Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:20

Ошту дүрбөткөн эшек бизнеси


Ошто короодо багылып жаткан эшектер. 22-сентябрь.
Ошто короодо багылып жаткан эшектер. 22-сентябрь.

Ошто жүздөн ашуун эшек багып жаткан кытай жарандарынын үстүнөн ички иштер кызматы иликтөө ишин баштады.

Жергиликтүүлөр жаныбарлар ушул жерде союлуп, эттери Ош аймагында сатылып жаткан болушу мүмкүн деп кабатыр. Ал эми бул бизнес менен алектенген ишкерлер эшектер Кытайга тирүү бойдон жөнөтүлөрүн билдирүүдө.

Ош шаарынын Манас-Ата кичи району менен Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагы чектешкен жердеги атайын сарайда эшектер багыла баштаганын айылдыктар бир апта мурда байкаган. Мында жашагандардын бири короодо эшектер оттоп жүргөн сүрөттү интернетке жарыялап жибергенден кийин гана окуя коомчулукка шардана болуп олтурат.

- Буга чейин Бишкекте эшектер союлуп, эттери кафелерге таркалып кеткенин укканбыз. Анан эми алар Ошто да ошентип эшек багып, аны союп, билдирбей элге жедирип жатабы деп кыжаалат болуп атабыз. Балким биз деле жеп алдыкбы? Анүстүнө жүздөй эшек эрте-кеч айкырып, ушу жерде жашагандардын кулак-мээсин жеп атат, деди айыл тургуну Гүлнура Сабыржанова.

Короодо багылган эшектер. Ош. 22-сентябрь.
Короодо багылган эшектер. Ош. 22-сентябрь.

Ал эми эшек баккан ишкерлер тургундардын мындай нааразылыгына негиз жоктугун белгилешүүдө. Алар эшектер бул жерде союлбай турганын, санитардык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана чет жакка тирүү жөнөтүлөрүн айтууда.

Бул бизнести жүргүзүп жаткан кыргыз-кытай биргелешкен “Монблан Трейд” жоопкерчилиги чектелген коомунун өкүлү Сун Гуо Цзянь мындай деди:

- Бишкекте буга чейин эшек этине байланыштуу чыккан чырды биз жакшы билебиз. Ошондон улам жергиликтүү элдин кыжырына тийүүнү каалаган эмеспиз. Анүстүнө Кытай мамлекети мындай майда-чүйдө келишпестикти атайылап чыгарбайт. Бул мыйзамдуу бизнес. Биз Кытайдын Шандон шаарынын бийлиги менен Кыргызстандын бийликтеринин ортосунда түзүлгөн атайын келишимге ылайык иш алып барабыз. Мен ишенимдүү түрдө айтам, Ошто бир да эшек союлган жок, союлбайт жана алардын эти бул жерде сатылбайт. Бардыгы Кытай мамлекетине кетет. Кытайда эшектин этин тамакка жана дары-дармектер чыгарууда колдонушат.

Ошто эшек фермасы текшерилүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:40 0:00

Сун Гуо Цзянь көрсөткөн документтерге ылайык, “Монблан Трейд” ишканасы Кыргызстандын өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынан ушул жылдын 4-сентябрында уруксат алган. Кыргызстандык комиссия кытайлык ишкерлерге үй жандыктарын, анын ичинде жылкыны жана эшекти Кытайга ташып кетүүгө макулдук берген.

Кытай жаранына таандык короодогу эшек. 22-сентябрь.
Кытай жаранына таандык короодогу эшек. 22-сентябрь.

Ишкерлер өздөрү тастыктагандай, алардын сарайында Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат, Алай, Чоң-Алай, Өзгөн жана Кара-Кулжа райондорунан топтоп келген 132 баш эшек бар. Бизнес ээлери ар бир эшекти кеминде 2 миң сомдон сатып алышканын айтышат.

- Кыргызстандын калкы эшектин этин жебей турганын жана жактырбай турганын жакшы билем. Ошол себептүү бул жерде эч качан эшек союп сатпайм. Ишенбесе келип, текшерип кетишсин. Биз бул жерден эшектерди алып кетсек, Кыргызстандын калкына деле пайдалуу го. Биринчиден, эшекти саткандар кичине болсо да тыйын табат, экинчиден, эшектин эти желбегенден кийин ал бул жакта баары бир ыргытылат. Бекер нерсени пул кылгандын эмнеси жаман? Биз бул бизнести жаңы эле баштадык, азырынча бир да эшекти Кытайга алып өтө элекпиз. Ишибиз жакшы жүрүшүп кетсе, Казакстандан, Өзбекстандан да эшек ташып келүү планыбыз бар, - деди Сун Гуо Цзянь.

Буга карабай күч кызматтары “Монблан Трейд” ишканасынын сарайын жана кампаларын тинтүүгө алып, текшерүү иштерин жүргүзүүдө. Ош шаардык жана Ош облустук милициясынын маалымат катчысы Замир Сыдыков буларга токтолду:

- Жүздөн ашык эшек атайын жайда багылып жатканы тууралуу интернетте маалымат тарары менен атайын оперативдүү топ, жерине барып иликтөө жүргүздү. Натыйжада ал жердеги эшектер жана сарай 1969-жылы туулган Сун Гуо Цзянь аттуу Кытай жаранына тиешелүү экени аныкталды. Башка документтерин азырынча тактап жатабыз. Биздин кызматкерлер ал жердеги сарайды баштан-аяк тинтип, кандын изин же эшектин терисин тапкан жок. Алар айткан 132 эшек түгөлү менен ошол жерде багылып жаткан экен. Башка жагдайлары белгилүү болгондон кийин бул боюнча дагы кененирээк маалымат беребиз.

Быйыл жыл башында Бишкекке жакын жердеги айылда эшек союлган касапкана аныкталып, андагы союлган эшектердин эти борбор калаадагы коомдук тамактануу жайларына жана эт базарларына чыгарылып тургандыгы маалымдалган. Бирок касапкана ээси эшек эти чет өлкөлүк зоопарктарга жиберилерин айтып чыккан болчу.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG