Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:23

Күлкү кербен: Мумия жана чекисттер


Перуда 4500 жыл мурда көмүлгөн мумиянын азыркы 3 өлчөмдүү сүрөтү. 11.10.2017
Перуда 4500 жыл мурда көмүлгөн мумиянын азыркы 3 өлчөмдүү сүрөтү. 11.10.2017

Сталин доорундагы археологдордун азилдеринен жаңыртылган вариант.

1930-жылдар. Сталиндик жазалоолор маалы. Археологдор Каракум чөлүндө изилдөө маалында кум дөбөдөн бир пирамиданы казып алышты. Анын ичине тешип киришип, буйткасынан бир мумияны да табышты. Бирок азыркы кээ бир маданият министрликтери каныйлагандай, чөлдө да радиокөмүртек, ДНК же башка усулду колдончу эч жабдуу жок болчу, ошондуктан бул пирамида кимдин урматына курулгандыгы эч белгисиз болуп, дал ушу көйгөй археологдорду кыйнап жатты.

Чукул кабарды угаар замат чөлгө жетип келген шыпылдаган чекисттер тобу пирамиданын ичине кирип кетип, кайра чыгышты да, археологдорго жарыя кылышты:

- Ой, жолдоштор! Бул, көрсө, Тутанхамонго чейинки фараондордун бириники турбайбы!

- Ал фараондор Египетте жашачу да? Кантип аныктадыңыздар? Илимий кайсы усулду колдондуңуздар?

- Э-э! Биздин жашыруун ыкмабыз бар. Аны колдонсок эле, мумиянын өзү баарын мойнуна алды! Ал түгүл ал “АКШ, Британия жана Жапониянын тыңчысымын, анан калса панисламист жана пантүркчү да болчумун” деп кол коюп берди. Мынакей, колу!..

Интернет булактарынан.

TT.

XS
SM
MD
LG