Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:35

Орусиялыктар жылмайганда:  23-феврал – тамаша сөз бутасы


Орусиядагы тамашалуу куттук катта “23-(феврал) дем алыш күн болгону үчүн ыракмат, менин сүйүктүү Армияма!” деп жазылган.
Орусиядагы тамашалуу куттук катта “23-(феврал) дем алыш күн болгону үчүн ыракмат, менин сүйүктүү Армияма!” деп жазылган.

Адатта, карапайым орусиялыктар 23-феврал майрамын эч кандай армияга байланыштырбастан, 8-марттагы белек-бечкекти камдоо алдындагы психологиялык камылга күнүнө байланыштырат. Негизи, бул эки майрамды тең көбүнесе эркектер жан-дили менен майрамдап кетишет. Муну орусиялык анекдоттор деле такмазалайт.

* * * * * * *

Тра-ля-ля!

Тра-ля лай!

Жыйырма үчүнчү февралда

Эркектерге жыргал ай!

Эч себеби жок деле

Белек берет кыздар ай!

* * * * * * *

- Сага эмне болду, эмнеге сиркең суу көтөрбөй турат?

- Кечээ 23-февралга деп күйөөмө балык кармай турган кайырмактарды сатып бергем.

- Анда ал сүйүнгөн тура. «Ал ар жекшембиде балык уулаганга кетет» деп айтып жүрчү элең го?

- Ошентчүмүн. Тиги болсо кайырмактарды айландыра карап туруп: «Бул – эмне?» деп таң кала сурап атпайбы!

* * * * * * *

Кызы атакесине 23-февралга деп өз колу менен жасаган кооз куттук катты белек кылды. Атакеси ага 8-мартка карата өз колу менен жасаган iPhone тартуулады.

* * * * * * *

Мына, жигиттер! 23-феврал да артта калды, эми 8-мартка белек ала турган селкилердин тизмеси өзүнөн өзү такталып калды!

* * * * * * *

- Сени жетекчиң эмнеге кызматтан айдап жатат? Ал таз башка эмнең жакпай калыптыр?

- Билбейм, өзүм да түшүнбөй турам. 23-февралга ага жакшынакай эле тарак белек кылган болчумун.

* * * * * * *

- Бүгүн дүкөндөгү эркектердин ич кийимдери, байпактары, сакал алгыч үчүн көбүк, деги койчу, бүт сатылып кетти! А, себебин эми билдим. Эртең – 23-феврал эмеспи!

* * * * * * *

Келгиле, 14-феврал менен 23-февралды алиги 8-мартка кошуп туруп, “Ата мекенди коргоочуларды сүйүп калган айымдардын эл аралык күнү” деп жарыялап салбайлыбы?!.

* * * * * * *

- Сага 23-февралга карата эң чоң белек камдадым, жаным!

- Кандай белек?

- Башыңды оорутуп 8-мартта мага эч кандай белек тартуулабай турганыңдай мүмкүнчүлүктү!

* * * * * * *

XS
SM
MD
LG