Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:19

Күлкү күндүн азилдери


“Күлкү кербен” куржуну 1-апрелди жаңы азилдерди сунуштоо менен белгилейт.

* * * * * * *

— Эмне үчүн бийликтеги партиялар өз курултайын 1-апрелде өткөрбөйт?

— Ансыз да партиялардын чечимдерине күлүп жатышса, ал күнү токтом чыгарышканда, ого бетер күлкүгө айландырышмак да!..

* * * * * * *

Биздин өлкөдө калайык 1-апрелсиз эле шаттыкка бөлөнгөн: бирде минибуска түшүүдөн уялган депутаттын сөзү, бирде мурдагы мамбашчынын айдоочулардын партиясын түзүү тууралуу азил сөздөрү, бирде алтынга бааланган темир аттиштин жомогу, бирде мумиядан корккон төбөлдөрдү апаптоолор... айтор, күн сайын калкка эрмек болчу окуялар жылы бою орун алууда. Демек, бизге 1-апрелдин күлкү күн катары кажети жок.

* * * * * * *

1-апрел — бул интернеттеги кабарларды чочулап окуй турган бирден-бир күн.

* * * * * * *

1-апрелде сүйгөнүм кесе айтты: «Кош бол, мен башканы жакшы көрүп калдым!»

Анан 3-апрелде чалды:

«Мен өгүнү тамашалап койгом!»

«Апе-ей, мен сага ишенип алып, кечээ «башым бош» деп койбодум беле?»

* * * * * * *

Күйөөсү 1-апрелде жакын арадагы дүкөнгө сүткө бара коюп, анан жарын тамашалады:

— Автоунааны жол четине койсом, уурдап кетишиптир...

Анан ал өзүнүн жаңыланган мүнөздөмөсүн толук укту:

— камсыздандыруу келишимин түзбөй койгон жеткен сараң;

— унааны жол четине эмес, гаражга коюуга мойну жар бербеген жеткен жалкоо;

— арзан автоунаа сатып албай койгон аңкоо!..

Жарым сааттан соң гана жубайы чаалыга калган учурдан пайдаланып, күйөөсү бир сөз кошууга үлгүрдү:

— Бул 1-апрел да, ой!..

* * * * * * *

— Бүгүнкү майрамда гезитибиздин окурмандарынын эч кимиси байге ута албай койду!.. — деди бир гезиттин өкүлү.

— Эмне деген шарт болду эле?

— Биздин гезитибиздин кадыресе күндөрдөгү жаңылыктары менен 1-апрелдеги жаңылыктарын аралаштырып туруп бердик эле, сынакка катышкан окурмандардан эч бирөөсү 1-апрелдеги жаңылыкты башка күндөрдөгүдөн ажыратып көрсөтө албай койду!

* * * * * * *

TT

XS
SM
MD
LG