Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:53

Бүгүн Бишкекте рак оорулуу балдар үчүн хоспис ачылды. Азырынча бул жай саналуу гана балдарды кабыл алууда. Жарандык коом өмүрүнүн акыркы күндөрүн татыктуу жашоосу үчүн мындай хоспис чоңдор үчүн да зарылдыгын билдирип келет.

Айыккыс ооруга чалдыккан балдарды өмүрүнүн акырына чейин тийиштүү деңгээлде багып, адистик жардам көрсөтө турган атайын жай же хоспис ачуу демилгеси “Жардам берүү оңой” коомдук фонду тарабынан көтөрүлгөн.

Буга чейин онкологиялык илдет менен жабыркаган балдарга ар кандай жардам көрсөтүп келген фонддун жетекчиси Динара Аляева өзүнүн сунушу менен Бишкек шаарынын бийлигине, Саламаттык сактоо министрлигине кайрылып, натыйжалуу жооп ала албаган соң, жалпы коомчулуктан жардам сураган. Натыйжада минтип саналуу болсо да айыккыс оорулуу балдарды дарыгерлердин кароосу алдында, ооруну жеңилдетүүчү дары-дармектер менен камсыздалган жайда - хосписте кармоо мүмкүнчүлүгү ачылды.

Азырынча хоспис айыккыс ооруга чалдыккан төрт баланы жакындары менен кабыл алууга даяр. Жакынкы күндөрү бул жерге дагы бир төрт жаштагы балакай энеси менен келери күтүлүүдө.

Чоң кишилер үчүн да хоспис керек

Рак оорулуу балдар үчүн хосписке удаа эле айыккыс ооруга кабылган чоң кишилер үчүн да мындай жай зарылдыгы кайрадан башкы темага айланууда. 50 жаштагы Айгүл Кулдаеванын 21 жаштагы уулу рактан каза тапкан:

- Кырсык биздин үйгө капыстан келди. Менин жогорку окуу жайында окуган, саламаттыгы бекем уулум капыстан ооруп калды. Мурда деле башым деп жүрчү, бирок бул жолу оорусу күчөп, арыктай бергенинен, томографияга алып бардык. Томографиядан башында шишик бар экенин аныкташты. Миталип Мамытов баш болгон күчтүү адистер операция кылып, шишикти алышты. Бирок ошону менен биздин кайгыбыз бүтпөптүр. Көрсө, шишиктин залалы баламдын мээ тамырларына тээп кетиптир. Он гүлүнүн бири ачыла элек уулум оору менен күрөшүп жатып каза болду. Ошол төрт ай биз үчүн, мен үчүн өтө оор мезгил болду. Күн өткөн сайын көз алдымда соолуп бара жаткан уулумду карап отуруп, мен да куурап бараткансыдым...

Күчкө толуп турган уулун кыска убакытта жоготуп алган Айгүл Кулдаеванын өзү да рак илдетине чалдыгат. Дарыгерлер анын эмчегинде шишик бар экенин аныкташып, операция жасашкан:

- Оорулуу уулумду карап отурган учурда көкүрөгүм ооруп жүрдү. Башында көп маани бербей, кийин оорусу күчөгөндө барсам, сол жагымда шишик пайда болуп, чоңоюп кетиптир. Дарыгерлер мага токтоосуз операция зарылдыгын айтышты. Операция жасалды, химия терапиясын алдым. Мен азыр ракты жеңдим деп айткым келет.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жыл сайын рак илдетине кабылган төрт миңге чукул кишинин дарты аныкталып, алардын 40% ашыгы бир жыл ичинде каза болот. Жарандык коом айыккыс дартка кабылгандардын оорусун жеңилдетүү үчүн паллиативдүү медициналык жардам көрсөтүүнү жана хоспис ачууну сунуштап келе жатканына бир нече жыл болду. Азырынча Бишкектеги онкологиялык борбордо айыккыс оорулуулар үчүн атайын бөлүмдөр болгону менен, ал жерде деле түрдүү себептер менен көп убакытка кармала алышпайт.

Эл аралык уюмдардын жардамы менен айыккыс ооруга чалдыккандардын үйүнө барып, медициналык, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүп келаткан “Ачык медициналык коом” долбоорунун жетекчиси Лола Асаналиеванын айтуусунда, чоңдор үчүн да хоспис ачуу зарылчылыгы күн өткөн сайын күчөөдө:

- Онкологиялык борбордо 25 орунга эсептелген бөлүм бар. Бирок ал жерге да эки-үч айлап кезекке туруу керек. Кээ бир оорулуулар кезегине жетпей, өмүр менен кош айтышууда. Алар өмүрүнүн акыркы күндөрүн үйлөрүндө, дарыгерлердин тийиштүү кароосунан алыс, көп учурларда ооруну жеңилдетүүчү дарыларга жете албай, жан чыдаткыс оору менен өткөрүшөт. Мындай ооруларды карап отурган жакындарына да оор болууда. Ошондуктан, бизге сөзсүз түрдө хоспис керек.

Ооруну жеңилдетүүчү дарылар демекчи, рак илдетинин айыккыс түрүнө кабылгандар үчүн оорусун жеңилдетүүчү атайын дарылар жазылып берилет. Бирок бул үчүн өтө көп документ жана мөөрлөр талап кылынат. Мындан тышкары андай дарылар оорулуудан башка бирөөлөрдүн колуна тийип калбашына дарыгердин жоопкерчилиги чоң. Ушундан улам үй-бүлөлүк дарыгерлер көп учурда мындай жоопкерчиликти моюнуна алгылары келбейт.

Өмүрдүн акыркы мүнөттөрү хосписте өтсө

“Сорос” фондунун Саламаттыкты сактоо программасынын координатору Илим Садыковдун айтуусунда, ушундан улам, айыккыс оорулуулардын 15% гана морфинге жетсе, калганы жетпей, жан сыздаткан оорудан улам каза табат:

- Эл аралык маңзат көзөмөлдөө уюму Кыргызстандагы айыккыс ооруга чалдыккандар үчүн жылына 5 килограмм морфин бөлүп берет. Бирок бүгүнкү күндө анын болгону 700 граммы гана колдонулат. Калганы колдонулбай кала берет. Бейтаптар ооруну жеңилдетүүчү дары менен толук камсыз боло албай калышууда. Буга биринчиден, аны жазып берүүчү дарыгердин жоопкерчилиги өтө эле чоң жана морфин сатып алууга талап кылынуучу документтердин көптүгү себеп. Экинчиден, морфинди сатууга бардык эле дарыканаларга уруксат берилбейт. Андай уруксат алган дарыканалар Бишкек, Ош сыяктуу шаарларда, облус борборлорунда гана жайгашат. Алыста жашаган оорулуулар болсо, күн сайын тиешелүү дозаны алуу үчүн алыс жактагы дарыканага барууга туура келет. Анткени, оорулуу же анын жакындары дарыканага мурунку күнү пайдаланылган морфиндин идишин алып келип, өткөрүп, анын ордуна жаңысын алып кетүүгө тийиш. Бул дагы айыккыс ооруга чалдыккан адамдардын морфинге жетпей калышына чоң себеп болуп жатат. Ушундан улам морфинге мыйзамдуу жете албаган айрым оорулуулар “кара базардан” аны мыйзамсыз түрдө же башка маңзаттарды сатып алууга аргасыз болгон учурлар бар.

Февраль айында Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги морфиндин таблетка түрүндөгүсүн каттады. Адистердин айтуусунда, бул дагы айыккыс оорулуулардын оорусун жеңилдетүү үчүн алдыга карай ташталган кадам болуп саналат.

Айыккыс ооруга чалдыккандарга медициналык паллиативдүү жардам көрсөтүү тууралуу мыйзам долбоору мөөнөтү аяктап бараткан Жогорку Кеңеште 1-окуудан кабыл алынган. Жаңы келүүчү парламент долбоорду жактырып берсе, айыккыс ооруга чалдыккандар ичер суусу түгөнгөнчө мамлекет тарабынан мындай жардам алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Ал эми айыккыс оорулуулар үчүн хоспис маселеси азырынча чечилбеген бойдон калууда.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG