Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Обама Түштүк-Чыгыш Азияны кыдырууда


Обама жана Чинават сүйлөшүүлөр алдында. Бангкок, 18-ноябрь, 2012-жыл.
Обама жана Чинават сүйлөшүүлөр алдында. Бангкок, 18-ноябрь, 2012-жыл.

Бул тарыхый визит катары мүнөздөлүүдө. АКШ президенти ондогон жылдар аскерий бийлик өкүм сүргөн Бирмага туңгуч ирет келип жатат.

Президенттикке кайра шайланаар замат Түштүк-Чыгыш Азиянын үч өлкөсү боюнча кыска сапарга аттанган Барак Обама оболу Таиландда токтоду.

Кечээ Бангкоктон сүйлөгөн кезинде Барак Обама Бирмага баруу анын өкмөтүн колдоо эмес, өлкөдө жүрүп жаткан демократиялык өзгөрүүлөрдү таануу экендигин баса белгиледи:

-Мен Кошмо Штаттардын бул өлкөгө барган алгачкы президенти катары Бирманын коомчулугуна кайрылганымда, алар менден адам укуктарын, саясий эркиндикти урматтаган өлкөнү көздөй кадам ташташканына куттуктообузду угушат. Ага катар өлкөнүн алдында али узак жол тургандыгын да айтам. Менин визитим - Бирма өкмөтүн колдогондук эмес. Бул өлкө ичинде жүрүп жаткан, бир жарым, эки жыл мурда эле эч ким элестете албаган жараяндарды тааныгандык. Бирок мен кимдир бирөөдө Бирма бара турган жерине жетти деген иллиюзия бар деп ойлобойм.

Барак Обама кошумчалгандай, анын Бирмадагы сапарынын максаттарынын
бири - буга чейин жетишилген прогрессти бөлүп көргөзүп, келечекте зарыл болгон чоңураак иштерге колдоо көргөзүү.

АКШ жана Батыш өлкөлөрү Бирма өкмөтүнүн саясий айыпкерлерди түрмөдөн бошотуусун, ондогон жылдар ичинде атаандаштык негиздеги алгачкы шайлоону өткөрүүсүн кубатташкан.

Бирок АКШ президенти Бирмага эртерээк бара жатканын айткан сынчылар да болду. Алар абакта али жүздөгөн саясий айыпкерлер калып жатканын, өлкө этникалык негиздеги жаңжалдардан арыла электигин жүйө тартышат.

Янгондо Обама Бирма президенти Тейн Сейн, оппозиция лидери Аун Сан Су Чжи менен сүйлөшүүлөрү мерчемделген.

Кытайдын таасирин азайтуу

“Лос-Анжелес Таймс” гезитинин жазганына караганда, Түштүк-Чыгыш Азия боюнча азыркы сапары Обама АКШнын аймактагы таасирин жана алака-катышын чыңдоого багыт алганын көргөзүүдө.

Басылма атүгүл бул визитти көңүл Жакынкы Чыгыштан Азия-Тынч океан өлкөлөрүнө бурулганынын далили катары баалап, ага Кытай да кылдат байкоо саларын белгилеген.

Анткени Вашингтон азыр Түштүк Азия чөлкөмүндүнө Кытайдын кубаты өскөнүнөн, өзгөчө Түштүк Кытай деңизиндеги соода жолдор үчүн атаандаштык күчөгөнүнөн улам АКШ тең салмактуулукту каалаган өлкөлөр менен аскерий жана соода байланыштарды чыңдоого дилгирленип жаткан кези.

АКШ менен Таиланддын Бангкоктогу кечээги сүйлөшүүлөрүнөн кийин бул өлкөнүн премьер-министри Йинглак Чинават:

- Биз АКШнын Түштүк-Чыгыш Азияга көңүл буруусу кайра жанданганын кубаттайбыз. Биздин эки тараптуу өнөктөштүк аймактык тынчтыкка, коопсуздукка, бакубатчылыкка салым кошот деген ишенимдебиз.

Йинглак Чинават Таиланд Транс-Тынч океан өнөктөштүгү боюнча АКШ баштаган сүйлөшүүлөргө кошулууну каалаарын жарыялады.

Транс-Тынч океан өнөктөштүгү - Вашингтон азыр сүйлөшүү жүргүзүп жаткан он өлкө: Австралия, Бруней, Канада, Чили, Малазия, Мексика, Жаңы Зеландия, Перу, Сингапур, Вьетнам менен эркин соода келишими.

Обама сапарын Камбоджада аяктап, шейшемби күнү ал жерде Чыгыш Азия саммитине катышмакчы.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG