Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:29

Жакында эле кабарчыбыз Жанар Акаевдин "Facebook: Күйөөм дубалды сүздүрөт, сабайт..." деген аталыштагы макаласы жарык көргөн эле. Ошондон көп өтпөй үй-бүлөдөгү зомбулуктан жабыркаган айымдан кат келди.

Урматтуу, Жанар!

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук тууралуу интернет аркылуу талкууну койгонуңуз мени кубандырды. Себеби бул теманы талкуулап, маани-маңызын кыргыз жаштарына жеткирүү азыркы учурда өтө маанилүү.

Эмне үчүн проблема чечилбейт? Себеби аялдар менен эркектердин үй-бүлөдөгү зомбулук боюнча пикирлери келишпейт (бул менин жеке оюм). Көпчүлүк эркектер "күйөөсү аялын сабап жатса, бул нормалдуу көрүнүш" деп эсептесе, көпчүлүк аялдар бул маселе боюнча тескери оюн айтышат.

Эгерде аялзатын кордоо жана сабаган туура эмес деп эсептесек, анда "күйөөсү аялын сабап жатса, бул нормалдуу көрүнүш" деген көпчүлүк эркектердин пикирлерин өзгөртүү боюнча чаралар көрүлүш керек.

Менин сизге жеке кат жазуумдун себеби, мен өз окуямды "Фейсбук" аркылуу бул темадагы дубалдарга жайгаштыра албайм, себеби мен да үй-бүлөдөгү зомбулуктан жапа жеккем, андыктан досторумдун, тааныштарымдын алдында бул жөнүндө жарыялагандан уялам. Мага окшоп уялып, жакындарына билдирбей жүргөндөр көп эле деп эсептейм.

Мен сүйлөшкөн жигитиме 2 жыл мурун турмушка чыккам. 7 жыл бою сүйлөшүп, сүйүп жүргөн адам мени турмуш кургандан кийин ушунчалык кордойт деп ойлогон эмесмин. Бардык эле сабалып жаткан аялдарга окшоп башында чыдадым, күйөөм үчүн, жаңы төрөлгөн балам үчүн "жогол, кет, сенин мага керегиң жок" деген сөздөргө карабай, жакшы жашап кетебиз, бул убактылуу көрүнүш деп, ажылдап урушчу эмесмин (башында), себеби бир үн чыгарсам дагы да таяк жечүмүн, андыктан үн чыгарбай чыдачумун, кошуна-колоңго, туугандарга уят болгум келчү эмес...

Бирок турмушубуздун акыркы айларында болбогон нерселер үчүн эле сабай баштады: "сен мени түртүп өтүп кеттиң, мен сенин күйөөңмүн, мени түрткөнгө болбойт", же "сен өзүңдү менден акылдуу сезесиң, сен өзүңдү менден тупой сезишиң керек, мен сенин күйөөңмүн", "жогол, кет, сенин да, балаңдын да мага кереги жок" деген сыяктуу нерселерди айтып, көк-ала кылып сабап жатса, "каяша айтпасам да таяк жейт экем, андан көрө айтып алайын" деп кээде мен да тең айтыша баштадым.

Ошентип акыры экөөбүздүн айтышканыбыз, анын мени сабап жатканы 8 айлык ымыркайыбызга терс таасирин тийгизип жатканын байкадым. Эч нерсени түшүнбөсө да баарын сезчү, ыйлачу, коркчу... Акыры дагы бир сабап-кордоонун натыйжасында "сенин да, балаңдын да мага кереги жок, бул дүйнөдө мага баары бир" деген сөзү сөөгүмө жеткенде баламды алып, үйдөн чыгып кеттим. Өзүм үчүн эмес, күйөөм үчүн эмес, балам үчүн. Мен баламдын мындай турмушту көрүшүн каалабадым.

Биздин урушканыбызды көрүп, чоңойгондо "аял кишини урса боло берет турбайбы" деген пикирде болбошун, же "менин айыман урушуп жатышабы?" деп өзүн күнөөлөшүн каалабадым. Мындай турмушту көргөн бала атасын, жада калса мени да урматтабайт, сыйлабайт. Мен балама эң жакшы нерселерди каалайм. Үй-бүлөнү сактап калыш үчүн канчалык өзүмдү курмандыкка салбайын, күйөөм өзүнүн кылган кылыгын нормалдуу көрүнүш деп эсептесе, анда ортодогу бала өзүнүн ата-энесинен кандай сабак алат?!

Азыр балам менен өзүнчө турабыз. Мен күйөөмдөн кеткениме 5 ай болду. Күйөөм бир да жолу чалбады... Мен аны сагынган деле жокмун, бирок баласын сурап чалса керек деп ойлогом...

Мен өзүмдү эми гана жашап жаткандай сезем. Себеби баламдын дени сак, эн башкысы эми көп ыйлабайт, түнүндө коркпой жакшы уктайт, мурдагы ийнедей арык балам, балпайган бөбөк.

Кээ бири айтышы мүмкүн "мына, күйөөсүн таштап, көчөдө кеч жүрөт" деп. Мени башкалардын эмне деп айтканы кызыктырбайт, себеби жалгыз мен билем эмне үчүн, мен көчөдө кеч баратам: себеби үй-бүлөмдү (өзүмдү жана баламды) камсыз кылуу үчүн 2 жумушта иштейм. Жумушта болгон аракетимди, билимимди, күчүмдү жумшайм. Оор жумуш күнүнөн кийин үйгө барып баламды эркелетип, бардык проблемаларды унутам, себеби балам мени ушунчалык чыдамсыздык менен күткөнү, мени көрүп аябай кубанып кеткени, сүйлөй албаса да күбүрөп бир нерселерди мага баяндап бергени жанымды эргитет. Анын ар бир жылмаюсун көргөн сайын күйөөмдөн кетип, туура эле кылганымды эске алам. Экинчи турмушка да чыккым келбейт, баламдын өгөй атасы болушун каалабайм. Мен эми балам үчүн гана жашайм.

Менин окуяма окшош окуяларды интернеттен таратуунун мааниси - жаңы кадам, чечим жасап жаткан жаштарга сабак болсун дейм, себеби мен эч бир кыргыз кызы мындай абалда болушун каалабайм.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG