Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:06

Египет: Христиан коптордун жүрүшү кан төгүү менен аяктады


Христиан коптордун 9-октябрдагы жүрүшү.
Христиан коптордун 9-октябрдагы жүрүшү.

Египетте бүгүн өкмөт чукул жыйын өткөрүүдө, ал эми өлкө премьер-министри элди сабырдуулукка үндөдү. Мындай чакырык жасалар алдында жекшемби күнү Каирде христиан коптор менен коопсуздук күчтөрү жана мусулмандар ортосундагы кагылыштан кеминде жыйырма төрт адам өлүп, эки жүздөн ашуун киши жаракат алган эле. Бул окуя Хосни Мубарак бийликтен кулагандан берки эң ири кыянатчылык болду.

Египетте калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн мусулмандар менен азчылыкты түзгөн христиандардын мамилесиндеги чыңалуу, байкоочулардын баамында, февралдагы элдик толкундоодон бери күчөөдө.

Премьер-министр Эссам Шараф бул жагдайды ачык-айкын көргөзгөндөй болгон жекшембидеги кагылышты Египетти артка кайтаруу катары баалады:

- Бул окуялар бизди артка тартууда, дүрбөлөң салуу менен өлкөнүн келечеги боюнча кооптонууларды жаратты. Демократиялык принциптеги заманбап мамлекетти куруу багытында алга жылуунун ордуна биз коопсуздукту жана туруктуулукту издөөгө кайтып келдик. Египеттиктердин демократия орнотуу эркине тоскоолдук кылууга умтулган ички жана тышкы күчтөр бар деп кооптонуп жатабыз.

Копт христиандары Египеттин 80 миллион келген калкынын он пайыздайына барабар жана алар азыр бийликте турган аскерий кеңеш мурдагы президент Хосни Мубарак кулатылгандан бери христиандарга каршы кол салууларды жасагандарга өтө эле жумшак мамиле кылууда деп эсептешет.

Каирде жекшембиде арты кагылышуу жана кан төгүү менен аяктаган демонстрацияга чейин өлкөнүн түштүгүндөгү Асуан провинциясында коптордун чиркөөлөрүнүн бири өрттөлгөн эле. Буга нааразы болуп Каирде көчөгө чыккандар кол салууну радикал исламчылардан көрүшкөн.

Оболу миңденген демонстранттар Каирдин христиандар басымдуулук кылган түндүк бөлүгүнөн мамлекеттик теленин имараты жайгашкан борборун көздөй жүрүш жасашып, Асуан провинциясынын губернаторун иштен алууну талап кылышкан.

Мамлекеттик телени болсо диний касташууга шыкак берип жатат деп айыпташкан. Күбөлөрдүн жана демонстранттардын айтымында, коопсуздук күчтөрү менен кагылышуу аларга белгисиз адамдар кол салгандан кийин тутанган.

Көчөгө чыккан христиан демонстранттардын бири Рейтердин кабарчысына төмөнкүлөрдү айтты:

- Мен Тахрир аянтына келгенимде көздөн жаш агызуучу газ атылып, армия жарандар менен, жарандар бири-экинчиси менен кармашып жатканын көрдүм. Бирок мунун себеби билбедим. Кийин алар христиандарга мамлекеттик теленин жанында кол салышканын түшүндүм. Ал жерде чоңдор да, балдар да каза тапкан. Качып кете алгандар үлгүрүштү, калгандары бул жерде калып калышты.

Ошол эле Тахрир аянтынан мусулман демонстрант Рейтердин кабарчысы менен маегинде буларды белгиледи:

- Мен мусулманмын. Тахрир аянтында адамдар келтектелип жатканын укканымда алар ким экендигине карбай келдим. Алардын баары египеттикттер. Алардын дининин эч мааниси жок. Мен жаны чыгып бара жаткан адамдын динин сурабайм да. Эгер кимдин бирөөнүн талабы болсо, ал талапка жооп алуунун мыйзамдуу жолдору жана каражаттары бар да. Асуандагы, Индиядагы же башка жердеги чиркөөбү ал уруксат жана жол-жобосу менен курулат. Эрежеге ылайык жасалса, алар 100 миң чиркөө кургусу келсе да, эч маселе жок.

Египетте мусулмандар менен христиан коптор ортосунда ар кандай кагылыштар буга чейин да орун алып келген. Быйыл май айында эле Каирдеги кагылыштан он эки адам өлүп, 200дөн ашуун киши жаракат алган болчу. Анда да христиандардын бир чиркөөсү өрттөлгөн. Ал эми жыл башында Александрия деген шаарда мусулман жанкечти коптордун чиркөөсүндө жасаган жардыруудан 23 кишинин өмүрү кыйылган.

Америкалык “Вашингтон Пост” гезитинин Каирдеги кабарчысы жазгандай, жекшембидеги кагылышуу Хосни Мубарактын доорундагы саясатка эле таянуу менен иш жүргүзүп жаткан аскерий жетекчилердин дарегине коомчулукта сын күчөп жаткан кезде орун алды.

Көпчүлүк египеттиктердин айтымында, реформанын өтө жай ыргакта кетип жатышы элдин кыжырдануусун жаратууда. Ал эми өлкөнүн экономикалык көйгөйлөрү жаңы толкундоого шыкак бериши мүмкүн. Анын үстүнө шайлоонун жакында жарыяланган грфигин көптөгөн египеттиктер тынчыздануу менен кабыл алышкан. Ага ылайык президенттик шайлоо 2013-жылга чейин калтырылат. Парламенттин төмөнкү мыйзам чыгаруу палатасына шайлоо келерки айда, ал эми жогорку палатага январда болуусу керек.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG