Линктер

ишемби, 25-март, 2017 Бишкек убактысы 03:46

Кытайга билим алууга барган чет өлкөлүк студенттерге виза менен окуусунан тышкары кошумча жумушта иштөөгө тыюу салынган.

Бирок жолун таап, иштеп жаткан кыргызстандык студенттер аз эмес. Алардын бири, Кытайдын эң ири калаасы Шанхай шаарында кафесин ачкан Эламан Тилеков "Азаттыкка" Кытайдагы студенттик турмуштун күңгөй-тескейи тууралуу айтып берди.

23 жаштагы Эламан Тилеков Шанхай саясий илимдер жана юридикалык университетинин студенти. Ал Кытайга мындан үч жыл мурун барган. Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде окуп жатып, алган билимине канааттанбай, чет өлкөгө кетүүнү чечкен. Алгач асман алдындагы өлкөгө аттанар алдында кытайча билчү эмес.

"Мектептен кийин өзүм каалаган кесипке окууга өттүм. Алгачкы эки айда кызыгуу менен эле окуп жүрдүм. Бирок АКШга, Кореяга, Түркияга окууга кеткен досторумду көрүп, кызыгуум арта баштады.

Кытайча үйрөнүү татаал, бирок өз жемишин берет

Кытайда окуп жүрүп, ошол жерден жумуш табат, ошол эле маалда Кыргызстандан барып иштегендер да бар. Башкалар сыяктуу эле башында баары кыйынчылыкка тушугат, иш бардык эле учурда табыла бербейт. Кытайда тилмеч болуу үчүн кытай тилин жакшы билишиң шарт.

Шаарда жакындарым болбогондуктан жатаканада жашачумун. Четтеги досторумдун жашоосу менен өзүмдүкүн салыштырып, бир нерседен кур калып жаткандай сезиле баштады. Ошентип чет өлкөгө кетүүнүн жолун издедим. Баары бир кетем деп сөз берип алгандан кийин окуума көңүл бурбай калдым. Оюмдун баарын чет өлкө ээлеп алган эле.

Интернеттен чет жактагы кыргыз студенттеринен кеңеш сурап, маалымат топтодум. Акыры Кытай көңүлүмө төп келди. Кытайдын маданиятына, тарыхына, Конфуцийдин философиясына кызыктым деп деле айта албайм. Кытай ири держава, алдыда бул өлкө менен иштешүү натыйжалуу болот деп документтеримди жөнөтө баштадым. Кабыл алабы же жокпу деп уйкум бузулган күндөр да болду. "Кабыл алындыңыз" деген кабар келгенде бөлмөмө кирип алып он мүнөттөй жалгыз отурдум. Кубанган да жокмун. Оор жүктөн кутулгансып жеңилдей түштүм. Кытайча "салам" дегенден башка сөз билбесем да жөнөп кеттим".

Тазалыгына таңыркап...

“Кытайда бекер окуйм десең, алгач кытай тилин мыкты өздөштүрүп анан бюджеттик орун үчүн конкурска катышканың туура. Бир жылда тил үйрөнүү үчүн арзаныраак деп өлкө түштүгүндөгү Гуйлин шаарына бардым. Аэропорттон чыгаарым менен эле бейтааныш жыт мурдумду өрдөп кетти. Башында кенен дем ала албай жүргөм. Бирок бара-бара мурдума сиңип калды окшойт, азыр сезбей деле калдым.

Албетте, Кытайга жөнөрдө интернеттен маалыматтарды казып, бардык нерсеге даяр болуп эле баргам. Бирок элинин тазалыкка болгон мамилеси таң калтырбай койгон жок. Бизге өөн учураганы менен, өздөрүнө көнүмүш адат да, жаш балдарынын шымынын артын атайын эле кесип салышат экен. Алар болсо көчөдө бараткан жеринен эле отура калышат. Башында кызыгып сүрөткө да тартып алып жүрдүм. Жолдун боюна эле кардарын отургузуп алып чач алып жаткан чачтарачтарды көргөндө чыныгы Кытай ушул турбайбы деп калдым. Бирок Кытай сени өзүнө бат эле арбап алат экен. Жашоосуна аралашып кеткенден кийин мени эч нерсе таң калтырбай калды. Азыр эми жердин кайсы жерине барбайын, жергиликтүүлөр менен жуурулушуп кетем деп ишенем”.

Тил билгениң – капчыгыңа үнөм...

“Алгачкы убактарда тилден катуу эле кыйналып жүрдүм. Провинциядагылар англис тилин тыңгылыктуу билишпейт экен. Чачтарачка барганда сүрөттөн көрсөтүп чач алдырып жүргөн күндөр да болду. Базарга соода кылганы барганда деле, чет өлкөлүктөрдө акча көп болот дешеби, айтор, баасын асмандатып жибергендерин баамдап жүрдүк. Көчөдө жүргөндө өздөрү байкатпаганга аракет кылышканы менен, кыргыз, казак, өзбек жигиттерине көп жакындай бербегени сезилет. Кийин билсек, өңүбүздү уйгурларга окшотуп, чочуркап турушчу экен. Мени болсо корей жигиттерине окшотуп, жанымдагы досторума караганда ырайымдуу жүздөрү менен кабылдашчу. Көрсө кытайлар бейтааныш адамдар менен бат эле ымалага келе беришпейт экен. Анткен менен студенттер биз менен англисче сүйлөшкүсү келип, достошконго аракет кылышчу. Аларга англисче үйрөтүп жүрүп, өзүм да кытайчаны мыктылап үйрөнүп алдым.

Ушул жерден мактана кетейин, кыргыздар чет тилин өздөштүрүүдө жөндөмдүү келет экенбиз. Тилибиз ийкем болот окшойт. Анткени Европа, Африка, Түштүк Америкадан келген студенттерден бир топ алдыда болчубуз. Тилди башкалардан кийин окуп баштаган кыргыз студенттери бир аз эле убакыттан кийин алардан озуп кетишчү. Бизден алдыда вьетнамдык студенттер гана болор эле.

Оюмду кытайча эркин түшүндүргөнгө жарап калгандан кийин гана Кытай мага коюнун кенен ачты десем болчудай. Алардын тилинде сүйлөшүп жатсаң сени сыйлашат экен. Сатуучулар буюмун арзандатып бере баштады. Ошентип Кытайдын буга чейинки белгисиз тарабы ачылды. Эми кумурскадай жайнаган көпчүлүктүн арасында өзүмдү эркин сезип, кулактын кужурун алып жүргөн көчөдөгү ызы-чуу тескерисинче жага калды. Баштагыдай болбой, акчаны да азыраак корото баштадым”.

Кыргыздар кытайлардай эмгектенсе...

Дүйнөдө кытайлардай эмгекчил калкты кездештирүү кыйын. Китепканадан чыкпай, китебин кучактаган бойдон уктап калган студенттерди көрүп, Бишкекте окуп кыйратып атам дегендеримди эстеп, күлкүм келип жүрдү. Көчөдө жай басып, бош жүргөн студентти кезиктирбейсиң. Стадиондо жүргөн студент деле колундагы китебин окуп басат. Бул убактысын текке кетиргиси келбегендигинин белгиси да. Ошондуктан жыйырма студенттин арасынан он экиси көз айнек тагынса керек.

Аларды түшүнсө болот. Кытайда адамдын саны көп болгондуктан, жумушка орношууда атаандаштык абдан күч. Мыктылардын мыктысы гана барктуу саналган көп маяналуу орундарга илинет.

Этти сагынып кафе ачтым...

“Кытайга жаңы келгенде тамак-аштан кыйналганыбызды айтпасам деле түшүнсөңүздөр керек. Кыймылдаган эле жандыктын баарын жеген кытайлар эмнегедир камыр менен этти аз пайдаланат экен. Алар нан ордуна жеген ак күрүчкө алымсынбай жүрүп, акыры уйгурлардын, дунгандардын ашканасын издеп калдык. Ошондой мезгилдерде кыргыз ашканасын ачсам деп ойлоп койчумун.

Элеман Тилеков. Шанхай

Элеман Тилеков. Шанхай

Гуйлинде жарым жыл окугандан кийин чоң шаарга кетким келип, Шанхайга которулдум. Баары ойдогудай болгону менен этке, камырга тойбой жүрдүк. Карасам Орто Азиядан, Түркиядан, Орусиядан келген студенттер деле ошондой акыбалда экен. Эмнеге кафе ачууга болбосун деп ойлоно баштадым. Мени токтоткону, чет өлкөлүктөргө Кытайда студенттик виза менен иштөөгө тыюу салынганы болчу. Эгер иштеп атканың билинип калса депортациялап салат.

Ойлонуп отуруп кафени кытай жаранына каттатып иштете берүүнү чечтим. Ал үчүн ылайыктуу адам табуу да оңойго турган жок. Анткени мыйзам катуу иштейт, баарын көзөмөлдөп турат. Акырында тобокел деп, жакын тааныш кытайга сунуштап көрсөм, ойлонуп көрүп макул болду. Ошентип университетке жакын жерден ижарага жай алып, ишке кириштим.

“Көчмөн”...

“Көз коркок, кол баатыр” деген чын экен. Кафенин ачылганына көп убакыт болбосо да, өзүнүн кардарларын тапты. Менюда көбүнесе Орто Азия ашканасынын тамактары. Башында чет өлкөлүк студенттер келип жүрсө, азыр кытайлар да көбөйө баштады. Шанхайдын аркы бурчундагы кыргыздар да келип турушат. Алардан угуп башка улуттагылар да келишет. Ишибиз ойдогудай жүрүшүп жатат десем болот.

Кафенин атын көпкө ойлонуп атып англисче Nomad деп койдум. Кыргызча “Көчмөн” деген эле сөз. Кытай кардарлардын айтымында, “көчмөн” дегенди укканда экзотикалык тамак-ашты элестетип келишет экен. Алар күткөн нерсени сунуштаганга аракет кылып келе жатабыз. Нааразы болгондорду же жактырбай кеткендерди кездештире элекмин.

Кафенин документтери болсо кытай таанышымдын атына катталган. Салыктарды да ал төлөйт. Кызматына жараша акысын берип турам. Расмий түрдө мен бул жерде эч ким эмесмин. Бирок “көмүскөдөгү кожоюнмун” десем болот (күлүп).

Окуумду аяктарым менен эле Кыргызстанга кетем дегенден алысмын. Максатым чет элден көбүрөөк тажрыйба топтоп алуу. Мекениме дасыккан эл аралык деңгээлдеги адис болуп кайткым келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бекзат Бектурган

    Бекзат Бектурган  "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу, Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин студенти.  

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG