Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:52

Кытай-Индия: Эки дөө эрегиштен саясатка жол алды


Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх(оңдо) жана Кытайдын премьер-министри Ли Кецян Жаңы Делидеги Президенттик сарайдагы конок күтүү салтанаты кезде. 20-май 2013
Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх(оңдо) жана Кытайдын премьер-министри Ли Кецян Жаңы Делидеги Президенттик сарайдагы конок күтүү салтанаты кезде. 20-май 2013

Кытай өкмөтү Индия менен өз ара ишенимди бекемдеп, кызматташууну жакшыртууну каалайт.

Мындай билдирүүнү Кытайдын премьер-министри Ли Кецян дүйшөмбү күнү Индиянын өкмөт башчысы Манмохан Сингх менен Жаңы Делиде болгон кездешүүдө жасады. Ли ошондой эле Кытай жана Индия ортосундагы “стратегиялык кызматташтыксыз дүйнөдө тынчтык реалдуу болбосун" баса белгиледи. Кытай жана Индияда дүйнө элинин 40 проценти жашайт.

Бул Ли Кецян март айында Кытайдын премьер-министри болуп бекитилгенден бери тыш өлкөгө жасаган туңгуч сапары. Анын Жаңы Делидеги үч күндүк сапары Бээжиндин Индия менен чек ара маселесин жөндөөгө аябай кызыкдар экенин көрсөттү. 5-майда Гималай тоолорундагы Ладах аймагында Кытай жана Индия аскерлеринин 20 күндүк тирешүүсү тынч аяктаган. Талаштуу тилкеге 19 чакырым терең кирип, чатыр тигип алган Кытай аскерлери чыгып кеткен.

Эки өлкө ортону бөлгөн 4 миң чакырымдык чек аранын такталбаган жерлери үчүн 1962-жылы бир нече күн жан аябай согушкан. Индия Гималай тоолорунун Кашмир чөлкөмүндөгү Кытайдын башкаруусунда 43 миң чарчы чакырым жер бизге таандык деп эсептейт. Кытай болсо Индиянын Түндүк Чыгышындагы Арунагал Прадеш штатындагы 90 миң чарчы чакырым жерге ээ чыгып жүрөт.

Индияны чек ара көйгөйүнөн башка да Кытайдын эки өлкөнү аралай өткөн дарыяларга дамба куруу боюнча долбоорлору да тынчсыздандырат.

Кытай премьер-министри Ли Кецян дүйшөмбү күнү Индиянын өкмөт башчысы Манмохан Сингх менен кездешкенден кийинки маалымат жыйынында эки арада чек ара проблемасы бар экенин моюнуна алды:

- Эки жак тарыхтан калган чек ара маселесине карабай, эки ортодогу суроолорду жөндөөнүн принциптерин иштеп чыкканбыз деп ишенет жана ошондой эле чек ара аймактарындагы бейпилдикти жана тынчтыкты сактоо үчүн чогуу иштешкенбиз.

Ли ошондой эле Кытайдын жана Индиянын атайын чабармандары чукул арада кездешип, эки жактын кызыкчылыгына жооп бергендей келишимдин долбоорун иштеп чыкканга аракет кыларын кошумчалады.

Индия менен Кытайдын чек ара аймагынын картасы.
Индия менен Кытайдын чек ара аймагынын картасы.
Indian Express гезитинин аты аталбаган расмий булактарга таянып жазышынча, Ли Кецян сапардын жыйынтыгы боюнча жасалчу жалпы билдирүүгө “Тынч океан регионундагы талаштуу территориялар ага түздөн-түз тиешеси бар гана өлкөлөрдүн иши”, тактап айтканда, ага үчүнчү тараптар катыша албайт деген сүйлөмдү киргизгенге аракет кылган. Буга Сингх макул болбой койгон.

Түштүк Кытай деңизиндеги Нанша (Спратли) архипелагына, Сиша (Парасель) жана Чжунша аралдарына кеминде беш өлкө: Кытай, Бруней, Вьетнам, Малайзия жана Филиппин ээ чыгып жүрөт. Жапония менен Кытай ортосунда да талаш аралдар бар.

Индия жана Кытай 2015-жылга өз ара сооданын көлөмүн азыркы 66 млрд. доллардан 100 млрд. долларга чыгаралы деп макулдашты. Азыр бирок Индиянын соода таңкыстыгы 29 млрд. долларды түзөт. Бул маселе Жаңы Делидеги сүйлөшүүдө кырынан коюлганын премьер-министр Манмохан Сингх дүйшөмбү күнкү маалымат жыйынында ачыкка чыгарды:

- Мен премьер-министр Лиге соода балансындагы таңсыктыкка байланыштуу биздин кабатырлануубузду айттым жана биздин экспорт менен инвестиция үчүн Кытай рыногун кеңейтүү жолун сүйлөштүк. Мен ошондой эле, Кытайды биздин инфраструктурадагы жана кайра иштетүү өнөр-жайындагы кеңири мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууну көбөйткөнгө чакырдым.

Маалымдалгандай, Кытай жана Индия экономикалык байланышты жана кызматташууну жакшыртуу үчүн сегиз келишимге кол койду. Андан тышкары Индиянын Essar корпорациясы Кытайдын өнүгүү банкы жана эң чоң мунай-газ компаниясы Petro China менен кара май иштетүү боюнча 1 млрд. долларлык келишимге кол коймокчу. Ага акчаны Кытай берип, акысына Petro China индиялык компаниядан үзбөй мунай менен алып турат.

XS
SM
MD
LG