Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:38

Гитлерди шылдыңдаган немис азилдери


“Нэйшн” басылмасынын карикатурасында Гитлердин режиминин адамзатка каршы мүнөзү чагылдырылган. Нью-Йорк. 05.4.1933.
“Нэйшн” басылмасынын карикатурасында Гитлердин режиминин адамзатка каршы мүнөзү чагылдырылган. Нью-Йорк. 05.4.1933.

Немис элинин өкүлдөрү фашисттик Германия өкүм сүрүп турган чакта деле нацисттерди жана алардын жолбашчысын шылдыңдаган азилдерди айтышчу. "Күлкү кербендин" кезектеги чыгарылышы.

* * * * * * *

Берлинде курал-жарак чыгарган ишканада жумушчу болуп иштеген бир немис айым төмөнкү анекдотту айткандыгы үчүн өлүм жазасына тартылган:

Гитлер менен Геринг Берлин шаарындагы өтө бийик үналгы мунарасынын төбөсүнө чыгышат.

– Берлиндиктерди шаттандыруу үчүн мен эмне кылсам болот? – деп Гитлер суроо салат.

Ага Геринг жооп берет:

– Ушул жерден ылдый секирип кетсең эле шаттанышат ко дейм.

* * * * * * *

Башка бир анекдот:

Гитлер акыл эсинен айныгандардын ооруканасына иш сапар менен башпагып калыптыр.

Ооруканадагы кеселдер жапатырмак тизиле калып, оң колдорун жогору карай шак көтөрүп, ага нацисттик салам беришти.

Гитлер алардын сабын четинен кыдырып баратып, бир ак халатчан айым колун ылдый түшүргөн бойдон турганын көрүп, андан ачуулана сурайт:

– Эмне үчүн сен мага башкалар сыяктуу кол көтөрүп салам бербей койдуң, ыя?

– Урматтуу фюрер, булар бүт акылынан айныган кесел кишилер, а мен болсо медайым болуп иштейм!

* * * * * * *

TT

XS
SM
MD
LG