Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Музей. Мумия. Уурулар...


Лондондогу музейлердин биринде.
Лондондогу музейлердин биринде.

"Күлкү кербендин" кезектеги чыгарылышы ажайыпканалар тууралуу айрым азилдерден куралды.

* * * * * * *

— Мына бул пирамиданын бөлмөсүндө фараондун мумиясы сакталып турчу экен, бирок кийинчерээк аны уурулар таап, алтындарын уурдай качышыптыр, - жол көрсөткүч Мысырга келген туристтерге эски пирамиданын сырын айтып жатты.

— Алар да мумия сөөгүн Баткенге алып келип көмүшүптүрбү? – деп алыскы Борбордук Азиядан келген турист кызыга кетти.

Баткенде мумияны көмүү учурунан. 14.10.2017.
Баткенде мумияны көмүү учурунан. 14.10.2017.

* * * * * * *

— Эмне үчүн Сиз музейге ууруга киргендер көркөм өнөрдү ызааттаган кишилер болчу деп ойлойсуз?

— Анткени алар туфлилеринин сыртынан бахилла кийип алышыптыр да.

* * * * * * *

Байыркы Египеттин тарыхын үйрөтүү үчүн окуучу балдарды музейге алып келишти.

— Карасаң, тетиги фараондун баласынын мумиясын. Бүт баарын бинт менен таңып салышыптыр го, эмне үчүн? – деп бир окуучу экинчисинен сураптыр.

— Сыягы, аны менен мектепте чогуу окуган тентектер сабап салышса керек... – деп берки шыбыраптыр.

* * * * * * *

Жакынкы Чыгышта бир турист музейди кыдырып жатса, жол көрсөткүч айтып калды:

— Мына бул алтын жалатылган жыгач идиште фараондун күлү салынган.

— Опе-ей, анын тамекисинин күл түшүргүчү ушунчалык чоң беле? Киши боюндай экен го, тим эле!..

* * * * * * *

Парижде музей кыдырып жүрүп чаалыккан бир чет элдик турист айланасын карады да, бир бош турган татынакай орундукка отура калды.

— Карасаң, тим эле алтын жалатып коюптур, - деп ойлоп койду.

— Урматтуум, бул орундукка отурууга болбойт! – деди ага музей кызматкери сылыктык менен.

— Эмнеге?

— Ал Людовик ХIVгө таандык эмеспи.

— Мадам, эгер ал келип калса, анда орунду бошото салам, азыр бутумду саал жазып, эс алып алайынчы!..

* * * * * * *

Ал келди да, сөөлөт менен падышалык тактыга отурду.

Мына эми гана “падышалык жарлык чыгарып, буйрук берейин” деп эки жагын каранды эле, башын ылдый ийип, жанына ийменип келген аял өзгөчө сылыктык менен шыбырай кетти:

— Урматтуум, музей эки-үч мүнөттө жабылат. Тактыны бошотуп койсоңуз жакшы болоор эле!..

* * * * * * *

Ырым-жырымдар музейине кирген турист кагаздагы сүрөттү көрсөтө кетти:

— Мына бул карга сыяга боёлгон буту менен жорголоп кеткенде калгандай издер эмнени түшүндүрөт?

— Бул – жайсаңчынын “аркы дүйнө менен баарлашканда маалымат катары алдым” деп чийип койгон сүрөтү.

— Эмне, Жайсаң чын эле болгонбу?

— Албетте, болгон эмес!.. Бирок тээ илгери, XXI кылымдын башында, өзүн “жайсаңчымын” дегендер чындап эле болгон.

* * * * * * *

TT

XS
SM
MD
LG