Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Кенчилер ооздорун тигип алышты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Грузиядагы Чиатура шаарында марганец кенинде иштеген кенчилер каршылык акциясын өткөрүп жатышат. Алар ооздорун тигип алып ачкачылык жарыялашты.

Чиатура аттуу кенчилер шаарында бир нече мектепте окуу процесси токтоду. Орто жана жогорку класстардын окуучулары «Грузин марганеци» компаниясынын митингге чыккан кенчилерине кошулушту. «Грузин марганеци» - өлкөдөгү марганец кендерин казган ири жеке ишкана. Тилектештик акциясын окуучулардын ата-энелери, ошондой эле мугалимдер жана мектеп директорлору колдошту.

«Биз баарыбыз кенчилерге тилектештигибизди билдирип жатабыз. Алардын талаптары жөндүү. Адам ушундай оор өндүрүштө иштегенден кийин ошого жараша маяна да алышы керек», - деди Чиатура шаарындагы №1 мектептин директору Гоча Шубитидзе.

Кенчилер компаниянын жетекчилеринен маянаны 50 пайызга көбөйтүүнү, эмгек шарттарын жакшыртууну, кошумча медициналык камсыздандыруу пакетин, мурда жумуштан бошотулган кенчилерди кайрадан ишке алууну жана оор жүк ташуучу машинелерге шаардын чети менен руданы ташып өтүүгө тыюу салууну талап кылышты.

«Мен күн сайын сегиз саат иштейм. Шахтада 12 сааттан иштеген балдар бар. Бул азап! Ал эми маянабыз дарыланууга да жетпейт. Ошону менен бирге адам чыдагыс шарттарда – газ жыттап, ным жерде, ал түгүл суунун ичинде да иштейбиз», - деп айтып берди кенчи Георгий Бицадзе.

Нааразылык акциясына үч миңге чейин кенчи катышууда. Айрым кенчилер шаардын борборунда чатыр тигип, ачкачылык жарыялап, ооздорун тигип алышты. Грузиянын жаратылыш кендеринин экспортунда биринчи орунду ээлеген марганец кенинде 12 күндөн бери иш токтоп турат.

«Айлыгым 980 лари (350 доллар). Мен бул акчаны каягыма жеткирем? Үч балам бар, алар мектепти аяктап калышты. Тапкан акчам эч нерсеге жетпейт. Мен вахта тартибинде иштейм – эки апта шахтада күн сайын иштейм, эки апта эс алам», - деп даттанды кенчи Фридон Шергелашвили.

«Грузин марганеци» компаниясынын жетекчилиги айлыкты чейрек бөлүгүнө гана көтөрүүгө даяр экенин айтты. Бирок бул да азыр эмес, жыл ичинде ишке ашмакчы. Кенчилер мындай шарттарга макул эмес. Ал арада грузин парламентинин депутаттары компаниянын жетекчилигин атайын жыйынга чакырганы белгилүү болду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG