Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:25

Ыраң-Көл Тажикстандагы Кытай менен чек аранын жанындагы Тоолуу Бадахшан автоном облусунун эң четки айылы. Бул айылдын тургуну, "Памир кыргыздары" китебинин автору Айдарали Сапарбаевдин үйүндө Жаңыл Жусупжан болду.

Жаңыл Жусупжан: Сыртта шамал болуп, катуу куюн болуп атты эле,азыркүн ачылып, тынчып калгандай. Сиз ушул Ыраң-Көл айылында туулган, ушул жерде көп жылдары кыргыз тил, адабият сабагынан мугалим болуп сабак берген экенсиз. 18 жашыңызда мындай деп жазыпсыз:

Биз бир кезде жапжаш элек жөжөлөрдөй тептегиз,
Азыр биз бойго жетип, жашка келдик он сегиз.
Кош мектебим, кош болгула эже-агайлар,
Кайда болсок окуган күндү эстейбиз
.

Ыраң-Көлдө балалыгыңыз кандай өттү эле?

Айдарали Сапарбаев: Жашоодо балалык күндөр ар түрдүү болот. Ар бир жердин табигатына, биздин жекече жашоо шартыбызга карата балалык күндөр эл катарында өттү.

Балалык күндөр абдан кызыктуу жана көңүлдүү болот. Мунун эсебинен биздин негизги кесибибиз ата-бабабыздан бери колдонулуп келген айрыкча айыл чарба, мал чарбалыкка байланыштуу. Ошондуктан менин балалык күндөрүм да кой багуу жана табият, кайберендер менен аралаш жүрүү мезгилдерге туура келген.

Жаңыл Жусупжан: Мөңгү баскан тоолордо аркар, кайберен менен аралашып жүрүп, бир күнү эле 18 жашка чыгып, Фрунзеге келип калыптырсыз, анан мындай деп жазыптырсыз:

Фрунзенин гүл бактарын аралап,
Жайкы-кышкы семестрлер болгондо,
Чогулушуп, сабак окуп, талашып,
Эрте-кечте окуур элек балкондо
.

Ошол кандай балкон эле, Фрунзедеги жаштык кезиңиз кандай өттү?

"Сыябандын" аудио вариантын бул жерден угуңуз:



Айдарали Сапарбаев: Жаштык кезде насип буйруп окуйбуз, билим алабыз деп Фрунзе шаарына бардым. Кыргыз элимди, кыргыз жеримди көрөм, ушул жерден билим алам деп эңсеп барып, Кыргызстандын ар кайсы бурчтарынан келген жаш студенттер менен тааныш болдук. Ар кимибиз ар жерден болдук, мен Памирден, бир жолдоштор Тян-Шандан, бири Нарындан, бири Ысык-Көлдөн, бири Чүйдөн жана башка жерлерден.

Мына ушинтип көптөгөн жолдош күттүм, алар менен тааныш болдум. Азыркы күнгө чейин кээ бирлер менен байланышам, студенттик күндөрдү жакшы өткөрдүк, көңүлдүү болгон, биздин мезгилде өтө табигый жана чыныгы наристе сезимдер менен бирибизди бирибиз сыйлаганбыз.

Жаңыл Жусупжан: Ошол убакта деле жердешчилик бар беле, силерди памирлик кыргыз дешчү беле, же сарыколдук деп коюшчубу?

Ыраң-көл чынында да кооз көл ("ранг" тажик тилинде "түс")

Ыраң-көл чынында да кооз көл ("ранг" тажик тилинде "түс")

Айдарали Сапарбаев: Мен көбүнчө памирлик деп өзүмдү тааныштырып койчумун. Анан памирлик кыргыздардан экенсиң, ал жерде жашооңор кандай, кайсы мамлекетке карайсыңар деп калчу. Мен Тажикстанга карайбыз, Тажикстандын этегинде турабыз деп түшүнүк берип, алар Памирдеги жашоого кызыгып сурашчу. Биздин жашообуз көпчүлүк жагынан кыргыз туугандарга окшош келебиз (деп айтчумун), жашоолорубуз бири-бирибизди бириктирип турчу.

Мургабдан үндүү тасманы бул жерден көрүңүз (орус тилинде)

Жаңыл Жусупжан: Анан эле Фрунзеде өткөн жаштык кездер бүтүп, туулган айлыңызга кайтып келдиңиз. Сары-Кол дегенди чындыгында көп биле билбейт экенбиз, Кыргызстанда силерди памирлик кыргыз дейбиз. Сиз жазып калган бир ырды окуп көрөлү. Башка жерден келген Мамажунус деген бирөө Сары-Кол тууралуу мындай деген экен:

Куурай чыкпас куу какыр,
Жерин көрдүк Сары-Колдун,
Кулжасын атып, гөш жеген,
Элин көрдүк Сары-Колдун
.

Ушул сыяктуу сиз чогултакн ырлар, 20-30 жылдык эмгегиңиз "Памир кыргыздары" деген китеп болуп 2003-жылы чыккан экен. Сиз өмүрүңүздүн жарымын арнаган эмгегиңиздин жыйынтыгы болгон ушул китеп азыр колубузда турат.

Ушул китепте калган ырлар, жомоктор, аларды айткан адамдар бүгүн барбы, же Памир жергеси бир аз тукулжурап калдыбы? Кантсе да Кыргызстанга кеткендер көп экен?

Ыраң-көлдүк үйдөн көрүнүш

Ыраң-көлдүк үйдөн көрүнүш

Айдарали Сапарбаев: Бул жөнүндө сөз кылсак, Мамажунус ырчынын ырдаганы деп эл арабызда бир аз сакталып калган ырлардан эле болчу, бул киши өзү Алайдан болуп, Алайдан Кытайга качкын болуп баргандан кийин, анда жүрүп, ал жерден Сары-Колго келип калып, биздин жерлердин көрүнүшүн сиз окуган ырдагыдай сүрөттөгөн экен.

Эми маданий турмуш жагынан өсүп-өнүгүү азыркы заманга ылайыктуу анча-мынча өзгөрүүлөр бар. Бирок эски нерселердин, биздин басып өткөндөгү, жашоо шартыбыздагы жасалгалар, маданий тиричилик, чыгармачылык жактарынан өтө эле төмөндөп калды. Анткени азыр даяр нерсеге көңүл бурушуп, акчага сатып алып жатат. Чыгармачылык менен изденип, маданий тиричиликтерди, жаңы нерселерди тапкан кудуреттер азыр жоюлуп баратат.
Мургабда маданий тиричилик, чыгармачылык жактарынан өтө эле төмөндөп калды...


Жаңыл Жусупжан: Сары-Колдо климат чындыгында эле татаал экен. Мына саратан жайда кара шамал болуп, бир заматта асманды кара булут каптады. Ал эми кышында кантет? Өзүңүз “Токоол” деген ырыңызда Сары-Колдун кыш күндөрүн, катаал аба ырайын мындай сүрөттөгөн экенсиз:

Кагышып шамал сур булут
Алты күн катар урушту,
Асман-жер болуп тополоң
Алсылар араң тынышты.


Ыраң-көлдөгү чаңдуу бороон

Ыраң-көлдөгү чаңдуу бороон

Тажрыйба кылган карылар
Жети токоол өттү дейт,
Көй каптын оозун буугандай
Айлана жым-жырт мелтирейт.


Сары-Колдун табигаты чынында да татаал окшойт?

Айдарали Сапарбаев: Ушундай булуттар кээ бир токоол мезгилдерде, ай арасы учурларына туура келгенде эки-үч, беш-алты, он күндөп узап кетет. Жаз күндөрүндө болсо тез ачылып, кайтып бүркөлүп, кайтып жаап аба ырайы өзгөрүүлөргө учурап турат.

Жаңыл Жусупжан: Бул жакта анча чөп өспөйт, жери такыр. Бир терскен өссө, аны да отко деп тамыры менен казып алат экенсиңер. Терскен жогонгондон кийин чаң көбөйүп, чаң мөңгүгө түшүп, мөңгү тез эрип жатат дешет. Бул темага сиз мына бул ырыңызда кайрылган окшойсуз:

Жылдагыдай жамгыр жок
сергелектеп чочуган,
Мөңгү жок кырда, чокуда,
сайларда суулар ташыган.


Ыраң-көлдүк үйдөн көрүнүш

Ыраң-көлдүк үйдөн көрүнүш

Айдарали Сапарбаев: Ооба, ушундай учурлар көп болот. Кээ бир жылдары биз тажрыйба кылганда ар бир жылдын өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар, жылкы жылында шамалдуу күн болот, ал эми балык жылдарында суу ташкын, жаан көп жааган жылдар болот деп эсептейбиз. Быйылкы жыл балык жыл, өтө эле кардуу кыш күндөрү, жаз айларында да кардуу, жамгырлуу жана шамалдуу күндөр көп болду. Мындай алганда биздин түшүнүктөргө кандайдыр бир жакындай табигаттын болушу ушул нерселерди жандандырат экен.

Жаңыл Жусупжан: Бул оң жагынан да өзгөрөт деп ойлойсуз?

Айдарали Сапарбаев: Эми өзгөрүүлөргө учурап, табият жылдар бири бирине окшош болбойт экен, кандай болсо дагы айырмачылыктар бар.

“Азаттык”: Сиздин киндик каныңыз тамган Ыраң-Көл кыштагы, бул Ыраң-Көл деген сулуу, кооз көл дегенди билдирсе керек?

Айдарали Сапарбаев: Ооба, кооз көл. Ыраң деп биз жашыл жерлерди элестетебиз, ыраң деген өзү "бойок" деген түшүнүктү берет.

Жаңыл Жусупжан: Ыраң-Көл жөнүндө сиздин ырыңызды окуп, анан улантсак:

Кара-турук шах бут,
Калкыма чачкан ырыс кут.
Жайлап келген бөрлүктө
Кадимтен бери улуу журт.

Көк жалтаң муздан мөңгүдөн
Көк кашка суусу мөңкүгөн.
Көйкөлүп жаткан көк шибер
Көз тайгылган көркүнөн
.

Ушул биз көрүп турган тоолордун ары жагын, чыгыш тарапта жайлоорду Тажикстан Кытайга берип жиберген экен. Ыраң-көлдүктөрдүн жайлоосунун 70 пайызы Кытайга кетип калыптыр. Ичиңиз ачышабы, же ал жакта деле кыргыздар эмеспи, биздин жайлоодо мал багып оокат кылып атышат деп ойлоп каласызбы?

Айдарали Сапарбаев: Чындыгында жер деген мекен. Туулуп өскөн жерди эч ким кыйгысы келбейт экен. Биз айласыздан, аргабыздын жоктугунан жер Кытай мамлекетине өтүп кеткенине абдан ичибиз ачышып, өзүбүз кайгырып, капа болуп отурабыз. Бул саясий маселе экен. Биздин кайгы-капабызга, каалообузга карабастан, ушундай иштер болду. Илгерки замандардан бери айтып келген, жерди, мекенди бирөөгө сатып, берип жиберүү өтө одоно болуп калат, кейиштүү да.

Жаңыл Жусупжан: Кыргызстанда Каркыра жайлоосун, Үзөңгү-Кууш деген жерлерди Кытайга берип салып, андан көп чуу чыгып, эл көтөрүлүп, президенттер алмашып, талаш-тартыш болду. Ал эми тажик бийликтери силерден келип "биз ушул жерлерди бергени жатабыз, кытайларга өткөнү жатат" деп силерден сурады беле, же кийин эле билип калдыңарбы?

Биздин жайыттарды Кытайга берип жатканга өтө нааразы болдук. Бирок айла жок, бизден макулчулук деле сурабайт экен...

Айдарали Сапарбаев: Азыркы заманда ар нерсе менен кабардар болгондуктан, айрым адамдар жер берилет, өтөт экен деген сөздөр болду. Биз бул жерде илгертеден ата-бабабыздан бери жашап келген. Ушул жерлерди берип жатканга мамлекетибиздин жетекчилерине өтө нааразы болдук. Бирок айла жок, аргасыздан, бизден макулчулук деле сурабайт экен. Ошол себептен өтө оор, кайгылуу иштер болду. Бирок биз андай көтөрүлүш чыгара албадык. Биз мамлекеттин бир бурчунда жашаган алакандай аз гана кыргызбыз. Бизди коргоп ала турган, бизге демөөрчү, же башка боло турган шарттар деле туура келбейт. Өзүбүздүн Кыргызстан дагы кичинекей мамлекет. Биздин кыргыз элинин, Кыргызстан деген мамлекетибиздин барына абдан сыймыктанабыз, дайыма жүрөгүбүздө, көңүлүбүздө турат.

Жаңыл Жусупжан: Тоо-ташта таң калычтуу жерлер болот экен. Ошолордун бири Чырак-Таш, азыр эле жолдо баратып көрдүк. Бир убактарда Чырак-Таштын үстүндө чынында эле чырак күйүп турган дейт, ошол чынбы, анан ал эмне үчүн өчүп калды?

Айдарали Сапарбаев: Ал жөнүндө сөз болгондо, биздин аталарыбыз, чоң эне, чоң аталарыбыз уламыш кылып айтар эле. Чындыгында Ыраң-Көлдүн үстүндө Чырак-Таш, анын төмөн жагында көл деген бар, ошого дайыма жарыгы түшүп турган болчу экен. Жарыгы түшүп турган күндөрдүн бир мезгилдеринде, биринчиден, кандайдыр бир жарыкчылык азайып кеткен окшойт.

Экинчиден, жаңыдан экспедициялар келген убакта Чырак-Таштын кандай кылып изилдөөнүн аракеттерин, аны текшерүүдө (ок менен) атышкан. Ичине фосфор, же кандайдыр бир таш болсо керек. Мен географ болбогондон кийин аны так айта албайм. Ушундай жарык берип турган деген сөз болгон.

Жаңыл Жусупжан: Чырак-Таш тууралуу мындай деп жазган экенсиз:

Салык-Таш менен калек таш,
Чырак-Таштын үңкүрү
Касиеттүү зоо болот
Жарык берген үңкүрү
.

Сиз ошол үңкүргө чыгып көргөнсүзбү, мага чет элдиктер бүлбүлдөгөн жарыкты бүгүн да көрсө болот дешти, сиз жарыкты өзүңүз көрдүңүз беле?


Ыраң-көлдүн боюндагы Таш-Чырак аскасы

Ыраң-көлдүн боюндагы Таш-Чырак аскасы

Айдарали Сапарбаев: Жарык көрүүгө ал жерге чыгышка мүмкүнчүлүк жогураак, аска-зоо келет, ага атайын даярдык менен чыгыш керек. Жарык чыгып турганын биз ата-энелерибизден укканбыз. Бирок биз ошол мезгилге туура келбей калдык. Бирок өткөнүбүздө ошол жерде кандайдыр бир жарык бар болчу, кийин анча көрбөй калдык.

Жаңыл Жусупжан: Кыргызстанда мурда эки айылга бир мектеп болсо, азыр ар бир айылда заңгыраган жаңы мечиттер курулуп жатат. Ал эми Мургабда ар бир айылда бир-экиден мектеп бар экен. Өзүңөр жазган экенсиңер:

Билим өзү акыл-сезим кубаттуу,
Билим өзү ак жолуңду жарытчу,
Алалбасаң учурунда билимди,
Ал таркыя, тайгак кечүү, аккан суу.


Бүгүнкү күндө Мургабда мектептерде билим берүүнүн деңгээли кандай, замандын талабына ылайыктуу окуучулар даярдалып жатабы?

Айдарали Сапарбаев: Азыркы учурда (абал) башка мамлекеттердегидей сыяктуу эле. Бир убакта кайра куруу мезгилинде окуулар жана окуунун сапаты төмөндөп кетти. Бардык эле жерде ушундай болду, Кыргызстанда деле, Тажикстанда деле. Ошондой көрүнүштүн негизинде азыр бизде окуу маселесине дагы эле көңүл бурулуп жатат. Бирок билим анчейин болбой калды. Себеби шартка жараша заман өзгөрүп, Кыргызстандан болсун, Тажикстандан болсун, жаштарыбыз жеткиликтүү билим алалбай жаткандыгы көрүнүп турат, .

Жаңыл Жусупжан: Кыргызстандан жардам барбы?

Айдарали Сапарбаев: Кыргызстандан жакшы жардам келип жатат, рахмат. Мындан мурунку жылдарда көп окуу китеби келди, кийин адабий китептер келди. Ошол китептерди пайдаланып, биз өзүбүздүн мектептерде дагы эле кыргызча окутабыз. Бирок китептерибиз жыл сайын жаңыланып турушун каалар элек.
... китептерибиз жаңыланып турушун каалар элек. Тажикстанда өзүбүздү билимдүүрөк калк катарында алып жүрсөк жакшы болоор эле...

Биздин кыргыз мамлекети дагы эле көңүл буруп, билим алууга жардам берет деп ишенем. Негизги максат ушул жерде турганыбызга байланыштуу билимдүүрөк калк катарында өзүбүздү алып жүрсөк жакшы болоор эле деп ойлойм.

Жаңыл Жусупжан: Бүгүн алысты жакын кылган интернет. Интернет байланышы болгондо Кыргызстан менен түз байланышып турууга мүмкүнчүлүк болмок эле. Мургабда компьютерлештирүү маселеси кандай?

Айдарали Сапарбаев: Азыр мектептерге бирден, жарымдан компьютерлер келип калды. Бирок Кыргызстандагыдай толук тейлене элек. Эгер ушул иштер 5-10 жылдын ичинде жакшы ишке ашып кете турган болсо, карым-катыш өтө чоң болоор эле деп ойлойм.

Жаңыл Жусупжан: Балким ошондо сиз Кыргызстандагы окуучуларга интернет аркылуу сабак өтүп, ал эми Кыргызстандагы мугалимдер бул жактагы балдарга сабак берип калган мезгил алыс эместир.

“Саламдашуу” деген ырыңызда ырыңкөлдүк туугандар чогулганда концерт берип атканда мугалим катары мындай жазган экенсиз:

Ичиңерди кең салып
Бал көтөрүп бергиле,
Мектептеги эже-агайлар,
Концертти койот силерге
.

Сиз ыр ырдайсызбы, же комуз чертесизби?

Айдарали Сапарбаев: Ошол мезгилдерде биз дагы айылда, ар кандай аземдер болот, жаңы жыл, өзүбүздүн жаш мугалимдердин чыгармачылыктары, же алардын өздүк көркөм чыгармачылыктары боюнча, айыл-айылдарда ыр кесе уюштурабыз. Ушундай мезгилдерде сахнага чыгып калган учурлар болот. Мен өзүм ырдабайм, анча-мынча комуз чертем. Өзүм саламдашып, сахнага чыгып ырдаган адам эмесмин.

Жаңыл Жусупжан: Мен бүгүн сиздин бир топ ырларыңызды окудум. Өзүңүздүн али жарыяланбаган китебиңиз буйруса Сары-Колдо, же Кыргызстанда чыгып калаар. Ага чейин ошол ырларыңыздардан өзүңүз окуп койсоңуз.

Айдарали Сапарбаев:

Томсорбо улуу Сары-Кол,
Той элиң турат койнуңда,
Кубансаң бирге кубанган,
Кайгырсаң бирге кайгырган,
Ооруңду бирге көтөргөн
Дагы эле уул-кызың койнуңда.

Мээримиң төккүн Сары-Кол,
Береке толсун, кут консун,
Бейпилдик тилеп өзүңдү
Калың эл баары ток болсун,
Баштагыдай Сары-Кол
Байлыгың ашып, бак консун
.

Силерге да ден-соолук каалайм, ушунчалык алыс сапар жол жүрүп, атайын Сары-Кол жерине келгениңерге чоң рахмат. Биздин кыргыз боордошторубуз, кандаштарыбыз бар экен деп бизди самап келгениңерге чоң ыраазымын. Жалпы эле Ыраң-Көл элинин атынан ыраазычылык билдирем. Дайыма келип туруңуздар, бизди моралдык, же башка жактан болобу колдоп, көңүлүбүздү көтөрүп, жеке кыргыз элдин орчундуу калктын арасынан бөлүнүп калган кыргыздарыбызга боор тартып келгениңиздерге чоң ыраазымын жана сиздердин иштериңиздерге ийгилик каалайм.

jch/zma
Сүрөттөр: Жамбулат Чытырбаев

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG