Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:13

Кытай-Вьетнам: деңиз талаш сотко жетти


Кытай кемелери Түштүк Кытай деңизинин Вьетнам талашкан бөлүгүндөгү мунай бургулоочу жабдууларды кайтарып турат. 14-май, 2014-жыл.

Кытай кемелери Түштүк Кытай деңизинин Вьетнам талашкан бөлүгүндөгү мунай бургулоочу жабдууларды кайтарып турат. 14-май, 2014-жыл.

Вьетнамдын Түштүк Кытай деңизине ээлик кылуу укугун эл аралык сот аркылуу талашуу аракети расмий Бээжиндин нааразылыгын жаратты. Талдоочулар расмий Ханойду мындай кадамга эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпайт деген ишеними түрткү бергенин белгилешүүдө.

Вьетнам деңиз талашынан улам сотко кайрылган Кытайдын экинчи коңшусу болду. Буга чейин ага мындай дооматты Филиппин койгон болчу.

Вьетнамдын Тышкы иштер министрлиги жарыялагандай, алар мамлекет аралык талаштарды чечүүчү Гаагадагы арбитражга өткөн аптада кайрылды. Расмий Ханой кошумчалагандай, алардын эл аралык сотко кайрылууда көздөгөнү – “мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарына” көңүл бурдуруу. Анткени Вьетнамда алардын дооматтарын колдогон “укуктук база, тарыхый далилдер” бар.

АКШдагы Тышкы байланыштар кеңешинин Азия боюнча эксперти Элизабет Экономи (Elizabeth Economy) “Азаттык” менен маегинде Түштүк Кытай деңизи боюнча талашты Филиппиндин артынан эми Вьетнамдын эл аралык сот аркылуу чечүүнү көздөшү күтүүсүз кадам экенине көңүл бурду:

- Вьетнамдыктар талашты эки тараптуу сүйлөшүү аркылуу чечүүгө аракеттенип келген. Бул алар артыкчылык берген багыт болгонун эске алганда, эми Кытайды сотко тартууга аракеттенишкени күтүүсүз чара болду. Бул менимче эки нерсени туюндурат. Биринчиси - дипломатиялык сүйлөшүүлөр оң жыйынтык бербегени. Быйыл майда Кытай талаш аймакта мунай бургулоочу жабдуу орноткондо тараптар сүйлөшүүлөрдүн ортосуна келишкен. Экинчиси - АСЕАН уюмунун соңку саммитинде кандайдыр бир жылыш болот деген үмүт бар эле. Бирок Вьетнам өкмөтү жыйындан кийин маселени жалгыз-жарымдап чече албайт экенбиз деген сезимде калгандай.

Азия саясаты боюнча америкалык эксперт Элизабет Экономи айткан Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн башын кошкон - АСЕАН уюмунун саммити өткөн айда Бирмада болгон. Анда Кытай премьери Ли Кэцян коңшуларга Түштүк Кытай деңизи боюнча достук келишимин түзүүнү сунуш кылган эле:

- Биз бир добуштан келишүүнүн негизинде, Түштүк Кытай деңизиндеги Жүрүм-турум кодекси боюнча макулдашууну жакынкы аралыкта түзүүгө даярбыз. Биз ошондой эле АСЕАН өлкөлөрү менен өз ара урмат жана ишенимдин негизинде маңыздуу карым-катнашты улантууга дилгирбиз. Биздин максат - Түштүк Кытайды анын айланасындагы өлкөлөр үчүн тынчтыктын жана достуктун глобалдык деңизине айлантуу.

Премьер Ли Кэцяндын артынан ушул айда, Бээжинде парткызматкерлер менен чоң жыйында Кытай Азиядагы коңшулары менен дос болгусу келерин президент Си Цзинпин да айтты. Бирок кытай лидери ошол эле учурда достук анын өлкөсү талаш аймактардан баш тартат дегенди билгизбей турганын эскерткен.

Вьетнамдын Эл аралык арбитражга кайрылуусуна Кытайдын Тышкы иштер министрлиги буга чейинки туруму эч өзгөрбөсүн, сотко катышпай турганын айтып жооп берди. Кытай ага караштуу аймактардын коңшулардын сот аркылуу талашуу мүдөөсүн көшөгө артынан саясий кысым көргөзүү аракети деп баалайт.

АКШдагы Тышкы байланыштар кеңешинин Азия боюнча эксперти Элизабет Экономи (Elizabeth Economy) “Азаттык” менен маегинде деңиз талашы Гаагадагы эл аралык арбитражда каралган күндө деле узакка созуларын айтып, төмөнкүлөргө токтолду:

- Кытай арбитражга катышуудан баш тарткан. Бирок бул анын дүйнөдөгү беделине терс салым кошот. Мурда Кытай имидж маселесине көңүлкош эместигин көргөзүп келген. Менимче, Вьетнам менен Филиппин бул нерсе Кытайга кандайдыр бир таасир берет деп үмүттөнүшкөндөй.

Азыр мунай жана газ ташуудагы стратегиялык жол катары саналган жана суу түбүндө энергиянын ири кору бар деп болжолдонгон Түштүк Кытай деңизинин бөлүктөрүн Кытайдан АСЕАНга Филиппин жана Вьетнамдан башка Бруней, Малайзия да талашып келет. Кытай болсо деңиздин кеминде 90% бөлүгүн өзүнө таандык деп эсептейт.

Кытайга каршы Хо Ши Миндеги демонстрация.11-май, 2014-жыл.

Кытайга каршы Хо Ши Миндеги демонстрация.11-май, 2014-жыл.

Быйыл майда Кытайдын мамлекеттик мунай компаниясынын (CNOCC) Вьетнамдын жээгинен 240 чакырымдагы Парасель (Paracels) аралдарына суунун түбүнөн мунай бургулоочу жабдууларды орнотушу вьетнам шаарларында антикытайлык демонстрацияларды жаратып, деңизде эки өлкөнүн кемелери тиреше кеткен.

Эч ким жашабаган Парасель аралдарынын түндүк бөлүгүн Кытай 1950-жылдардын ортосунан, ал эми түштүгүн 1974-жылы ал кездеги Түштүк Вьетнамдын күчтөрүнөн тартып алгандан бери көзөмөлдөйт.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG