Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:51

Жерде тирүү жандыктардын 1 триллионго жакын түрү жашайт жана алардын 99.999 % изилдене элек. Орусияда жырткыч кене өстүргөн фабрика курулду. Америкалык илимпоздор мүйүзү жок музоолорду туудурушту. Эт адам өмүрүн кыскартат.

Жерде тирүү жандыктардын 1 триллионго жакын түрү бар болушу ыктымал. Бул жандыктар жер бетинде, кыртышта, суулар менен океандарда жана абада жашайт.

АКШнын Индиана университетинин биологдорунун изилдөөсүнө караганда, азыр алардын 0, 001 (миңден бир) проценти гана толук изилденген жана ар биринин өзгөчөлүгү мүнөздөлүп жазылган. Буга чейин жердеги тирүү жандыктардын саны жаныбарлардын, көп клеткалуулардын жана кеңири тараган микробдордун түрлөрүнүн негизинде аныкталган.

Бул ирет америкалык илимпоздор дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндөгү, анын ичинде океандардагы 36 миң жайдагы көзгө көрүнгөн жана микроскоптун жардамы менен гана көрүүгө мүмкүн болгон 5.6 миллион жандыктарды, ошондой эле бактерияларга байланыштуу маалыматтарды топтоп, талдап, анын негизинде бизди курчаган чөйрөдө жандыктардын 1 триллионго чамалуу түрү бар болушу мүмкүн деп жыйынтык чыгарышкан.

Эң кичинекей чымчыктын Trochilidae түрү

Эң кичинекей чымчыктын Trochilidae түрү

“Жердеги жандыктардын саны тууралуу бул эсептөө биология илими үчүн чоң чакырык таштайт”, - дейт Индиана университетинин доценти, изилдөөнүн авторлорунун бири Жей Леннон (Jay Lennon). (http://www.cbsnews.com, http://news.indiana.edu)

Туугандарын өлтүргөн кене

Челябинск облусундагы жаңы фабрикада өсүмдүктөргө зыяндуу курт-кумурскаларды өлтүргөн жырткыч кенелер жана коңуздар өстүрүлөт. Маалыматка караганда, фабрика жылына 150 миллиард даана биологиялык тирүү куралдардын түрлөрүн өстүрүп, дыйкандарга сатат.

Биофабриканын мүдүрү Ирина Сергееванын “Московский комсомолец” гезитине билдиришинче, үстүбүздөгү жылдын соңунда жырткыч жөргөмүштөрдүн Ambblyseius жана Phytoseiulus түрү өстүрүлөт. Ambblyseius өтө майда жана узундугу 1 миллиметрден ашпаган кене. Ал трипстиже Frankliniella occidentalis коңузун жок кылуу үчүн пайдаланылат.

Ambblyseius кенеси 30 күн жашайт. Ал бул арада 240 зыяндуу курт-кумурсканы өлтүрүп, 35 даанага чейин тукум калтырат. Ал эми Phytoseiulus 25 күндүк жашоосунда 1200гө жакын желе жайган кенени жексен кылат. Macropolus суу канталасы болсо 45 күндүк өмүрүндө 5 миңге чейин трипсти жеп коёт (Караңыз: www.mk.ru).

Мүйүзү жок музоолор туулду

Коопсуздук максатында жылына АКШдагы сүт берчү уйлардын 80% жакынынын мүйүздөрүн кесишет. Америкалык илимпоздор сүткө берекелүү уйлардын генин модификациялагандан кийин беш мүйүзсүз музоо туулган. Бул тууралуу макала Nature Biotechnology журналына жарыяланды. Сүттүү уйлардын ДНКсын өзгөртүү үчүн мүйүздү өстүрчү эмбриондорго табигый аллель (бир эле гендин түрдүү формалары) киргизилген.

Береги POLLED аллели сүттүү уйларга караганда эт багытындагы уйларда көп болот. Демейде бул жаныбардын 25 пайызынын гана мүйүзү кесилет.

Окумуштуулар жаңы табылганын технологиясы болочокто арзан болот жана асыл тукумдуу мал чарбачылыгында кеңири жайылат деп үмүт кылышат. (Булагы: Nature.com)

Этти көп жеген адам аз жашайт

Этти дайыма жеген адамдын өмүрү эт жебеген жана вегетариандык диетаны кармаган адамдарга салыштырмалуу 3,6 жыл кыска болот. АКШнын Аризона штатындагы Мэйо медициналык борборунун адистери алты изилдөөнүн натыйжасында ушундай бүтүм жасашты. Жыйырма жылга чукул аралыкты камтыган бул изилдөөгө 1. 5 миллиондой адам катышкан.

Алар ошондой эле догдурлар бейтаптарга малдын этинен көрө жашылча-жемиштерди көбүрөөк жегиле деп кеңеш бериши абзел экенин айтышат.

Изилдөө кызыл этти жана колбаса, сосиска, бекон сыяктуу иштетилген этти жебеген адамдарда жүрөк жана кан тамыр оорулары менен жүрөктүн ишемиясы (жүрөккө кандын аз берилүүсү же кандын келбей калышы) 25 пайыздан 50 пайызга чейин аз болорун көрсөткөн.

17 жылдан ашуун эт жебей, туура тамактанган адамдардын өмүрү этке жакын адамдарга караганда 3. 6 жыл узун болору аныкталган. Доцент Брукшильд Лорандын (Brookshield Laurent) айтымында, алдагы изилдөөнүн жыйынтыгы диета менен адамды дарыласа же оору кылса болорун ырастайт. (Караңыз: ScienceDaily, Journal of the American Osteopathic Association).

XS
SM
MD
LG