Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:35

Энергетика жүктү көтөрө албаган абалга жетти


Электр чубалгысын шашылыш оңдоо. Жалпы сүрөт. 2012.
Электр чубалгысын шашылыш оңдоо. Жалпы сүрөт. 2012.

Системалуу жемкорлук жана базар экономикасынын ачык-айкын шарттарынан баш тартуу кыргыз энергетикасын оор абалга кептеди.

Кыргызстанда электр кубатын колдонуу жыл санап өсүүдө, бирок аны өндүрүп чыгаруу бир чекиттен ары көтөрүлө элек. Ушу тапта энергетика системасы акыркы күчүн үрөп чымырканууда, бирок анын деле чеги бар, бир күнү толук токтоп калышы мүмкүн.

Тармакты реформалоого бийликтин эрки (же каалоосу) жете элек. Айла жок, бийлик кошуналардан жетишпеген кубатты сатып алып, калк кулагына болушунча үнөмдөө зарылдыгы тууралуу эскертүүдө.

Суроо-талап өсүүдө

Жагдайдын кандайлыгын эч ким Кыргыз энергетикалык эсеп борборунан дурусураак ырастап бербес: электр кубатын пайдалануу мынчалыкка жетери мурда эч кимдин капарына келген эмес, калк керектөөсүн толук камтыш үчүн электр кубаттуулугун өндүрүп чыкчу ишканаларды куруу оңбогондой көп каржыны талап кылат, ал эми ушу тапта иштеп жаткан электр кубатынын баасынын тарифтери кеткен чыгымдарды жабууга эч жетпейт.

Эсептөө борбору «Кубат тармагындагы каражаттын жетишсиздиги негизги энергетикалык жабдууларды жаңыртууга мүмкүнчүлүк бербей келет, мунун жыйынтыгы электр кубаты менен камсыз кылууда үзгүлтүктүн болушуна, кырсыктуу окуялардын чыгышына, жана акыр-түбү отун-кубат тармагынын толук жараксыз абалга кириптер болушуна алып келиши ыктымал» экенин белгилеп, кырдаалдын курчтугун өзгөчө эскертти.

Жыл сайын Кыргызстанда болжол менен 15 млрд кВт/с жакын электр кубаты иштелип чыгат. Электр кубаты базарындагы мамлекеттик монополист болгон Улуттук энергохолдингдин маалыматына караганда, жыл сайын өлкөдө электр кубатын пайдалануу 4-6% көбөйүүдө.

2020-2021-жылдын кышкы жылуулук сезонунда жагдай кескин курчуду. Өзгөчө катуу кара суук каптаган күндөрү электр кубатын иштеп чыкчу ишканалар белгиленген пландан ашыкча электр кубатын өндүрүүгө мажбур болду. 6-январда Кыргызстан энергетикасынын тарыхында эң көп делген 73 млн. кВт/с электр кубаты жагылды.

«Бул - рекорддук сан, мурда мындай эч качан болгон эмес», - дейт «Электр станциялары» ААКнын гидротехникалык кызматынын жетекчи орунбасары Жолдошбек Байысбеков.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААК электр кубатын чектен тыш колдонуу электр жабдууларына оорчулук келтире турганын, бул жагдай өлкөнүн бардык аймактарында болуп жатканын кабарлады. Албетте, электр кубатын чектен тыш колдонуу жабдуулардын мөөнөтүнөн эрте иштен чыгышына алып келет.

Электр кубатын артыкбаш колдонуу өзгөчө Бишкек шаарында байкалды. Негизи иштелип чыккан электр кубатынын үчтөн бири баш калаада жагылат.

Ош менен Бишкекти электр кубаты менен камсыз кылчу тармакка оор күч келип, мүмкүнчүлүгү жетишинче, кээде андан оор абалда иштөөдө, - деп «КУЭТ» ААК Борбордук диспетчер кызматынын жетекчиси Улан Абдырасулов билдирди.

«Звенодогу бир жабдуунун иштен чыгып калышы көптөгөн керектөөчүлөрдү оор абалга кептеп, электр кубатын берүүнү токтотууга алып келиши ыктымал», - дейт ал.

28-декабрдан тарта «Түндүк электр» компаниясы үч фазалуу электр кубатын киргизүүгө уруксат берүүнү токтоткон. Чектөө 1-апрелге чейин улантылат. Компания акыркы жылдары электр кубатын суткалык колдонуу күн сайын өсүп жатканын, быйылкы ызгаар суук күчөгөн кыштан кыйналбай чыгуунун бир шарты катары электр тармактарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу зарылдыгын белгилөөдө.

Токтогул ГЭСи. 2013-жылдын 20-январы.
Токтогул ГЭСи. 2013-жылдын 20-январы.

Жагдайды оорлоткон дагы бир маселе - Нарын дарыясында суунун аздыгынан Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү мурдагы жылдардагы жылдык орточо көрсөткүчтөргө чыга албай, тайыздап баратышы болууда.

9-февралда жасалма көлдөгү суунун деңгээли 10,3 млрд. кубометрге түштү. Былтыр бул маалда суу сактагычта 13,2 млрд. кубометр суу бар эле, суу сактагычтын сыйымдуулугу 19 млрд. кубометр.

Үнөмдөгүлө

Мындай кысталыш чакта өкмөт менен кубат компанияларынын элден электр кубатын үнөмдөө, аны сарамжалсыз колдонууну азайтууну сураныштан башка аргасы жок.

1-февралга чейин премьер-министрдин милдетин аткарып келген Артем Новиков кол алдындагыларга калк арасына чыгып электр кубатын үнөмдөө керектигин түшүндүрүү тапшырмасын берген. Декабрда ал «керектөө көлөмүн азайтуу зарыл экенин» билдирген.

«Кыргызстан улуттук электр тармактары» кардарларын «кереги жок маалда» электр жабдууларын колдонбоого, айрыкча, кечки сааттарда электр кубатын айрыкча үнөмдөөгө чакырды. Компания мындай аракет электр тармагына күч келтирбөөгө, жабдуулардын иштен чыгуусуна жол бербөөгө, аларды оңдоого кетчү кошумча чыгымдарды азайтууга огожо болоорун айтууда.

«Жалалабатэлектро» компаниясы электр кубатын колдонууну азайтуу үчүн өз кардарлары менен тикелей келишимдерди түзүүгө өттү.

«Келишимге ылайык кардарлар электр жабдууларын колдонууну кечки саат 6дан 9га чейин, эртең менен саат 8ден 9га чейин чектөөгө милдеттүү», - деп «Ала-Тоо 24» телеканалында компаниянын өкүлү Улан Турдумбетов билдирди. Ошол эле учурда анын айтуусунда, азырынча чектөөлөрдү эч ким баштай элек.

Кыргызстандын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев башкалар ачык айта албай жаткан маселени козгоп, элдин баары кышкысын үйүн жылытууга көмүр жакса жакшы болорун айтты.

Төрага 26-январдагы маалымат жыйынында: «Өтүнүч, ушу тапта болгон көмүрдүн баарын жага бергилечи! [...] Электр кубатын колдонуу аябай күчөп кетти. Бул жагынан буга чейин болбогон жогорку чекке жеттик. Ишенип койгула, муну чектебесек, анда биздин кубаттуулуктар оор жүктү көтөрө албайт», - деп айтып, жагдай оор экенин эскертти.

Электр кубатынын таңкыстыгы өлкөгө келчү инвесторлорду да айнытышы ыктымал. Мындан эки жыл илгери Кыргызстанда криптовалютанын майнерлерин кысымга алып, аларга тынымсыз иштөө аркылуу электр кубатын арбын колдонушат деп айып коюшкан.

"Doing Business" рейтингинде «Электр системасына кошулуу» категориясы боюнча 2020-жылы Кыргызстан Ливия менен Лаостун ортосундагы 143-орунду ээледи.

«КР электр кубаты тармагынын оор абалынын себептери жана белгилери» аттуу изилдөөнүн авторлору: "Базар экономикасынын маани-маңызын кардарлардын талабын канааттандыруу түзөт, эгер тармак андай талапты аткара албаса, анда өлкөдө базар экономикасынын механизми толук кандуу иштей албай аксап жатканын билдирет», - деп белгилешет.

Кыргызстанда электр кубатын колдонууга чектөө киргизилген. Өлкөдө 700 кВт/с электр кубаты үчүн калк 77 тыйындан төлөйт, андан ашкан болсо - 2 сом 16 тыйындан төлөнүүгө тийиш. Калктын 80% ашууну мына ушул чектен дээрлик ашпайт.

Кыргызстандагы электр тармагынын жумушчулары иш маалында.
Кыргызстандагы электр тармагынын жумушчулары иш маалында.

Экономика ордуна саясат

Кыргыз бийлиги өзү куруп алган социалдык саясатынын тузагына түшүп, өлкөнүн отун-кубат системасына базар экономикасына мүнөздүү механизмдерди киргизе албай арасат абалда турат.

Кубат компанияларынын миллиарддаган карыздарын төлөө, тарифти субсидиялоого кетчү оңой эмес акча акыры өкмөттүн мойнуна илинүүдө.

«Коомчулуктун кубат тармагына мамилеси жана кабардар болуусу» аттуу изилдөөнү жүргүзгөндөр сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын теңинен көбү (51%) тариф кантип эсептелеринен жана электр кубатынын баасы кантип аныкталарынан эч кабардар эместигин белгилешет.

Ушул учурга мүнөздүү жагдай катары электр кубатынын базарына катышкандардын текши баары тең эле көп тарамдуу көйгөйдүн ичинен жалгыз гана тариф маселесин талкуулоо менен чектелип отуруп алышканын айтуу абзел.

Кардарлар тарифтер аябай эле жогору дешсе, кубат компаниялары болсо - электр акысы аябай арзан деп эсептешет.

«Мындай «өнөкөткө айланган» стереотиптин эмдигиче жок болбой келатышы мамлекеттин тариф башкарууга буямасы келе электигин көрсөтөт. Ушу кезге чейин өкмөт электр кубаты деле баасы бар, керектөө базарына чыкчу товар экенин калайыкка жетиштүү түшүндүрүп бере элек. Электр кубаты товар экенин ырастап, ага тиешелүү макамды берүү зарыл. Электр кубатынын сатуучу менен кардар экөөнүн ортосундагы баасын аныкташ үчүн ортолук ажырымды аныктап алуу зарыл, башкача айтканда, аны социалдык талаадан алып чыгып, экономикалык товарлардын катарына киргизүү зарыл», - деп «КР электр отун кубат тармагынын начар абалда калышынын урунттуу себептери жана белгилери» изилдөөсүнүн авторлору эсептешет.

Кыргыз энергетикалык эсеп борборунун башкы директорунун орунбасары Бапа Жаныбеков: "Бул көйгөйдү чечүүнүн жолу катары электр кубатынын дүң базарын ачуу зарыл, ал жерде өндүрүшчү менен кардар ортосунда эркин соода мамилелери болушу зарыл», - деп «Азаттыкка» берген маегинде баса айтты.

«Бул өзү өлкөнүн дүң соода базарындагы бардык субъекттердин мамиле-катнашынын негизи болуп калышы керек. Анын жыйынтыгы электр жана жылуулук кубатынын сатылышынын цивилдүү жолун таап берет», - дейт Жаныбеков.

Арийне, өлкөдөгү электр кубаты базарын реформалоо маселеси, кыязы, дагы кыйлага козголбой, "жакшы мезгил келгиче" убактылуу унутта калтырыла тургандай.

Былтыр 9-ноябрда, президенттикке талаптанарын айтып жүргөн кезинде, Садыр Жапаров Нарындагы жолугушууда электр кубатынын баасына да кайрыла кеткен.

«Электр кубаты боюнча маселе бар. Бул боюнча мен тиешелүү министрликтерди, адистерди, көз каранды эмес адистерди топтоп, «электр кубатындагы чектөөлөрдү алып койсок кандай болот?» деп он күн мурун тапшырма бердим. Кечээ жакында эле бул маселени кайра тактадым. Бул кышта эмес, жаздан баштап чектөөлөрдү алсак болот экен. Азыр деле алсак болот эле, бирок эл деген эл. Чектөөлөрдү алып койсок, жарыкты үнөмдөп отургандар көмүрдү таштап туруп, жапырт электр кубатына өтүп кетет. Анда араң иштеп жаткан электр жабдыктары бузулуп, чубалгылар жарактан чыгат. 30 жыл чыдадыңар, эми бир кыш чыдап койгула. Кийинки жылдын май айынан баштап сөзсүз чектөөлөрдү алабыз».

Жаңы кызматка киришкен президент Садыр Жапаров быйыл жаздан тарта 700 кВт/с чегин таптакыр алып салуу убадасын берип, калк үчүн канча жакса да электр тарифи 77 тыйын боюнча каларын айткан.

Макаланын түп нускасы орус тилинде жарыяланган.

XS
SM
MD
LG