Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:35

Акыркы мезгилде сүлүк курт менен дарылануу ыкмасы кеңири жайылып, мындай курттар базарларда да ээн-эркин, арзан баада сатылууда. Гирудотерапиянын пайдасы болгону менен, аны туура эмес колдонуудан ар кандай оор дарттар жугушу ыктымал.

Элдик медицинанын бир түрү болгон сүлүк курт менен дарылоо ыкмасы Гиппократ, Ибн Сина сыяктуу байыркы окумуштуулардын доорунан бери эле колдонулуп келе жатат. Бирок акыркы мезгилде Кыргызстанда сүлүк курттарды медициналык каттоо кагазы же тастыктоочу документтери жок эле базарларда арзан баада саткандар кездешет.

Бир оорулуу кишиге колдонулган сүлүктөрдү кустуруп, кайра экинчи бирөөгө салуудан сарыктын оор формасы жана кан аркылуу ар кандай инфекциялык дарттар жугушу ыктымал дешет адистер. Баш калаада азыр сүлүк курт менен дарылай турган медициналык борборлор да көбөйдү. Алардын бирине Бурулкан айым да кайрылган:

- Аялдардын оорусу менен жабыркайт элем. Операция да жасаткам. Ага да айыкпай ооруй бергенде айлам кетип, бул жакка келдим. Биринчи келгенде коркуп жаткам. Бирок көнүп калдым. Жакшы экен, кудайга шүгүр. Айыгып кетейин деп эле ниет кылып жатам.

Бишкектеги “Шыпаа Нур” гирудотерапия борборунда эмгектенген Назгүл аттуу медайым сүлүк куртту коюу ыкмалары тууралуу бизге айтып берип, гирудотерапия акыркы мезгилде аялдардын миома, киста сыяктуу ооруларын дарылоодо да колдонулуп жатканын кошумчалады:

- Мисалы кан басым, баш оору, остеохондроз оорулары менен келгендерге 40 мүнөттөн бир саатка чейин койобуз. Сүлүк курттар канды ошончо убакыт соргондон кийин түшөт. Түшкөндө аларды стерилдүү идиштин жардамы менен алабыз. Аны дароо баштыкка салып, бейтапка беребиз. Үйүнө алып барып көөмп салышын айтабыз. Биз мындай жол менен стерилдүүлүктү сактап жатабыз. Азыр аялдар ар кандай залалдуу шишик, миома, киста, жатындын эрозиясы сыяктуу оорулар менен келип жатышат. Аларга жарым сааттай койобуз.

Медицинада “гирудо” деп аталган курттар менен канды чыгарып дарылоо ыкмасы XX кылымда ар кыл химиялык дарылардын чыгышы менен колдонуудан калган. Кыргызстанда да Советтер Союзу учурунда сүлүк менен дарылоо дээрлик жок болгон. Бирок көз карандысыздыкты алгандан кийин элдик медицинанын өкүлдөрү тарабынан кайрадан колго алынып, азыр адамдардын көбү бул курттан даба издөөдө.

Гирудотерапия жаатында Орусиядан билим алып келген дарыгер Рахима Халдарова сүлүк курттун өзгөчөлүктөрүн санады:

- Сүлүктүн шилекейинде абдан күчтүү гирудин аттуу фермент бар. Ал организмге абдан пайдалуу. Андан башка да жүздөн ашык ар кандай ферменттер бар. Сүлүк курт адамдын канын соруп жатканда кан тамыр аркылуу организмге өз шилекейиндеги ферменттерди киргизет. Уюган жаман кандарды эритүүчү, иммунитетти көтөрүүчү, микроб, вирустарды өлтүрчү, жашартуучу касиети бар.

Сүлүктү чаржайыт колдонуу туура эмес

Сүлүк курттар Кыргызстанда өстүрүлбөйт. Негизинен Орусия жана Казакстандан алынып келет. Атайын медициналык борборлордо бир сүлүк курттун баасы 150 сомдон жогору. Бирок акыркы мезгилде баш калаадагы базарларда сүлүк куртту арзан саткандар көбөйдү. Сүлүктү өз алдынча коюп, дарылоо организм үчүн коркунуч жаратып, кесепети оор болуп каларын адистер тынбай эскертишет. Себеби, сүлүк башын салган жер жара болуп, ал жерден инфекция кириши толук ыктымал.

Медицинада гирудотерапияны альтернативдүү эмес, жөн гана жардамчы, кошумча ыкма деп эсептешет. Дарыгерлер сүлүк курттар менен оору таза айыгып кетпестигин, ал жөн гана кошумча каражат экенин эскертишет. Аламүдүн районунда үй-бүлөлүк догдур болуп иштеген Анара Темирова организмден кан чыгаруу сөзсүз түрдө стерилдүү, таза болгондо гана ишке ашуусу зарыл деп эсептейт:

- Мындай дарылоодон этият болбосо гепатиттин бардык түрүн, ал тургай ВИЧ-СПИДди жуктуруп алуу коркунучу бар. Бардык курттар стерилдүү болуп, бир гана ирет колдонулушу зарыл. Курттар атайын лабораторияда өстүрүлсө жакшы. Базардан туш келди сатып албаш керек. Расмий медицинада сүлүк менен дарылоого тыюу салынбайт. Бул аарыга чактырган сыяктуу эле кошумча терапиянын бир жолу.

Сүлүк куртту кош бойлуулар, канында гемоглобин заты төмөн болгондор, анемия илдети менен ооругандар, бала эмизген аялдар, рак ооруларында жана кургак учук дартына чалдыккандарга салууга болбойт. Гирудотерапиядан кийин денеде калган кызыл тактарды таза эмес кол менен кармап, же тырмап, мончого түшкөндө инфекция жуктуруп алуу коркунучу бар. Андыктан дарыгерлер өздүк гигиенаны туура сактоого чакырышат.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG