткөн кандуу окуяларды унутуш үчүн” өзү көтөрүптүр. Аймак 1990-жылдардагы жарандык согуш маалында өлкөдөгү исламчыл оппозициянын уюгуна айланып, аларга каршы урушта кан төгүлгөн.

Бирок аймактын атын өзгөртүү сыры башка жакта жаткандай. Анткени аталыштагы алгачкы Тавил сөзү арабча. Буга чейин өлкөдө араб тилиндеги аталыштардан арылуу өнөктүгү да жүргөн эле. Өткөн айда тажик парламенти ымыркайларга арабча ысым ыйгарууга тыюу салып, тажик тилиндеги адам аттарынын тизмесин сунуштаган.

Тажикстанда ат алмаштыруунун алгачкы толкуну совет бийлиги кулагандан кийин эле башталган. Соңку 20 жыл ичинде орус тилиндеги же советтик аталыштардын баары дээрлик өзгөрүп бүткөн. Президент Рахмон эми ошол толкундан аман калган Чкалов шаарын Бустон (Гүлдүү Бак) деп атоону сунуштады. Акыркы жылдарда эле Тажикстанда элүү чакты калктуу конуштун аты өзгөртүлгөн.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG