Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:38

Каирде "миллиончулардын маршы" өтүүдө


Каирдин Тахрир аянтына, анын тегерегине бир нече миңден 2 миллионго чейин адам чыкты, 1-феврал, 2011-ж.
Каирдин Тахрир аянтына, анын тегерегине бир нече миңден 2 миллионго чейин адам чыкты, 1-феврал, 2011-ж.

Каирде болжол менен 2 миллион киши нааразылык акциясына катышууда. Өлкөдөгү экинчи чоң шаар Александрияда кеминде 50 миң адам көчөгө чыкты.

Бийлик өлкөдөгү негизги карым-катнашты ишке ашырган темир жол каттамын токтотту. 8 күндөн берки массалык толкундоолор өлкөнү 30 жыл башкарган 82 жаштагы президент Хосни Мубарактын кетишин талап кылууда. АКШ баш болгон бир катар өлкөлөр Х.Мубаракты бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүгө чакырууда.

Каирде коменданттык саат болгондуктан өлкөнүн туш тарабынан келгендердин баш калаага кириши кыйла эле татаал болуп жатат. Өлкө боюнча темир жол түйүндөрү иштебей, элдин ары-бери катташына атайылап бөгөт коюлду.

Бүгүн (1-февралда) "ал-Хура" сыналгы каналынын кабарчысы Тарек эл-Шамбы Каирде туруп "египеттиктер режимди кулатууга жакындап калды. Эми президент Хосни Мубарак элдин талабын кабыл алып, өзү кызматтан кетеби же ал талапты кабыл албай коебу деген суроо турат?" деп айтты.

Кыжырданган эл коменданттык саатка карабастан күнү-түнү көчөлөрдө калып, "биз системаны өзгөртүүнү каалайбыз, өзгөрүүнү каалайбыз. Армия биз менен болушу керек. Армия бизге каршы эмес, биз менен болсун!" деген ураан-чакырыкты таштоодо.

Армия жетекчилиги нааразылыкка чыккандарга зомбулук көрсөтпөйт деген билдирүү көптөргө ишеним арттырып, жеңишке чейин көчөдө турууга шык бергендей.

Египеттиктер "миллиончулардын маршына" келип кошулууда, 1-феврал, 2011-ж.

"Египеттин армиясы полицияга кошулуп элди уруп-сокпойт, алар болгону имараттарды эле коргоого алат деген жарыя окуянын өнүгүшүнө катуу таасир этти. Бул жарыядан кийин «миллиончулардын маршы» башталаары тууралуу кеп тараган", деп билдирди "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын Каирдеги кабарчысы Ахмед Ражаб.

Президент Мубарак толкундоонун демин азайтуу максатында жаңы өкмөт курады, элдин көкөйүнө көк таштай тийген мурдагы ички иштер министри Хабиб Адлини кызматтан алды.

Египеттеги массалык толкундоолорго Facebook жана Twitter ыңкылабы деген ат коюшту. Бийлик нааразылык митингдердин алгачкы күндөрү эле уюлдук байланышты үзүп, интернетти токтотууга аракет кылды. Бул болсо тескерисинче кыжырданууну күчөттү.

Ушул тапта да интернет өчүрүлүп, уюлдук байланыш солгундап кеткени кабарланууда. Google компаниясы Twitter аркылуу маалыматты тышкы дүйнөгө таратуунун жолун сунуштады, ал үчүн эл аралык телефон номурун терип туруп эле үн жазгычка эмне болуп жатканын сүйлөп коюу керек.

Египет соңку сегиз күндө дүйнө назарынын борборуна айланды. Кээ бир өлкөлөр өз жарандарын шашылыш чыгарып кетүү аракетин көрсө, дүйнөлүк лидердер президент Хосни Мубаракты толкуган эл менен сүйлөшүүгө барып, тынчтык жолу менен бийликти өткөрүп берүүгө чакырууда.

Режеп Тайып Эрдоган Х.Мубаракты элдин талаптарын угууга чакырды, 1-феврал, 2011-ж.

АКШнын атайын өкүлү катары Каирдеги мурдагы америкалык элчи Фрэнк Уиснер Египетке президент Хосни Мубарак менен сүйлөшүүнү көздөп келди.

Расмий Вашингтон Хосни Мубарак такты таштап, шайлоо өткүчөктү бийликти армияга өткөрүп берүүсүн сунуштоодо. АКШ бийлиги Египет боюнча түрдүү сценарийлерди, анын ичинде эгер Мубарак президенттиктен баш тартпай койсо эмне кылуу керектигин карап жатканы кабарланды.

Түркиянын премьер-министри Режеп Тайып Эрдоган Египеттин президенти Хосни Мубаракка кайрылып, элдин талаптарын угууга чакырды. Ал Египет бул кризистен шайлоо аркылуу гана чыга алаарын кошумчалады.

ВВС кызматынын кабарчысы Каирдин аба майданына учуп келген чет элдик журналисттердин техникалык жабдыктарын күч менен алып коюп жатышкандыгын маалымдады.

"Миллиончулардын маршы" өтүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:56 0:00

  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG