Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:58

Кытай коңшуларына “достук келишимин” сунуш кылды


Түштүк Кытай деңизиндеги кытай кемелери. 2014-жыл.

Түштүк Кытай деңизиндеги кытай кемелери. 2014-жыл.

Кытай Түштүк-Чыгыш Азиядагы коңшуларына "достук келишимин" сунуштады. Бул тууралуу АСЕАН өлкөлөрүнүн саммитинде айтылды. Бээжин жана анын аталган аймак боюнча коңшулары стратегиялык мааниси бар Түштүк Кытай деңизин талашып келишет.

Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин ассоциациясы - АСЕАНга Бээжин менен достук келишимин түзүү сунушу кытай премьери Ли Кэцян тарабынан мурдагы Бирма, азыркы Мьянма өлкөсүндөгү саммитте жасалды.

“Кытай АСЕАН менен достук жана кызматташтык келишимине кол коюп, диалог боюнча туңгуч өнөктөш болууга даяр”,- деген Ли Кэцян саммитке келген коңшу лидерлерге кайрылып:

- Биз бир добуштан келишүүнүн негизинде,Түштүк Кытай деңизиндеги Жүрүм-турум кодекси боюнча макулдашууну жакынкы аралыкта түзүүгө даярбыз. Биз ошондой эле АСЕАН өлкөлөрү менен өз ара урмат жана ишенимдин негизинде маңыздуу карым-катнашты улантууга дилгирбиз. Биздин максат - Түштүк Кытайды айланасындагы өлкөлөр үчүн тынчтыктын жана достуктун глобалдык деңизине айлантуу, - деп сүйлөдү.

Азыр мунай жана газ ташуудагы стратегиялык жол катары саналган жана суу түбүндө газдын эң ири кору бар деп болжолдонгон Түштүк Кытай деңизинин бөлүктөрүн Кытайдан АСЕАНга мүчө төрт өлкө: Бруней, Малайзия, Филиппин жана Вьетнам талашып келет. Кытай болсо деңиздин кеминде 90% бөлүгүн өзүнө таандык деп эсептейт.

Быйыл майда деңиздин Вьетнам өзүнкү деп санаган бөлүгүнө Бээжиндин мунай бургулоочуларды жөнөтүшү бул өлкөдө Кытайга каршы тополоңдор менен коштолгон эле.

Кытай “Достук келишимин” Түштүк Чыгыш Азия боюнча майда коңшуларынын камтамачылыгын басуу үчүн сунуш кылганы менен ал анчалык деле чоң энтузиазм жаратпагандай.

Маселен, Түштүк Кытай деңизи боюнча талашты эл аралык арбитраж аркылуу чечүүнү көздөп жүргөн Филиппин өлкөсүнүн дипломаттары Рейтердин кабарчысына сунушта олуттуу деле жаңылык жоктугун, эки жыл мурда мындай демилге менен расмий Манила чыкканда Бээжин аны жерип койгонун айтышкан.

Кытайга каршы Вьетнамдагы демонстрациялар. 14-май, 2014-жыл.

Кытайга каршы Вьетнамдагы демонстрациялар. 14-май, 2014-жыл.

Анын үстүнө кытай премьери Ли Кэцян Мьянмада талашты чечүүнүн ыкмалары боюнча Бээжиндин мурдагы эле турумун кайталады.

Кытайдын көз карашында, Түштүк Кытай деңизи боюнча талаш көп тараптуу сүйлөшүүлөр же эл аралык арбитраж эмес, ар бир өлкө менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн негизинде гана жөнгө салынышы керек.

Бул маселе АСЕАН лидерлеринин кытай премьери менен кечээги жабык жыйынында да козголгон.

Уюмдун төрагасынын билдирүүсүндө “Биз Түштүк Кытай деңизиндеги кырдаалга тынчсызданган бойдон турабыз” деп айтылат.

Кытайдын бул жааттагы саясатынан чочулаган Филиппин менен Вьетнам азыр Кошмо Штаттар менен тыгыз алака түзүүгө ыктаганы байкалат.

Президент Барак Обама кечээ Мьянмада Вьетнамдын премьер-министри Нгуен Тан Зунг менен алгачкы расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда Обама “биздин ишенимибизде, аймактагы өлкөлөр чоңбу же кичинеби жаңжалдарды чечүүдө эрежени карманганы маанилүү” деп белгилеген.

Деңиз талаш Азиянын эки дөө-шаасы: Кытай менен Жапониянын ортосунда да бар.

Жапон премьери Синзо Абэ менен Кытайдын лидери Си Цзинпин.

Жапон премьери Синзо Абэ менен Кытайдын лидери Си Цзинпин.

​Мындан улам эки өлкө лидерлери акыркы үч жылдан бери алгачкы ирет ушул аптада, Бээжинде, Азия-Тынч океан кызматташтык уюмунун саммити учурунда гана жолукту. Жапон премьери Синзо Абэ ал сүйлөшүүлөрдөн кийин:

- Президент Си Цзинпин жана мен жогорку деңгээлдеги диалогго жетише алдык. Бул эки тараптуу алакаларды жакшыртууда алдыга карай чоң кадам. Акыркы кездери биз Чыгыш Кытай деңизи боюнча чыңалууну көрдүк. Күтүүсүз кагылышууларга жол бербөө үчүн деңиз боюнча байланыш каналын түзүүнү макулдаштык, - деп билдирди.

Жапония жана Кытай Чыгыш Кытай деңизиндеги аралдарды талашып жүрөт. Кытай былтыр атүгүл талаш аймакта абадан коргонуу зонасын түзгөнүн да жарыялап жиберген.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG