Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

Тажикстандагы кыргыздарга акыркы жолу илимий экспедиция маркум профессор Жээнбай Муканбаевдин жетектөөсүндө өткөн кылымдын 70-жылдары барган экен. 40 жылдан берки үзүлгөн учукту улап, жакында тилчи Абдылхак Алипбеков Жерге-Талга барып, топонимика же жер-суу аталыштарын изилдеп баштады.

Бишкектеги Гуманитардык университеттин аспиранты Абдылхак Алипбеков жакында Жерге-Талга илимий экспедицияга барып келди. 26 жаштагы жаш илимпоз бир айга чукул жер-суулардын аталышы тууралуу уламыштарды, өлөңдөрдү, фольклорду чогултту. Көптөгөн жылдардан бери Тажикстандагы кыргыздар менен илимий байланыш болбогондугун эске алганда муну чоң жылыш деп атасак болчудай.

Жаңыл Жусупжан: Абдылхак, Жерге-Талга жеңил барып, оор келдиңби?

Абдылхак Алипбеков: Рахмат, жеңил барып, аябай эле салмактуу келдик. Бир топ баалуу эмгектерди чогултканга жетиштик, бир тобуна жетишпей калдык дегендей.

Жаңыл Жусупжан: Абдылхак, сен өзүң Жерге-Талдагы Сарыг-Ой айылында туулган экенсиң, анан өспүрүм кезиңде Ошко келип, ошол жакта чоңоюпсуң. Ушул Сарыг-Ой кандай айыл, биздин угармандарга сүрөттөп берчи?

Абдылхак Алипбеков: Сарыг-Ой тоо менен курчалган айыл. Күзгө маал чөптөрү куурап, сары өңгө боёлот. Сары деген сөздүн түпкү мааниси кыргыз тилинде чоң деген мааниге жакындашып, чоң чуңкур, чоң ойдуң деген сөз менен да чечмеленет.

Жаңыл Жусупжан: Ал жерде азыр жетимиштей түтүн эл бар экен. Сарыг-Ой айылы азыр кандай аталып калыптыр?

Абдылхак Алипбеков: Биринчи аталышы Сарык-Ой болгон, анан Сарыгой, кечээ жакында Kухдоман деп тажикче аташып, бирок жер-суу аталышынын мыйзамы буга жол бербей, кайра Сарыг-Ой боюнча калды.

Жаңыл Жусупжан: Бул айыл тууралуу түркүн уламыштар бар экен, сарсанаа болгондордун айылы, «сар кун» («сар» тажикче баш деген мааниде) же Алдаярдын башына төлөнгөн кун деп тажикче, кыргызча аралаш сөздөн келип чыккан деп айтышат экен. Өзүң кичине убакта бул тууралуу билчү белең?

Абдылхак Алипбеков: Мен кичине кезимен фольклорго бөлөнүп чоңойдум. Бирок уламыштардын негизинде эмес, көбүнчө элдик оозеки жомоктор, чоң энелерибиздин айткандарын угуп өстүк. Анан Бишкек Гуманитардык университетине келгенден кийин мугалимдердин тарбиясы менен көзүбүз ачылып, алардын жардамы менен изилдөө иштерине барып, өз жеримди, өз элимди изилдеп, ошолордун арасындагы алтын казынаны жыйноого аракет кылгам.

Жаңыл Жусупжан: Мына ушул алтын казынаны чогултууда, уламыштарды топтоодо кандай кыйынчылыктар болду? Жерге-Талда жер-суунун аталыштары Сталиндин убагында да бир топ өзгөрүп барып, кайра ордуна келген экен, азыр да өзгөрткөнгө аракет кылып жатышат. Элдин эс-тутумунда уламыштар калыптырбы деги?

Абдылхак Алипбеков: Азыркы күндө уламыштарды билген аксакалдар аз. Бул жагы өкүнүчтүү. Экинчи жагы, тилдик өзгөчөлүктөрүнө басым жасап айта турган болсок, тил тажиктешип бараткан экен. Мурунку союз учуруна караганда аябай өзгөргөн. Уламыштарды, санжыраны толук айтып берген аксакалдар чанда кезигет. Ал жакка барганда конок катары бизди жакшы сыйлап атышты. Болгону материал жыйноодо билген киши жок, бир аз аксап аттык.

Абдылхак дипломдук жетекчиси Проф. Турдубай Абдыракунов менен

Абдылхак дипломдук жетекчиси Проф. Турдубай Абдыракунов менен

Жаңыл Жусупжан: Фейсбукта өзүңдүн «Кара-Тегин кыргыздары» деген баракчаң бар. Кара-Тегин деген Жерге-Талды эле билдирбейт, Кара-Тегин деген бул чоң өрөөн, ал эми Жерге-Тал анын эң чыгыш кычыгындагы эле жер эмеспи?

Абдылхак Алипбеков: Албетте, Кара-Тегин өрөөнү, тактап айта турган болсом, ар кандай далилдер менен жүрөт. Кээ бир азыркы аксакалдардын айтымында, Кара-Тегин деп Жерге-Талдан Дүйшөмбү калаасына жакын Оргенгизобод деген шаарчага чейинки жерлер айтылат. Бирок чындыгында Кара-Тегин өрөөнү Алай кырка тоолору менен азыркы Кароол-Дөбө деп Карамыктагы чек араны айтабыз. Ошол жерден Кара-Тегин тоосун жээктеп барып, Шаар-Туз, Ай-Башы деген айылдан өткөндө Ооганстандын Кундуз деген шаарына чейинки аймакты алган деген Ольга Смирнованын китебинде жазылган. ("ОЧЕРКИ ИЗ ИСТОРИИ СОГД. - Москва, 1970-жылы чыккан. 200, 201, 213, 217, 252, 253-беттер) 719-жылы Кара-Тегин хандыгы Согдый хандыгы менен бирге жазган кат Кытай архивинде сакталуу экен. Бул каттын негизинде арабдардын ислам динин алып келгендиги, ошого каршы согуш ачабыз деп Кытайдан жардам сурап жазылган каты сакталуу.

Жаңыл Жусупжан: «Кара-Тегин» деген аталыш тууралуу Кара деген баатыр болуптур, Тегина деген тажик кызды алыптыр деген уламышты көп уктум. Айрыкча өздөрү тажик кыздарын алган жергеталчыларга бул өтө жагымдуу угулса керек. Бул уламыштын жердиги кандай?

Абдылхак Алипбеков: 1980-90-жылдары кыргыздын көрүнүктүү акыны Абдрасул Токтомушев деген Кара-Тегин өрөөнүнө чыгармачыл экспедиция менен барып калып, ошол жерден поэма түрүндө ыр жазган. Ошол ырдын негизинен 16-кылымда «казак кайың сааганда, кыргыз качат Гызарга” деген сөзгө эле уланчыктап жазылып кеткен, кийин ал уламыш катары кабыл алынып калган. Бирок чындыгында ал тарыхка туура келбей калат.

Жаңыл Жусупжан: Бул аталыш Манаста айтылган, же тээ миң жыл мурда жашап өткөн Каратегин эл башчысы болгон деп калганбы? Силердин оюңар кандай?

Абдылхак Алипбеков: Ооба, Сагынбай Орозбаковдун вариантында бар.

Болбогон ишке катылып,

Өзү баштап жатылып,

Кара-Тегин калчасы,- деген саптар бар да.

10-кылымда Ысмайыл хандын кызы Каныкейге Манас барганда Каратегиндин калчалары Манаска кол салат. Эпосто ошол жери эпизод катары сүрөттөлөт.

Абдылхак илимий жетекчиси Проф. Жээнкул Жумалиев (ортодо) жана кафедра башчысы Проф. Таалай Токоев менен

Абдылхак илимий жетекчиси Проф. Жээнкул Жумалиев (ортодо) жана кафедра башчысы Проф. Таалай Токоев менен

Жаңыл Жусупжан: Каныкей Карахандын кызы болгон эмеспи?

Абдылхак Алипбеков: Каныкейди Карахандын кызы деп жүрүшөт, бирок Ысмайылдын кызы дегенге жакындатып барса болот. Себеби, Семетей тагасы Ысмайылдын колунда чоңоет. Ысмайыл хан - бул тажиктин ханы болот.

Жаңыл Жусупжан: Кыргызстанда Жерге -Тал аттуу аз дегенде төрт айыл бар экен. Жерге-Тал тууралуу да уламыш бар бекен, же бул жөн гана талдуу жер дегенди түшүндүрөбү?

Абдылхак Алипбеков: Илимий этнологияга кайрыла турган болсок, Жерге-Тал деп жердеги талды сүрөттөп жатат. Ошол эле учурда «жерге арып (талып) отуруп кал» деген да сөз бар. Ушул эле сөз "Манас" эпосунда дагы бар. Каныкей энебиз Семетейди алып качып баратканда кайсы жерде чарчап отурган болсо ошол жерлердин аты Жерге-Тал аталып калды деген аңыз эл ичинде айтылып жүрөт.

Жаңыл Жусупжан: Жерге-Тал дегенде бул жергеталчыларды өтө кападар кылган жер-суу аталыштарынын тажик тилине өтүп жатышы тууралуу сөз кылбай кое албайбыз го. Мен билгенден, Жерге-Тал райондук кеңеши айылдардын аталыштарын тажиктештирген эрежени көпчүлүк добуш менен жактырып, бирок ал Тажикстандын парламентинин элегинен өтпөй калган экен. Ал арада акча бөлүнүп, айылдардын жол боюндагы аталыштарын тажикчеге алмаштыра салган. Азыр ал аталыштар ошол бойдон тажикче болуп турат. Жерге-Талда эл бул жаатта кандай өзгөрүү болот деп ойлошот экен?

Абдылхак Алипбеков: Бул боюнча илгертен жердин тарыхы менен элдин тарыхы биригип келген, тарыхтын дагы өзүнүн мыйзамы бар. Ошол мыйзам эч убакытта жол бербейт. Мисалы, айта турган болсок, 1934-35-жылдары орус басып келгенде, орусташуу өзүнүн таасирин тийгизген. Мисалы, ошол эле Сарыг-Ой айылын Киров деп совхоздоштурса, Карамыкты Комсомол деп, ар бир айылды өзүнчө орус аттары менен алмаштырып, бирок ал ишке ашпай калды. Бул дагы ушундай эле бир көрүнүш катары кала бермекчи деп белгилейм.

​Жаңыл Жусупжан: Тилчи катары жер-суу аталыштарынан башка өлөң, бата, фольклорду изилдепсиң. Бул жаатта кандай табылга бар? Мисал ирети бир өлөң окуп берерсиң.

Абдылхак Алипбеков: Албетте, окуп берем. Негизи биздин илимий эмгегибизден сырткары, өлөң жанры деп адабиятта белгиленбей, бир топ деңгээлде каралбай келаткан жанр бар. Бул чет өлкөлүк кыргыздарга, ошондой эле ичкилик кыргыздарга, анан Таластын батыш тарабы менен ферганалык кыргыздарга тиешелүү ыр. Негизинен накта кыргыздарга тиешелүү. Өлөңдүн күйдүргү сөздөр, тамашалар башкача стиль менен айтылган касиеттери бар.

Мисалы:

Өлөң, өлөң айтайын өз эмеспи,

Кош оромол салынган сөз эмеспи.

Мен бир өлөң айтайын мындай кылып,

Тегирменден чыгарган ундай кылып.

Бетиңди айдай кылып,

Белиңди талдай кылып.

Дайым мени мингеним сурча кунан,

Көз агытып көргөндүн сырт жагынан.

Өз күйгөнүм өзүмө жетпейт бекен,

Сиз күйгүзүп барасыз бир жагынан.

Дайым менин мингеним тору айгыр,

Торгой көрсө талпынат турумтайым.

Турумтайым тууру кайың жыгач,

Кандай чалдын кызысың кашың кыйгач?, - деп жигит кызга ыргакташтырып, кеп салып, таланттык касиетинин маңызын алдыга коюп, өз сүйүүсүн билгизген. Өлөң ыры ошондой эле той-аштарда, эл чогулган жерлерде, шаан-шөкөттөрдө ырдалып, элдин маанайын көтөрүп, шаңдуу отурганга да жол берген.

Абдылхак Жерге-Талдагы илимий изилдөө мезгилинде Тешик-Таш аймагында

Абдылхак Жерге-Талдагы илимий изилдөө мезгилинде Тешик-Таш аймагында

Жаңыл Жусупжан: Бул өлөң ичкилик ооган кыргыздарынын ыргагына окшоп кетет экен. Андан тышкары бата берүү деген бул өзүнчө жанр болуп кетет экен. Акыркы жолу Жерге-Талда илимий экспедиция качан болгон экен? Өзүң кантип барып калдың?

Абдылхак Алипбеков: Акыркы жолу 1970-жылдары Жээнбай Муканбаев изилдеген. Ошондон кийин бир топ деңгээлде изилденбей калды десек болот. Мирзахалим Каримов деген агайыбыз (кыргызча, тажикче жазган жергеталдык жазуучу) бир аз карап жүрөт, бирок ал чыгармачылык гана көз караштан карап жүрөт. Илимий багыт боюнча караган киши жок. Жакынкы учурлардан тартып мен барып калдым окшойт. Ошол жердеги эл үчүн өтөй турган милдетим болгондуктан, биз ушул нерсени тандап, ишке ашырып жатабыз.

Жаңыл Жусупжан: Жер-суу аталыштарын изилдөөгө кандайча кызыгып калдың? Алдыдагы максаттарың кандай?

Абдылхак Алипбеков: Жер-суу аталыштарына кызыкканымдын себеби, тил илими, тарых илими, география илимдеринин атасы болгон бул топонимика десек болот. "Тилди изилдөөдө элдин тарыхын изилдебей же тилдин тарыхын изилдебей туруп, бир гана тилдин тарыхын изилдөө мүмкүн эмес" деп Болот Юнусалиев (түрк таануучу, диалектолог) дагы айтып кеткен. Ошол сыңарындай, жердин тарыхын изилдөөдө түптө калган кыргыздын сөздөрүнө, ошондой эле кыргыздын түпкү жерлерин, биздин түпкү этнологияларыбызды, уламыштарыбызды чогултуп алууга жетишсек болот.

Жаңыл Жусупжан: Биздин окуу жайлардын чет өлкөгө эмес, Кыргызстандын өзүндө изилдөө жүргүзгөнгө шарты жок го деп жүрсөк, силер окуган Бишкек Гуманитардык университети Жерге-Талга жиберүүгө каражат тапкан экен да?

Абдылхак Алипбеков: Каражат табуу иштейм деген кишиге көп деле көйгөй эмес экен. Биз да башында ошентип ойлоп жатканбыз. Каражат өзү артыңдан ээрчип калат деген чындык сөз экен. Каражат өзүбүздүн артыбыздан ээрчип калды го деп ойлонуп турабыз.

Жаңыл Жусупжан: Ошол эле кезде мисалы, барган жериңерде сүрөт тартып, ырларды жаздырып, же видеого тартууга жарачу аппаратура жок болуп жаткан экен да?

Абдылхак Алипбеков: Албетте, бизде сүрөткө тартуучу, же башка аппаратура, техникалык каражаттардын жетишсиздигинен улам, изилдөө көбүнчө кагаз, үн жаздыргыч аркылуу гана ишке ашырылат. Чет өлкөдө жүргөндө дагы аппаратураларды алып жүргөнгө уруксат берилбейт. Ошол себептен биз изилдөөлөрүбүздү кагаз жүзүндө жүргүзүп келип жатабыз.

Жаңыл Жусупжан: Өзүң Жерге-Талда төрөлүп, Ошто өскөнүң менен, Бишкекте окуп, аркалыктардай эле сүйлөп калыпсың. Жерге-Талга барганда тилин түшүнбөй кыйналган жоксуңбу?

Абдылхак Алипбеков: Биринчи барганда бир аз татаалдашкан, кийинки күндөрү үйрөндүк, өзүбүздүн тилге кайра окуп, азыркы учурда ал жагынан көйгөй жок. Кайсы жерде болбосун ошол жердин тилин сүйлөгөнгө аракет кылабыз.

Абдылхак окуудан кийин, Бишкек

Абдылхак окуудан кийин, Бишкек

Жаңыл Жусупжан: Мынча болду эми, өзүңдүн жеке турмушуңа байланыштуу бир нерсени да сурайын дедим. Жерге-Тал сага киндик кан тамган, ата-бабалардын сөөгү калган жер. Өзүң Кыргызстанда чоңойсоң да, мекениңе кайрылып барып, элге пайдалуу ишти аркалап калыпсың. Мурдатан эле кол үзбөй, акыркы жылдары такай каттап турчу экенсиң. Эми ошол жактан келинчек ала турган болуптурсуң. Бишкектен бир да кыз жакпадыбы?

Абдылхак Алипбеков: Биз канча аракет кылсак дагы, тагдыр бизди карап күлөт дегендей бир кеп бар. Мен бул жактан үйлөнгөнгө деле каршы эмес болчумун. Анан ошол жактан насип буйругандыгы үчүн ал кыз өзүмдүн көзүмө чалынып калды.

Жаңыл Жусупжан: Ишиңе ийгилик, тилегиңе жет, той кут болсун!

P/S. Маектештин сүйлөө өзгөчөлүгү сакталды

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG