Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:14

Мамлекеттик ветеринардык департамент эшек этинин коомдук тамактануучу жайларда колдонулуп же сатылып жатканын текшерүүгө алат.

Мамлекеттик ветеринардык департамент Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл кызматы менен биргеликте эшек этине байланыштуу комиссия түзүп, коомдук тамактануучу жана эт сатылуучу жайларды текшере баштады.

Башкы ветеринардык инспектор Ашырбай Жусуповдун белгилешинче, буга чейин эшектин эти тамак-ашка колдонулуп жатат деген маалымат болгон эмес.

- Лаборатория, район жетекчилери, Чүй облусундагы тиешелүү жетекчилерди чогултуп, чоң жыйын өткөрдүк. Азыр катуу тапшырма коюп атабыз. Тамаш-аш коопсуздугун сактоо боюнча бир жумалык текшерүү жүрөт. Шаар боюнча колбаса, пельмен цехтерде, эт сатылган, шишкебек, самса саткан жерлерде эт текшерилет. Шектүү, белгисиз эт болсо дароо алынат.

24-февралда журналисттер Чүйдүн Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринде ондогон эшек союлуп, сатыкка даярдалып жатканын, эт баш калаадагы кафе-ресторандарга өткөрүлгөн болушу мүмкүн экенин айтып чыгышкан.

Бирок бул иш менен алектенген “Кайтал” ишканасынын жетекчиси Алмаз Такырбашев эттин бир килосу да Кыргызстанда сатылган эмес деп ишендирүүдө. Анын айтымында, эшек эти Solax trading LTD түрк компаниясы менен болгон келишимдин негизинде Гонконгго жөнөтүүгө даярдалып жаткан.

- 2014-жылдын 17-декабрында келишим түздүм. 20-январдан баштап сойо баштадык. Биз заказды кабыл алабыз, келишимдин негизинде алып келип союп, даярдап берем. Союлган эшектер Чүйдөн эмес, түштүктөн келет. Айыл өкмөтүнүн, ветеринардын справкасынын негизинде ошол жактан адамдар мага жеткирип берет. Ар бир эшектин баасы эки миң сом. Зоопарктагы жырткычтарга берилет. Анткени бул арзан, ошондуктан биз ушул ишке киришкенбиз.

Маалыматка караганда, “Кайтал” ишканасы 2006-жылдан бери айыл чарба тармагында иштеп келетат. Анын жетекчилиги эшек этин экспорттоого ушул жылы гана киришкенин, бир айга чукул убакытта 600дөн ашуун эшек союлганын кошумчалады. Ошондой эле ишти баштар алдында ветеринардык кызмат, тартип коргоо органдары, айыл өкмөтү, дин адамдары менен кеңешип, маалымат беришкенин билдирүүдө. Бирок башкы ветеринардык инспектор Ашырбай Жусупов бул боюнча мурда кабардар болушпаганын айтууда.

- Ошондой болсо да расмий түрдө уруксат алыш керек. Ал жай санитардык нормаларга жооп бериш керек. Эшек тиешелүү ооруларга текшерилиш керек.

Чүй облустук милициясы эшек эти сатылган жайды үч апта мурда аныктаган. Учурда бул ишти Экономикалык кылмыштарга каршы кызмат териштирүүдө. Аталган мекеменин маалымат катчысы Шакир Мусаровдун айтымында, азырынча кылмыш иши козголо элек.

- Сокулук районунун ички иштер бөлүмү бизге бул боюнча материалды кечээ жөнөттү. Азырынча кылмыш иш козголгон жок. Материалды териштирип жатабыз.

Жөнөкөй жаран эшек этин кантип айырмаласа болот деген суроону Ооруну алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин тамак-аш бөлүмүнүн жетекчиси Токтогул Базарбаевге жолдодук. Адистин белгилешинче, эшек эти кара-күрөң түстө болот экен.

- Жөнөкөй жарандар айырмалай албай калышы мүмкүн. Себеби аны башка эттин арасына кошуп да сатып жибериши мүмкүн. Ар бир эле сатуучу этти жыттай бербейт. Эшек эти катуулугу менен, жытынан айырмаланат. Ар бир базарда бул катуу көзөмөлгө алыныш керек.

Адистердин белгилешинче, эшек этин жесе болбойт же болот деген норма кагаз бетинде жок. Бирок кыргызда илгертеден эшек эти арам деп айтылып келет. Бул маалымат коомчулукта, өзгөчө социалдык тармакта кызуу талкууланып, көптөрдү дүрбөлөңгө салды. Айрымдар эт алууда астейдил болуп калганын белгилешсе, кээлери тамаша-чыны аралаш жалаң жашылча-жемиш жеп, вегетариан болууну да сунушташууда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG