Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:54

Мубарак элди министрлер менен алаксытмакчы


Президент Мубарактын Адольф Гитлер кейпиндеги портретин египеттик жигит элге көрсөтүүдө. Каирдин Тахрир аянты. 31-январь, 2011
Президент Мубарактын Адольф Гитлер кейпиндеги портретин египеттик жигит элге көрсөтүүдө. Каирдин Тахрир аянты. 31-январь, 2011

Египеттин жаңы өкмөтүнүн мүчөлөрү президент Мубаракка ант беришти. А Каирде Мубарактын бийликтен кетүүсүн талап кылган акцияга сегиз күн болду.

Оппозиция шейшемби күнү Каирде “бир миллион адам” катышкан көчө жүрүшүн өткөрүүгө элди үндөөдө.

Тахрир аянтындагы эл жаңы өкмөткө нааразы

Дүйшөмбү күнү бешим оогондо Каирдин Тахир аянтындагы эл дагы көбөйдү. Алар өкмөттөгү жаңы дайындоолорго нааразылык билдирип,

Ал-Барадейи оппозицияны, анын ичинде “Мусулман агайиндерди”, улутчулдарды жана либералдуу оппозицияны бириктирчү инсан. Ф. Жержес

1981-жылдын 6-октябрынан бери тактыда отурган Хосни Мубарактын президентиктен кетүүсүн кайрадан талап кылышты. Миңдеген адамдар коменданттык саатка карабай үч күндөн бери түндү борбордук аянтта күзөтүшүүдө.

Хосни Мубаракты президенттиктен чакырган демонстранттар. Каирдин ортосундагы Тахрир аянты. 31-январь 2011
Мубаракка 31-январда ант берген жаңы министрлердин көбү эски өкмөттүн мүчөлөрү. Алардын арасында элге жек көрүндү ички иштер министри Хабил ал-Адлы, финансы жана маданият министрлери жок. Ички иштер министри болуп, генерал Махмуд Вагдинин дайындалышы толкуган элди ого бетер кыжырдантты. Вагди буга чейин Каир полициясынын кылмышкерликке каршы күрөшүү башкармалыгын, андан мурда өлкөнүн түрмө жайларын жетектеген.

Лондондук талдоочу Фаваз Жержестин “Азаттык” радиосуна айтышынча, демонстранттар жаңы өкмөт Мубарактын артында турган аскерий төбөлдөргө жакын деп эсептешет:

- Египеттеги кырдаал бүтүндөй армиянын колунда. Армия чындап ок атууга чакырып жатканы чындык. Мубарак өзү аскерий бийликтин ажырагыс бөлүгү. Жаңы өкмөткө армиянын эки өкүлү кирди: вице-президент Омар Сулейман жана премьер-министр Ахмед Шафик. Египеттеги кризисти чечүүдө армия чечүүчү ролду ойнойт.

Дүйшөмбү күнү бешим намаздан кийин Каирдин көчөлөрүндө кайрадан полиция пайда болду. Бирок дүйшөмбү күнү ордо шаардын үстүнөн жапыз учкан тикучарлар, өкмөттү, банкты күзөтөткөн оор техникалар генералитет Мубаракты азырынча жалгыз калтырбасын күбөлөйт дешет байкоочулар.

Ал-Барадейи-сасяый кризистин негизги оюнчусу
Президент Мубарк өкмөттүн жаңы мүчөлөрүнөн ант алууда. Каир. 31-январь 2011


Кеңири оппозициянын жекшемби күнү кечке жуук Мухаммед ал-Барадейиге Мубарактын режими жана армия менен улуттук биримдик өкмөтүн сүйлөшүүнү тапшыруусу - анти-бийликчил күчтөр бир лидерди тандаганын эл аралык коомчулукка шардана кылды дешет серепчилер. Ал-Барадейи- Нобелдин тынчтык сыйлыгынын лауреаты. МАГАТЭнин мурдакы директору.

Фаваз Жержестин айтышынча, ал-Барадейи өлкөдөгү саясый кризисти чечүүчү маанилүү фигурага айланды:

- Ал-Барадейи оппозициянын коомдогу жүзү болуп чыга келди. Ал-Барадейи оппозицияны, анын ичинде “Мусулман агайиндерди”, улутчулдарды жана либералдуу оппозицияны бириктирчү инсан. Менимче, ал-Барадейи аскерлер үчүн да ылайыктуу фигура. Маселе, аскерлер ал-Барадейи менен сүйлөшөбү? Ал Омар Сулейман башындагы өткөөл өкмөткө киргенге макул болобу?

Египет президенти Хосни Мубарактын Азербайжындын байтакты Бакыдагы эстелиги. 31-январь 2011
Лондондук талдоочу койгон береги суроолордун жандырмагы бир-эки күндө аныкталууга тийиш. Бул маселени чечүүдө, албетте, тараза басчу сөздү армия айтат.

Маалымат булактарынын кабарлашынча, Каирдин көчөлөрүндө полициянын жасоолдорунун ордуна аскерлердин жана оор техниканын пайда болушу акыркы эки-үч күндөгү талап-тоноолордон тажаган эл жактырууда. Төмөнкү даражадагы офицерлер менен жоокерлер да өздөрүн Египет мамлекетинин жана калкынын коргоочусу катары көрсөткөнгө тырышууда.

Батыш Мубаракты саясый диалогго түртүүдө

Батыш бу тушта Мубарактын режимин оппозиция менен диалогго барууга дембе-дем чакырууда. АКШнын Мамкатчысы Хиллари Клинтон бийликти тынч өткөрүп берүүгө чакырды:

- Азыр улуттук диалогго барып, конкреттүү кадам жасачу, тынч демонстрациялар үчүн саясый мейкиндикти жана жакшы келечекти кууруга көмөктөшчү тынч оппозицияны түзүүчү мезгил келди.
Египеттиктер гезит окушуп, суу чылымдарды тартышууда. Каирдин ортолук бөлүгү. 31-январь 2011


Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Катерин Эштон айым да 31-январда Брюсселде Биримдиктин тышкы иштер министрлеринин кездешүүсүнөн кийин жасаган кайрылуусунда:

"Тынчтык жолу оппозициячыл партиялар жана жарандык коомдун бардык топтору менен ачык жана олуттуу сүйлөшүүгө негизделиш керек. Бул азыр болот деген ишенимдебиз",-
деди Эштон айым.

Саясый кризиске кошумча болуп, кечээ шамдан тарта Египеттин темир жол каттамдары токтоду. “Азаттыктын” кабарчысы Ахмед Ражабтын кабарлашынча:

- Каирди бардык провинциялар менен туташтырган темир жол каттамдары жана бардык байланыштар токтоду. Каирге ныпталаш Гизага жергиликтүү эл кайтып келгенден кийин бу аймакты Каир менен бириктирген бардык көпүрөөлөр жабылды. Ошентип, Гиза жана башка аймактардын тыш дүйнө менен байланышы үзүлдү.

Египеттеги өткөн шейшембиден берки тирешүүлөрдө кеминде 15 адам набыт болгону кабарланууда. Кырдаал кай багытта өнүгөт? Мубарак президенттиктен кетеби? Серепчилер береги суроолордун жообу эки-үч күндө белгилүү болорун айтышат.

XS
SM
MD
LG