Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:39

Оор дартка чалдыгып, тирүүлүктө саналуу күндөрү калган балдар жана чоңдорго жардам көрсөтүү Кыргызстанда жакшы деңгээлде өнүккөн эмес.

Өлкөдөгү алгачкы балдар хосписи ачылганына бир эле жыл болду. Бул багыттагы көйгөйлөр тууралуу Биринчи балдар хосписи фондунун жетекчиси Динара Аляева айтып берди.

“Азаттык”: Хоспистин ишмердиги тууралуу айтып берсеңиз. Анткени мурда биздин коомдо мындай түнөк жай тууралуу түшүнүк жок эле го?

Динара Аляева: Былтыр октябрь айында ижарага алынган ушул имаратта хосписти ачканбыз. Бишкек шаар башчылыгы менен имарат издеп, тилекке каршы, таппай койдук. Азыр да мэрия бизге имарат карап жатат. Хоспис ачылгандан бери мына бир жыл өтүптүр, бул жакка кырктай бала келди. Биз бир нече багыттагы кызмат көрсөтөбүз. Биринчиси - социалдык эс алуу, же баласы катуу ооруган ата-энени кичине эс алып, үйдөгү башка балдарына да көңүл бурсун деп, оорулуу баланы убактылуу алып, карап турабыз. Экинчиси, биздин жеринен жардам берүүчү көчмө кызматыбыз бар. Бизге атайын бөлүнгөн унаа менен оорулуу баласы бар үйлөргө барып, азык-түлүк же башка медициналык жардам бергенге аракет кылабыз. Зарыл болсо баланы анализдерге алып барып, мончого түшүрүп турабыз. Ошондой эле өмүр соңунда берилчү жардамыбыз да бар. Күндөрү саналуу гана калган балдарды ата-энеси менен бул жакта карап, аларга адистин жардамын бергенге аракет кылабыз.

“Азаттык”: Мындай түнөктү ачууга эмне түрткү болду?

Динара Аляева: Себеби бизде азыр эки фонд бар. "Жардамдашуу оңой" жана "Биринчи балдар хосписи" деген. "Жардамдашуу оңой" фонду үч жылдан ашуун убакыттан бери балдар онкологиясы бөлүмү менен иштеп келет. Оорулуулар менен жакындан иштеп баштаганда алардын кыйынчылыктарын да терең сезет экенсиң. Бир ирет операция жасалбай турган катуу оорулуу баланы үйүнө чыгарып коюшкан. Айылга, Нарынга жиберишкен. Балага эч кандай жардам бере албайбыз дешкен. Бала дем ала албай, тамак жей албай катуу кыйналып жатыптыр. Ушул окуя хосписти ачууга себеп болду. Себеби бул балдар эки кызматтын ортосунда жардам ала албай калып жатышат. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ортосунда калышууда. Дарыгерлер карабайбыз дегени менен балдардын күнү бүтө элек да, жашап жатат да. Балким бир күн же ай же бир нече жыл жашайт. Бирок аларга эч ким камкордук кылбайт. Алардын тагдырына баары кайдыгер. Ата-энелерине да эч кандай жардам берилбейт. Балаң катуу ооруп, жашап кете албайт дегендин өзү эле кандай чоң психологиялык сокку. Ушундан улам хоспис ачалы дедик. Бул багытта адистерибиз же тажрыйбабыз деле жок болчу. Мезгил өткөн сайын биз тажрыйба топтоп, дагы көп кыла турган иш бар экенин аңдап жатабыз. Мамлекеттен да көп жардамга муктаждыгыбыз бар. Ошол эле балдарга паллиативдик жардам берүү жаатында клиникалык протоколдорду берип турушса, тамчылатма морфинди каттоодо жардам керек. Кыла турган ишибиз аябай эле көп. Бул жагдайлардан улам мына өткөн жумада эле Социалдык өнүктүрүү министрлиги менен психоневрологиялык оорулуу балдарды кароочу жайларда үч паллиативдик кабинет ачуу келишимине кол койдук. Ал жакта айыгып кете албай турган, диагноздору абдан оор балдарга жардам көрсөтүүнү көздөп жатабыз.

“Азаттык”: Кыргызстандагы паллиативдик кызматты кандай баалайсыз, деги эле ушундай кызмат барбы, бизде?

Динара Аляева: Мындай алып караганда иш жүрүп жатат. Бирок, тилекке каршы, абдан жай темпте. Балким мамлекеттин бул багытта өтө чоң деле кызыкчылыгы жок. Анткени айыккыс ооруга чалдыккан жана өлүп бара жаткан адамдар тууралуу ойлонуунун өзу эле психологиялык жактан аябай оор эмеспи. Чоңдорго жардам берген кызматтар бар. Аларга жеринен да барып турушат. "Сорос Кыргызстан" фонду бир нече жылдан бери чоң кишилерге паллиативдик жардамды көчмө топ менен барып берүүнү Бишкекте жана Ошто уюштуруп келет. Азыр "Эргене" фонду аркылуу да дагы бир кызмат ишке кирди. Бирок мунун баары жетишсиз. Анткени ири шаарлар гана мындай кызматтарды колдоно алышат. Алыскы айыл жериндегилер Кыргызстандын калганы дагы деле кароосуз. Качан гана мунун баары системалуу болуп, мамлекет тарабынан паллиативдик жардам көрсөтүү стандарттары боюнча бирдиктүү программа кабыл алынганда, анан ошол стандарттар иштей баштаганда, жан чыдагыс ооруну басаңдатуучу каражаттар менен камсыздоо онкологиялык оорулууларды эле эмес, бардык оор дарттуу адамдарга жетиштүү болгондо, таблетка түрүндөгү морфин жетиштүү өлкөгө алынып келгенде, морфинди алууда жеңилдик болгондо гана Кыргызстандагы паллиативдик жардам көрсөтүү кызматын сапаттуу, жогорку деңгээлге чыгарса болот.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG