Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:03

Аял ыйлаган коом бактысыз


Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы өткөн кампаниянын сүрөтү. 22-ноябрь, 2013-жыл.

Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы өткөн кампаниянын сүрөтү. 22-ноябрь, 2013-жыл.

Акыйкатчы институтунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда былтыр үй-бүлө зомбулугунан 12 адам мерт болгон. Укук коргоочулар зомбулук көргөн аялдардын саны азайбай жатканын белгилешүүдө.

ИИМдин маалыматы боюнча милицияга кайрылгандардын саны өткөн жылы 2500дөн ашкан. Көз карандысыз эксперттер, укук коргоочулар үй-бүлөдө зомбулуктун ар кандай түрүнө кабылган кыз-келиндердин саны алда канча көп экенин белгилеп, жарандардын коопсуздугун мамлекет камсыз кыла албай жатканын сындашууда. “Аялзат” программасынын кезектеги чыгарылышы үй-бүлөдөгү зомбулук маселесине арналды.

Фарида күйөөсүнөн токмок жеп, Ысык-Көлдөн Бишкектеги “Сезим” кризистик борборуна эки баласы менен качып келген. Ал күйөөсүнүн ур-токмогун буга чейин да далай жеп, чыдамы түгөнгөндө ушул кадамга барган.

- Башка, ичке урат, иши кылса туш келген жериме ура берет, тепкилейт. Бутумду тепкен эле шишип кетти. Сынып калды го дегем, сынбаптыр. Акыркы жолу урганда маңдайдагы үч тишимди сындыра чапты...


45 жаштагы Фариданы күйөөсү бети көгаладан көрүнбөй калганча сабаган, тепкилеген. Биз барган учурда деле бети-башы томпоюп, таяктын изи калыптыр. Өзүнүн айтымында, үйдөгү уруштун көбү кызганычтан чыгат өңдүү.

- Иштеткиси келбейт, үйдө эле отура бер дейт. Мен да иштейин, аз да болсо кошумча акча табайын десем макул болбойт. Мен табам, мен иштейм дейт. Тапканы тамакка араң жетет. Насыяларыбыз бар. Ошону төлөй албай кыйналат, анан жинин бизден чыгарат. 50 сом, кээде жүз сом таштап коет. Ал эч нерсеге жетпейт. Иш тууралуу айтсаң эле жини келет, кол көтөрөт, сабайт, аябайт такыр. Аялдарга такыр ишенбейт. Кээде ичип келип урат. Бир-эки саат ызы-чуу болуп урушуп, ызылдашып анан кайра эле эч нерсе болбогондой чогуу чай ичип отуруп калабыз. Ошого көнүп деле калсак керек.

Ичпеген учурда жакшы эле. Бирок биздин үйдө уруш тез-тез эле кайталанып турат. Ушул убакка чейин үй-бүлөнү сактайын, балдар чоңойгондо бул кыялы калып калат деп жүрүп ушул убакка келдим. Көрсө өзүмдү артка тартып жүрө бериптирмин. Балдарым чоңойгондо “апа, майып болуп кала электе кетип калыңыз” деп айтышты. Эми ажырашам деген чечимге келдим.

Мындан 20 жыл илгери бактылуу үй-бүлө болобуз, турмуштун ысык-суугун бирге көтөрөбүз, бири-бирибизди сыйлайбыз деп баш кошкон бул үй-бүлө азыр минтип ыдырап отурат. Эки баласы атасы менен калып, эки баласы энеси менен жүргөн чагы. 20 жылдан бери далай зомбулук көргөн Фарида “майып болуп кала элегиңизде кетиңиз” деген балдарынын сөзүнөн кийин гана үйүнөн качып чыккан.
Тилекке каршы, Кыргызстандын ар бир айылында Фариданын тагдырындай тагдырга туш болуп, күйөөсүнөн келтек жеген кыз-келиндердин саны ондоп саналат.

Ушул маселе боюнча милицияга кайрылгандардын саны быйыл эки айда 500дөн ашса, былтыр бир жылда 2600гө чукулдаган. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Жоробай Абдраимовдун айтымында, арыздангандардын басымдуу бөлүгү уруп-согууга кабылышат. Дагы бир бөлүгү психикалык басмырлоого туш болушат.

- 2013-жылда республика боюнча үй-бүлөлүк зомбулуктун 2542 учуру катталган. Анын ичинен 2014ү физикалык, күч колдонгон зомбулук, 500дөн ашууну психикалык, 11и сексулдык мүнөздө. Ушул кайрылуулардын негизинде 1300дөн ашуун адам административдик жоопкерчиликке тартылган. Калгандары өз ара жарашып алышат. Уят болобуз деген кыязда көпчүлүк учурда жарашат да, белгилүү бир убактан кийин кайра кайталанат. 2013-жылы катталган кайрылууларда өлүм болгон эмес.


Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы өткөн кампаниянын сүрөтү. 22-ноябрь, 2013-жыл.

Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы өткөн кампаниянын сүрөтү. 22-ноябрь, 2013-жыл.

Укук коргоочулар үй-бүлөдө зомбулуктун ар кандай түрүнө кабылган кыз-келиндер милиция көрсөткөн сандан алда канча көп экенин белгилеп келишет. Алар көп иштер “үй-бүлө мүчөлөрүнө зомбулук көрсөтүү” деген берене менен эмес, “бейбаштык” беренеси боюнча катталып калат дешет.

Эксперттердин айтымында, үй-бүлөлүк зомбулуктун негизги төрт түрү бар: уруп-сабоо, сексуалдык, психологиялык жана экономикалык зомбулуктар. Сексуалдык – бул аялды ой-боюна койбой жыныстык катнашка мажбурлоо. Эмоциялык зомбулукка кемсинтүү, шылдыңдоо, коомчулукка аралаштырбоо, сурак алуу, өлтүрүп коём деп коркутуу кирет. Ал эми экономикалык зомбулукка дуушар болгон аялдын күйөөсү каражатты жөнү жок көзөмөлдөп, билим алууга, иштегенге уруксат бербейт. Ар кандай иликтөөлөргө караганда, Кыргызстанда аялдардын 75% ушул өңдүү зомбулуктун кайсы бир түрүнө кабылышат.

Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулук үй-бүлөдө, айрыкча элетте жашагандарда арбын кездешет. Гендер маселелери боюнча эксперт, Ички иштер министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин мүчөсү Таалайгүл Исакунованын айтымында, күйөөсүнөн кордук көргөн аял эзели укугун ачык коргоп чыкпайт. Ага жараша айрым эркектер аялын муштум менен тарбиялоону кадыресе көрүнүш катары санашат.

- Бул жабык маселе. Муну ар бир аял башынан өткөргөн учурлар болгон, бирок эч качан айткысы келбейт, айткандан заарканат, уялат. Айтайын десе дагы биринчиден, укуктарын билбейт. Экинчиден, каякка барып укугун коргош керектигинен кабарсыз. Үчүнчүдөн, бизде жарандык-процессуалдык, кылмыш- процессуалдык мыйзамдар өтө татаал. Буга убакыт, билим, акча талап кылынгандыктан көп аялдардын укуктарын коргоп чыкканга мүмкүнчүлүгү жок. Дагы башка маселе, коомдо эркек үстөмдүк кылышы керек, ал бийликти алып барыш керек, эркектин сөзүн угуш керек, ага баш ийиш керек деген калыптанып калган көз караштар да бул маселенин азайбай жатышына себеп болууда.


Кыргызстандын башкы укук коргоочусу, акыйкатчы Бактыбек Аманбаев жыл өткөн сайын зомбулукка кабылган кыз-келиндердин көбөйгөнүнө тынчсызданууда. Аманбаевдин белгилешинче, үй-бүлө зомбулугунан өткөн жылы 12 адам мерт болгон.

- Дайыма кездешкен, кайталаган, бир аял эмес, ондогон, жүздөгөн аялдардын тагдырына түздөн түз тиешеси бар системалуу укук бузуу туурасында айтпай жатабыз. Бул – үй-бүлөдөгү зомбулук маселеси. 2013-жылы ушунун айынан 12 адам өлтүрүү болгон. Мында эркек менен аял эле жабыр тартпастан үй-бүлө мүчөлөрү, балдары жаштайынан психологиялык, моралдык жаракат алууда. Мындан улам балдар тиешелүү билим, жетишерлик тарбия ала турмушка анча жарамсыз, даяр эмес муундун келип чыгышына шарт түзүп жатабыз.

“Демократиялык процестерди иликтөө” борборунун маалыматына ылайык, зомбулукка кабылган аялдардын дээрлик бардыгы укук коргоо органдарына кайрылышпайт. Аталган уюмдун өкүлү, укук коргоочу Таалайгүл Исакунованын белгилешинче, травма алып ооруканага кайрылган аялдардын 40 пайыздан ашууну үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыркагандар экен. Ар кандай иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, “адам өлтүрүү” беренеси менен абакта отурган аялдардын 80% ашууну - күйөөсүн өлтүргөндөр. “Бул үй-бүлөдөгү көп жыл бою уланып келаткан зомбулукту аялдар өздөрү токтотууну чечкендигинин көрсөткүчү”, - деди Исакунова.

- Биздин изилдөөлөргө караганда, “адам өлтүрүү”, “адам өлтүрүүгө аракет кылуу” деген беренелер менен соттолуп, абакта отурган аялдардын 87 пайызы үй-бүлөдөгү зомбулукка чыдап жүрүп анан ушул жолго баргандар экен.

2012-жылы үй-бүлөсүнө зомбулук көрсөткөндөрдү жазалоо жаңы чара менен толукталган болчу. Ага ылайык, зомбулук көрсөткөн адамдар беш күнгө камалат. Бирок бул деле маселени чече албай жаткандай...

Күйөөсүнөн токмок жеген, сексуалдык зомбулукка кабылган көптөгөн кыз-келиндер “Сезим” кризистик борборуна кайрылат. Бул борбор өзүнүн ишин 1999-жылы баштаган. Ошол кезде сурамжылоого катышкан кыз-келиндердин 80% зомбулуктун ар кандай түрүнө кабылганын айтышкан. Аталган борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова аларга кайрылган жана телефон чалып кеп-кеңеш алган аялдардын санынан улам азыр деле абал өзгөргөн жок деп эсептейт:

- Коомдо болуп жаткан көйгөйлөрдүн баары, жумушсуздук, кумарпоздук, баңгилик, миграция деген маселелердин баары эле үй-бүлө аркылуу, жеке адамдын тагдыры аркылуу өтүп атат. Турмуштагы көйгөйлүү нерселерди көтөрө албай күчүн үй-бүлөдөн чыгаргандар бар. Өзгөчө эркектер эч кимге барбайт, ичиндеги бугун эч кимге айта албайт анан күчүн аялдан, балдардан чыгарат. Биз эркек балдарды кантип тарбиялап жатабыз? Сен кыйынсың, сен табышкерсиң, жоокерсиң, ыйлабашың керек, темирсиң дейбиз. А бирок турмушта дайыма эле темирдей бекем болбойт экен.


Акыйкатчы Бакыт Аманбаев үй-бүлө зомбулугу боюнча атайын баяндама жасап, мамлекет жарандардын коопсуздугун камсыз кыла албай жатканын айтты. Анда зордук-зомбулуктун коомго, келечектеги балдарга тийгизген кесепеттеринен сырткары мамлекеттик бюджетке келтирген чыгымы туурасында айтып берди:

- Эгер зордук-зомбулук үй-бүлөдөгү бир мүчөсүнүн өлүмү менен аяктай турган болсо, анда бул мамлекетке канча зыян алып келет деген маселени эсептеп чыктык. Андай шартта “адам өлтүрүү” фактысы менен жок дегенде 14 жылга абакка кесилет. Ал адам 14 жыл мамлекеттин карамагында болот, кийим-кечеги, тамак-ашына каражат бөлүнөт. Баш-аягы бир кишиге сарптачу мамлекеттин каражаты 1 млн. 600 миң сомду түзөт экен. Ал эми мындайлардын саны соңку учурда өсүп баратат. Ошондуктан бул маселенин алдын алуу керек.

Бул каражатка административдик жаза, дарыгер, милициялардын аракеттери, дары-дармекке кеткен чыгымдар, зомбулук тарткан тараптын, эгер адам каза болсо сөөк коюудагы чыгамдары эсптелген эмес.

Эркектер эмне үчүн аялга кол көтөрөт?

Бишкек шаарынын тургундарына суроо салып, үй-бүлөдө зомбулукка кабылдыңыз беле? Эркектер эмнеге аялдарга кол көтөрөт деген суроо узаттым. Сурамжылоонун жооптору төмөнкү видеодо:


Кыргызстанда аялдарга карата зордук-зомбулук үй-бүлөдө, айрыкча элетте жашаган бүлөлөрдө арбын кездешери жашыруун эмес. Мисалы Оштогу “Ак-жүрөк” моралдык-психологиялык борборуна жыл сайын 800дөй аял кайрылат.

Канткен менен азыр жалаң эле аялдар зомбулукка кабылууда деген да жөнсүз болчудай. Анткени ИИМдин өкүлү Абдраимовдун айтымында, 2320дан ашуун ордер эркектерге берилсе, 62си аялдарга берилген.

- Гендердик зомбулук болгондо аялдын деле, эркектин деле укугу бирдей коюлат. Бүгүнкү күндө эркекке карата зомбулук жөнүндө да көп маселелер айтылып жатпайбы. Бирок Кыргызстанда телегейи тегиз, бактылуу аялдар абдан көп. Анан ар бир экинчи, үчүнчү аял зомбулукка кабылат деп айтпаймын. Зомбулук бар, бирок алардын саны абдан аз. Кээ бирлерге окшоп мен көбүртүп-жабыртып айткым келбейт.

"Статистикага караганда деле аял көчөдөн, иштеген жеринен таяк жебейт. Ал үйүнө келип, жакын адамынан таяк жеп жатпайбы. Ошондуктан үй-бүлөлүк баалуулуктар, жоопкерчилик сезимдери тууралуу маселени негизги багыт катары алып чыгышыбыз керек. Ушул жагынан жакшы иштерди аткарсак зомбулуктун алдын алган болот элек, биз алдын алганга аракет кылышыбыз керек. Кыргыздын аялдары таяк жеген аял болгон эмес, кыргыздын мырзалары аялын сабаган эмес да. Бул кийин гана жасалма жаратып алган нерселер", - деди вице-премьер-министрдин мурдагы кеңешчиси, социолог Топчүгүл Шайдуллаева.

Көп учурда токмок жеген аялдар үй-бүлөсүн сактап калуу аргасынан балдарым деп күйөөсүнө кайтып барат. Төрт баланын энеси, биз башында сөз кылган Фатима деле тишин талкалаган күйөөсү жалынып-жалбарып кечирим сурап келсе, кайра эле ээрчишип кетиши толук ыктымал. Анткени ажырашам деген чечимин буга чейин деле көп жолу кайтарып алган. Коомчулуктун жана аялзаттын өзүнүн “эрди-катын урушат, эси кеткен болушат” деген түшүнүктөн арыла албай жатышы бул көрүнүштүн азайбай жатышына себеп болууда...

Социалдык өнүктүрүү министрлиги аялдарды зомбулуктун бардык формаларынан коргой турган мыйзам долбоорун даярдап жатат. Аталган министрликтин Гендер саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Назгүл Бейшееванын билдиришинче, зомбулуктун алдын алып, үй-бүлө институтун бекемдөө максатында “Бекем үй-бүлө – бекем мамлекет” деген стратегия иштеп чыгуу демилгеси да көтөрүлүүдө.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG