Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:37

Үй-бүлөлүк зомбулук казынаны какшытат


Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы өткөн кампаниянын сүрөтү. Бишкек. 22-ноябрь, 2013-жыл.

Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы өткөн кампаниянын сүрөтү. Бишкек. 22-ноябрь, 2013-жыл.

Экономиканын башкы зыяндарынын бири катары жалпы коомчулук согушту эсептейт. Бирок үй-бүлөлүк зомбулук дүйнө экономикасына урулуп жаткан эӊ чоӊ соккунун башында турат дешет эксперттер.

Американын Стэнфорд университетинин окумуштуусу Жеймс Фэрон жана Оксфорд университетинин профессору Энки Хоффлер аялдар менен балдарга карата болгон өкүмзордук глобалдык экономиканын башкы душманы экенин аныкташты. Алардын айтымында, үй-бүлөлүк зомбулук атуулдук согушка караганда казынага алда канча көп чыгым алып келет.

Африка экономикасын изилдөөчү илимий борбордо жүргүзүлгөн бул иликтөөдө куралдуу кагылышта каза тапкан бир кишиге үй-бүлөлүк зомбулукка учурап өлгөн тогуз киши туура келери белгилүү болду.

2008-жылы дүйнөдө 418 миӊ киши үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон. Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча ар бир 100 миӊ кишинин ону өз жакынынын колунан ажал табууда.

Американын экономикасы үчүн үй-бүлөлүк зомбулук жылына 9,1 миллион доллар чыгым алып келсе, дүйнөлүк экономиканын ички дүӊ өнүмүнүн 1,7 проценти үй-бүлөлүк зомбулуктун чыгымынан жабыркоодо. Ал арада атуулдук кагылышуудан ички дүӊ өнүм тарткан зыянды Дүйнөлүк Экономика форуму 0,2 процент гана деп эсептеди.

Science журналында чыккан изилдөөгө ылайык, Сахара чөлкөмү жана Африкадагы аялдардын 28 проценти күйөөсүнөн запкы көрүп келет. "Өмүрлүк жарынан же кайындарынан запкы көргөн аялдар тарткан экономикалык чыгым дүйнөдө жылына 4,4 триллион доллар болуп, ички дүӊ өнүмдүн 5,2 процентине барабар болду" деп жазат Science.

Запкы көргөндөрдүн экинчи чоӊ тобу – балдар. Бириккен улуттар уюмунун маалымдоосу боюнча зомбулукка учураган балдардын 80 проценти ата-энесинин ур-тепкисине кабылгандар. Ай сайын дүйнөдө болжол менен 290 миллион бала ата-энеси же үйүндөгү улуу кишилерден таяк жеп, анын зыяны 3,6 триллион доллар, же глобалдык ички өнүмдүн 4,2 процентине барабар болууда.

Кыргызстанда үч жыл мурда үй-бүлөлүк зомбулуктун өлкө капчыгына тийгизген таасири изилденип, натыйжада анын экономикага таасири олуттуу болору аныкталган. "Тилекке каршы, бизде мыйзамдар толук кандуу иштебегендиктен, зомбулуктун бул түрү кадыресе жашоо-образга айланып калган",- деди “Сезим” кризистик борборунун төрайымы Бүбүсара Рыскулова. Анын айтымында, аялдардын кыймылсыз мүлккө ээлик кылуу укугу бир топ учурда күйөөсү тарабынан оӊой эле тебеленип, үй-жайсыз жана каражатсыз калган аялдар менен балдар коомдо жакыр катмарды жаратууда:

- Мисал келтирсек, орто эсеп менен эки же үч балалуу жабыркаган үй-бүлө үчүн абдан эле оор. Биздин Кыргызстанда мыйзамдар жакшы иштебейт. Турмуштары жакшы болсо дагы, үй-мүлкү болсо деле эгерде эркек кишиде башка аял алам же ажырашам деген ой пайда болсо, колунда барлары тууган-туушканына жазып койот дагы эч нерсем жок деп койот. Ушунун айынан үй-бүлө жабыркап, материалдык чыгымга учурап, көчөдө калгандар бар. Ошондой акыбалда тарбияланып, чоӊойгон балдар да экономикалык жактан кыйналат. Акча менен эсептегенде да мамлекет деле, үй-бүлө, жеке киши жана балдар дагы миӊдеген зыян тартып кыйналат да.

Эл аралык каржылык жардамдын 0,27 проценти үй-бүлөлүк зомбулукту токтотууга багытталган долбоорлорго жумшалат. 1993-жылы Боготада 100 миӊ атуулдун сексени жакындарынын колунан ажал таап турган. Өкмөт тийиштүү чараларды көрүп, жазалоо системасын өзгөрткөндөн кийин азыр бул көрсөткүч 21 кишиге азайган. Зомбулуктун башкы себептеринин бири алкоголдук ичимдиктер экенин Дүйнөлүк Экономика форуму баса белгилөөдө. Андыктан аталган уюм алкоголду көзөмөлдөөчү күчтөрдү арттыруу керек деп эсептейт. Азыркы учурда глобалдык экономиканын балдар жана аялдарга карата зомбулуктун айынан тарткан зыяны сегиз триллион доллар деп эсептелүүдө.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG