Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:21

Берешендик өмүрдү узартат


"Элим барсыңбы?" кайрымдуулук фондунун жардамын алып жаткан эне.

"Элим барсыңбы?" кайрымдуулук фондунун жардамын алып жаткан эне.

Колубузда көбүрөөк акча болсо кайда короторубузду, эмне сатып аларыбызды ойлонуу менен гана жашагандар арабызда көп. Илимпоздор бирөөгө акчалай же жөн эле жардам берип саламаттыкты оңдосо болот деген тыянак чыгарышты. Кайсы дарттарды жоомарттык менен сакайтса болот?

British Columbia университетинин окумуштуулары жаңы изилдөө жүргүзүп, берешендик адамдын психологиялык эле эмес, жалпы саламаттыгына да пайдалуу экенин аныкташты. Илимий тажрыйбанын жыйынтыгы Health Psychology журналынын декабрь айындагы санына жарыяланды.

1999-жылы башталган илимий изилдөөгө 55 жашка чейинки ар кандай кайрымдуулук фонддорунда иштеген адамдар катышып, алардын саламаттыгы көзөмөлдөнгөн. Беш жылдан ашкан көзөмөлдөн соң башкаларга камкордук көргөн, жардам берген адамдардын 44% дени сак, узак жашаганы аныкталды. Кийин алардын кан басымы, жүрөк, бөйрөк сыяктуу ички органдары да текшерилип, берешен жана камкор кишилер жүрөк-кан тамыр, инсульт дарттарына башкаларга салыштырмалуу төрт-беш жылга кеч чалдыккан.

"Бирөөнүн кубанычы чарчоону жууп кетет"

Кыргызстандагы “Элим, барсыңбы?” кайрымдуулук фондунун жетекчиси Хабиб Арзыкулов да бирөөлөргө жардам бергенден кийин өзүнүн маанайы көтөрүлүп, жашоого болгон үмүтү артарын, канчалык көп эмгектенсе да чарчоону сезбей каларын айтты:

- Бирөөгө жардам бергендеги рахатты сөз менен сүрөттөө өтө кыйын. Маселен, мен ишкерлерден көп угам, алар иштеп акча тапканда сүйүнүшөт эмеспи, бирок жардамга муктаждарга камкордук кылгандагы сүйүнүч менен пайдага тунгандагы кубанычтын ортосунда чоң айырма бар, жардам бергенден алган канааттануу таптакыр башкача болот дешет. Албетте, бул адамга позитивдүү энергия тартуулайт. Ушул жагымдуу энергиянын артынан дагы кимди кубантсам, кимге жардам берсем деген кубаттануу пайда болот. Үйгө барганда жакындарыма кимдерге кантип жардам бергенибизди, алардын кубанычын сүрөттөп берип, кадимкидей рахаттанам. Жалпы саламаттыгыма өтө пайдалуу. Ушунчалык чуркап чарчасам дагы бир иштин жыйынтыгында жардамга муктаждарга жарыгым тийсе, өзүмдү абдан бактылуу сезип, чарчоону унутуп коем.

Камкордук кылуу жана берешендик стресс гормондорун азайтып, булчуңдардын чыңалуусун бошоңдотот. Психологдор адамдын жашоосунда эң маанилүү убакыт жана акча деген эки түшүнүк тууралуу ойлонуу мээде ар түрдүү реакцияларды пайда кылып, саламаттыкка таасир этет дешет. Маселен, убакыт тууралуу ой жүгүрткөндө адамдар социалдык байланыштарын, айланасындагы жакындарын ойлонсо, акча тескерисинче, аларды коомдон алыстатып, жеке өзүнүн өзүмчүлдүк сезимин арттырат экен.

Ичи тар адамдар көп ооруйт

Ал эми берешендик аркылуу кишилер денесинде топтолгон чыңалууну жазуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. АКШда өткөн илимий тажрыйбада 65 жаштан 85 жашка чейинки 128 кишиге үч апта бою ар бирине 40 доллардан беришип, акчанын теңин өзү гана үчүн коротуп, ал эми калганын башкаларга таркатууну суранышкан. Апта соңунда алардын кан басымы ченелип, берешен кишилердин маанайы көтөрүңкү жана кан басымы нормалдуу болгону аныкталган.

Республикалык психикалык саламаттык борборунун башкы дарыгери Кубанычбек Эрмегалиев мындай деди:

- Эгерде адам кимдир бирөөгө жакшылык кылайын деп ниеттенип, болгон дитин коюп, колунан келген жардамын берсе, албетте, бул анын саламаттыгына оң таасир этет. Ал эми арам ойлуу, эч кимге жардам бербеген ичи тар адамдарда депрессия дарты көп кезигет. Алар бушайман болуп жашайт эмеспи. Мунун айынан оорукчан болушат.

Кан басымдын жогору болуусу көбүнесе стресс, ич күптү абал жана чөгүңкү маанайдан улам келип чыгат. Жылына 7,5 миллион адам кан басымы жогорулап кеткенден улам каза табат. Миллиондогон кишилердин өмүрү инсульт, жүрөк ооруларынан кыйылат. British Columbia университетинин окумуштуулары кан басымды жөнгө салуу үчүн эгер кишинин колунда бар болсо, аптасына жок дегенде бирөөгө жардам катары акча берип же камкордукка алууга чакырышат.

Колу ачык берешендиктин саламаттыкка таасири кандай болорун изилдөө иштери улана бермекчи, илимий тыянактар дагы чыгарында шек жок. Кандай болгон күндө да, адамга жылуу сөз айтып же жөн гана жылмайып жүрүү дени сак жашоонун бир белгиси экенин унутпасак.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG