Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Чили сатирасы: Пиночет кантип жеңди?


Пиночет шектенген британдык полициячыга: “Дагы эмне көйгөй көрүнгөнсүп жатат, офицер?” деп айтууда. Тони Оут. 1998.
Пиночет шектенген британдык полициячыга: “Дагы эмне көйгөй көрүнгөнсүп жатат, офицер?” деп айтууда. Тони Оут. 1998.

Дүйнөлүк саясий сатирадан өрнөктөрдү тааныштырууну улантабыз. Бул жолку меймандар – чилиликтер.

* * * * * * *

Бир жолу Аугусто Пиночет чет элдик коноктор менен учакка отуруп, Латын Америкасындагы бийик тоо кыркасын – Анд тоолорун кыдырууга чыгат экен. Коноктор - Рейган, Миттеран жана Горбачев.

Учак тоо чокусунан өтүп баратып, капысынан ылдыйлайт. Анан анын учкучу келип:

- Кыймылдаткыч иштебей калды. Бир эле парашүт бар, чукул арада кеңешип, жок дегенде бирөөңөрдүн өмүрүн сактап калгыла, - дейт.

Төртөө шайлоо жолу менен бактылуу кишини аныкташат. Генерал Пиночет парашүттү алып секирип кеткен соң, Рейган мындай дептир:

- Таң калганым – болгону төрт киши жүргүнчү элек, генерал Пиночет кантип он беш добуш алууга жетишти экен?

* * * * * * *

Бир жолу Пиночет карыган кемпирдин кийимин кийинип алып, калайык менен аралашып, киного кириптир. Ал кинодо өзүнүн элеси көрүнгөндө эл кантээр экенин билгиси келген тура.

Пиночеттин элеси көрүнөөр замат залдагылар шатырата кол чаап калышат экен. Дагы бир көрүндү эле, дагы бир жолу кол чабышты. Анан кайра көрүндү, кайра кол чабышты.

“Эл мени чындап кадырлайт тура!” деп Пиночет сүйүнүп жатса, анын жанындагы бир көрүүчү шыбыраптып:

- Эй, кемпир! Пиночеттин сүрөтү чыкканда улам кол чаап тур, болбосо сени Улуттук стадиондогу абакка тыгып салышат!

* * * * * * *

Бир жолу Пиночет Чили полициясынын башчысы генерал Сесар Мендоса менен балык уулап деңизге чыгат. Беш саат ары-бери курулай сүзүшөт, бирок анын кайырмагына бир эле чабак түшөт.

Пиночет ачууланып, Мендосага кайрылса, ал берки чабакты сол колу менен бакалоорунан илип көтөрүп, оң колу менен жаскап-жускайт экен:

- Чыныңды айт! Чоң балыктар каякта жашынып жүрүшөт? Айтпасаң – Улуттук стадионго жиберебиз!

* * * * * * *

Чилиликтердин “кара” юморунан.

- Сиз жаңы автобус каттамы пайда болгонун билесизби?

- Жок, билбейт экенмин!

- Турмуштан артта калган турбайсызбы! Ал Улуттук стадиондон көрүстөнгө каттап жатпайбы!

* * * * * * *

Кыска маалымат.

Биринчи сунушталган анекдоттун варианттарын дүйнөдө ар башка калк өз диктаторуна же авторитардык башкаруучусуна “бычып” колдоно беришет. Ал түгүл Лукашенка да анын өзү жөнүндөгү вариантын маашырлана айткан жери бар.

Аугусто Пиночет (Augusto José Ramón Pinochet Ugarte; 1915-2006) – 1973-90-жж. Чилинин диктатору, генерал.

Сесар Мендоса (César Leonidas Mendoza Durán; 1918-1996) – Чили полициясын Пиночеттин диктаторлугу маалында 1973-жылдан 1985-жылга чейин жетектеген жана саясий куугунтук иш-аракетин жүзөгө ашырган генерал.

Пиночеттин төңкөрүшү жана аскердик режими маалында борбор шаар Сантиагодогу (Santiago de Chile; орусча Сантьяго) Улуттук стадион концлагерге айланган. Хунта маалында бул имаратта 40 миңдей киши камалып, кыйноого учураган.

(TT).

XS
SM
MD
LG