Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:56

Кыргызстандын маданият ишмерлери Тажикстандын Жерге-Тал жана Мургаб райондорундагы этникалык кыргыздардын укугу басмырланып жатканы боюнча тажик жана кыргыз бийликтерине кайрылуу жолдошту.

Кыргызстандын маданият ишмерлеринин кайрылуусунда Тажикстандын Жерге-Тал жана Мургаб райондорундагы кыргыздардын укугу жергиликтүү бийлик тарабынан басмырланып жатканы көрсөтүлгөн.

Ага мисал катары кыргыз тарыхында Каратегин өрөөнү деген ат менен белгилүү ал аймактардагы жер-суу аталыштарын күч менен тажиктештирүүгө жол бербөө өтүнүчү айтылган. Анткени Каратегин өрөөнүндөгү кыргыздар тарыхый жактан андагы түпкүлүктүү калк экендиги эскертилген.

Кыргызстан жазуучулар бирлигинин төрагасы Чолпонбек Абыкеев Мургабдагы жана Жерге-Талдагы абалга тынчсызданып жатышканын билдирди:

- Жерге-Тал менен Мургабда, Тоолуу Бадахшанда жашаган жергиликтүү түпкүлүктүү калктын 60-70 пайызын кыргыздар түзөт. Анан ал жактагы көпчүлүк жер-суу аттары илгертеден бери эле кыргызча аталып келген. Ошонун бардыгын өзгөртүүнүн зарылчылыгы барбы? Деги эле дүйнөлүк практикада жер-суу аттарынын тарыхый топонимдери кандай болсо, ошол боюнча эле калат. Тарыхый эс тутум деген болуш керек да. Анан тажик бийлигинин азыркы аракеттери анда жашаган калктын укуктарын кысымга алуу менен барабар. Биз мына ушуга тынчсыздануу менен көйгөйдү туура жол менен жөнгө салат деген ишенимде кайрылып жатабыз.

Соңку бир жылда тажик бийлиги Мургаб менен Жерге-Талдагы ондогон жер-суу аталыштарын тажиктештирген. Мисалы, Кашат деген кыргызча аталыштагы айыл Сарипул, Жайылган деген кыштак Чорсу, Ачык-Алма деген аймак Севзипед, Кара-Сай капчыгайы болсо Бахор деген тажикче аталыштарга ээ болгон.

Баштапкы жана орто билим берүү тажикчеге өткөрүлүп, кыргызча сааттар кескин кыскартылган. Буга каршы чыккан жергиликтүү тургундар тартип коргоо органдарынын куугунтугуна кабылган. Мындай басымга чыдабаган жүздөгөн үй-бүлөлөр туулган жерин таштап, Кыргызстанга көчүп келүүгө аргасыз болгон.

Сүйлөшүүлөрдөн майнап чыгабы?

Кыргызстанга көчүп келген жергеталдык кыргыздардын өкүлү Ватан Алиев тажик бийлиги улуттук ар-намыска шек келтирген аракеттерин токтотпой жатканын белгиледи:

- Мен жашаган айыл ата-бабабыздан бери Кашка-Терек деп аталып келген. Азыр болсо аны тажикче Сафеддорон деп өзгөртүп салышты. Ал жерде түпкүлүктүү калк жалаң кыргыздардан турса, аталган аймактын атын өзгөртүүнүн зарылчылыгы канча эле? Мектептердеги билим берүүдө тажик тилине үстөмдүк берилген. Кыргызча окутуу кыскарып, бардык предметтерди окуп үйрөнүү тажикчеге өткөрүлүүдө. Жергиликтүү бийликте азыр кыргыз улутунун өкүлдөрү дээрлик калган жок. Адатта кыргыздар жыш отурукташкан аталган райондорду кыргыз улутундагылар эле башкарышчу.

Кыргызстандын маданият ишмерлеринин демилгелүү жамааты мындай абалга кайдыгер карабоо өтүнүчү менен Тажикстан менен Кыргызстандын бийлигине жана коңшулаш эки мамлекеттин укук коргоо уюмдарына кайрылуу жолдошту.

Бул маселени “Азаттык” өткөн жылы да бир нече жолу чагылдырып, андан соң кодулоонун тыйылып калгандыгы белгиленген болчу. Бирок бул маселе кайрадан тереңинен кайталанып жаткандыктан жогорудагы демилге тобу ал маселеге эки өлкөнүн тең мамлекет башчыларынын көңүлүн бурууга аракеттенүүдө.

Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун бул көйгөй сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечилүүгө тийиш деп эсептейт:

- Биздин президент алардын мамлекет башчысына чыгыш керек. Анан эки мамлекеттин өлкө башчылары эмнеге ушундай саясат болуп жатканын жана анын кесепеттери оор болорун карап чыгып, тиешелүү бийлик органдарына кайрылыш керек. Биз да Тажикстандын акыйкатчысы менен байланышка чыгып, маселени ырбатпай жөнгө салууга аракет кылабыз. Мына ошондой дипломатиялык жолдорду колдонууга туура келет. Эгерде мына ошондой сүйлөшүүлөрдөн дагы тыянак чыкпаса, анда маселени эл аралык укуктун алкагында көтөрүүгө туура келет.

Бул маселе боюнча Тажикстандын Кыргызстандагы элчилигинен жооп алууга мүмкүн болгон жок. Адегенде элчиликтен бул суроого элчинин башкы кеңешчиси Феруз Одинаев жооп бермек болуп, бирок кийин ал жогоруда аталган суроолорду уккандан кийин ага жооп берүүдөн баш тартты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG