Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:38

Тажикстан эшек этин өндүрүүгө каршы


Тажикстандын тоолуу райондорунда эшек унаа катары колдонулат

Тажикстандын тоолуу райондорунда эшек унаа катары колдонулат

Тажикстанда эшек этин өндүрүүчү комбинат ачуу боюнча орусиялык жана кытайлык ишкерлердин өтүнүчүн бул өлкөнүн ветеринардык кызматы четке какты.

Тажик бийликтери мындай чечимин шарттын жоктугу менен түшүндүрүүдө. Бул окуя тажик коомчулугунда кызуу талкууланып жаткан кез.

Тажикстандын Айыл чарба министрлигинин алдындагы ветеринардык көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Мулладжан Амирбеков “Азаттыктын” тажик кызматына буларды билдирди:

- Чынын айтсак, Тажикстанда эшек этин өндүрүүгө шарт жок. Өлкө боюнча болгону 184 миң гана эшек бар экен. Бул өндүрүш үчүн абдан аз да, андан ары булар иштеп кете албайт. Ошол себептүү биз ишкерлерге уруксат берген жокпуз. Бул ишкерлер комбинат ачса, Тажикстандан жана Кыргызстандан эшектерди сатып келип союп, этин иштетишмек экен. Кыргызстанда да эшек аз экени аныкталды. Ушундан кийин ишкерлер эшек этин өндүрүү комбинатын куруу идеясынан баш тартты. Анткени алар мындан киреше деле таппай калышы мүмкүн экен.

Кытайлык жана орусиялык бизнесмендер биргелешип ачмакчы болгон комбинат өндүргөн продукциясын Кытайга экспорттомок. Ишкерлер болсо бул иш боюнча комментарий беришкен эмес.

Тажикстанда мыйзам тыюу салбаганы менен эшектин этин сатууга же тамакка колдонууга болбойт. Өлкө аймагында эшек негизинен унаанын милдетин аткарат. Элеттиктер үчүн жүк ташууда жана айыл чарбасында мындан өткөн жардамчы жок.

Бир эшектин баасы Тажикстанда 400-800 сомони же кыргыз акчасы менен эсептегенде 5-6 миң сом.

Эшекти алып-сатуу темасы тажик өлкөсүндө кытай жарандары иштеген Дүйшөмбү-Чанак автоунаа жолунун курулушу учурунда да бир көтөрүлгөн. Анда кытайлар талаада жүргөн эшектерди союп жеп, массалык сатып алууга аракет кылып жергиликтүү элди нааразы кылган.

Тоолуу Фанфарак айылынын тургуну Махамаджан Мирзаев буларга токтолду:

- Кышы-жайы биздин бүт жүктөрүбүздү эшек ташыйт. Анткени бизде башка унаа жок, жолубузда ат да жүрө албайт. Ошол себептүү биздин айылда эшексиз жашоо өтпөйт. Өткөндө кытайлар келип “бизге саткыла” дешти эле, айылдагы бир да тажик макул болбой койду.

Эшек этине байланыштуу Өзбекстанда да кылмыш иши козголуп, соттук териштирүү жүрүүдө. Ташкенттеги фаст-фуд жана ресторан-кафелер эшектин этин бышырганын айтып, катардагы жарандар бир топ ишканаларды сотко берген.

Кыргызстанда болсо Сокулуктун Ак-Жол айылындагы сарайлардын биринде 600дөн ашуун эшек союлуп, сатыкка даярдалып жатканда коомчулукка шардана болгон. Мындан улам элде эт баш калаадагы кафе-ресторандарга өткөрүлгөн болушу мүмкүн деген күдүк ой жаралган.

Бирок бул иш менен алектенген ишкана эттин бир да килограммы Кыргызстанда сатылган эмес деп билдирген. Алардын айтымында, эшек эти түрк компаниясы менен келишимдин негизинде Гонконгго жөнөтүүгө даярдалып жаткан. Ага карабай эшекти сойгон “Кайтал” ишканасынын жетекчилерине мыйзамсыз ишмердик жүргүзүү беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Ушул маселелерден улам Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде эшектин эти адалбы же арамбы деген талаш-тартыштар да күчөдү. Ислам дининде тыюу салынган деп айтылган менен айрымдар, эшек жөнүндө Куранда такыр жазылбаганын айтып, көпчүлүктө шек жаратууда. Кыргызстандын экс-муфтийи Чубак ажы Жалилов бул тууралуу мындай деп айтканы бар:

- Жаныбек Жанызак деген айтып чыгыптыр: «мен азыр эле Куранды которгон бирөө менен сүйлөштүм, Куранда эшектин эти арам деген нерсе айтылбаптыр» дейт. Куранда түздөн түз минтип айтылбаганы чын. Бирок бул жөнүндө Бухари, Муслим, Сахи хадистеринде айтылган. Ал хадистерди Мухаммед пайгамбардын оозунан жазып алышкан. Аларда «аттын эти адал, эшектин эти арам» деп так айтылган. Аны эми пайгамбар өзү айткан эмес, өзү тыйган эмес, аны Алла Таала айттырган. Пайгамбарыбыз кудайдын буйругу менен тыйган.

Эшектин этин Кытай, Корея, Европа, Африка жана Американын айрым мамлекеттеринде жешет. Акыркы мезгилде Орусиянын базарларында да бул жандыктын эти пайда болгону айтылууда.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG