Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:59

Венгрия Сербия менен чек арасын жапты


15-сентябрда Венгрия Сербия менен чек арасына тосмо орнотуп салды. Эми ЕБга өтчү качкындар Реске чек ара бекети аркылуу гана өтө алышат. Венгрияга мыйзамсыз киргенге аракет кылгандар жоопко тартылат.

Венгрия өкмөтү Румыния тараптагы чек арасына да тикенектүү тосмо орнотууга даярдык көрө баштаганы расмий түрдө маалымдалды. Качкындар кризисин жөндөө үчүн Австрия менен Германия эмки аптада Евробиримдиктин кезексиз жыйынын чакырууга киришти.

15-сентябрдан баштап Венгрияга Сербиядан кирчү мигранттар Реске чек ара пункту аркылуу өтүшү зарыл. Кайсы бир бозгун Венгрия-Сербия ортосундагы тикенек зымдуу тосмону ашып же бузуп өтсө, үч жылга түрмөгө отургузулат. Шейшемби күнү түшкө карай өлкөгө мыйзамсыз кирген 60 мигрант кармалды. Бул күнү венгр полициясы 1-январдан бери өлкөгө 200 788 мигрант киргенин маалымдады.

Венгрия качкындар агымына байланыштуу 15-сентябрда Сербияга чек аралаш эки облуста чукул кырдаал жарыялаган. Алдыңкы күнү Венгрияга 9380 адам кирген. Буга чейин мынчалык көп мигрант өлкөгө агылып кирген эмес.

Калабалуу Сирия, Ооганстан, Ирак жана башка мамлекеттердин жарандары үчүн Венгрия Европага кирүүгө транзиттик өлкө. Көпчүлүк бозгундардын көздөгөнү Германия.

Шейшемби күнү немис канцлери Ангела Меркель Германия жана Австрия өкмөттөрү Венгрия, Греция менен Италия аркылуу келген качкын-бозгундарды жайгаштыруу үчүн келерки жумада Евробиримдиктин кезексиз жыйынын өткөрүүнү сунуштады. Бул жөнүндө Меркел айым Берлинде австриялык кесиптеши Вернер Файман менен бирге өткөргөн маалымат жыйында билдирди.

- Бул чындык, Германия, Австрия жана Швеция проблеманы жалгыз жөндөй албай калды, - деп айтты канцлер Меркел.

Меркел качкындар арбын келген өлкөлөр, айрыкча Түркия менен тыгыз иштешүү керек экенин да баса белгиледи.

Евробиримдиктин чек ара агенттиги - Фронтекстин маалыматына караганда, 1-январдан 15-сентябрга чейин уюмга мүчө өлкөлөрдүн тышкы чек арасында 500 миңден ашык мигрант катталган. Ал эми Миграция боюнча эл аралык агенттиктин билдиришинче, 1-январдан тарта Жер Ортолук деңизи аркылуу Европага 465 миң мигрант келген.

15-сентябрда Түркиядан Грецияга кайыкта бараткан 13 мигрант, анын ичинде 4 бала деңизге чөгүп кетишкенин, 200дөн ашык качкын куткарылганын түркиялык чек арачылар кабарлады.

14-сентябрда түн ортосуна чукул аяктаган жыйында Евробиримдиктин юстиция министрлери 120 миң качкынды уюмга мүчө 28 өлкөнүн арасында бөлүштүрүү боюнча бир бүтүмгө келе албай коюшкан. Ага чейин уюмдун ички иштер министрлери, Еврокеңеш майда сунуш кылган программага ылайык, келерки эки жылда Греция менен Италияга келген башка дагы 40 миң качкынды жайгаштыруу боюнча утурумдук чараларды бекиткен. Мына ушул программа боюнча качкындарды кабыл алган жаңы өлкөлөр ар бир жан үчүн алты миң евро алат.

Биримдиктин тышкы иштер комиссары Федерика Могеринин айтканы боюнча жалпысынан 160 миң качкынды же Биримдиктин элинин 0,1% тең адамды жайгаштыруу тууралуу кеп болууда.

- Болочокко көз чаптырсак, биз Европа элинин 0,1% жакыны качкындар жөнүндө сөз кылуудабыз. Ливанда качкындар элинин 25 % түзөт. 25% жана 0,1%. Бул бизге болочокко сереп таштап, регион кимди жана эмнени күтүп жатканын түшүнгөнгө жардам берет деп ойлойм.

Евробиримдик качкындарга баш паанек берилбечү өлкөлөрдү да аныкташы зарыл.

ЕБнин учурдагы төрагасы, Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Ассельборндун айтуусунда, эгер Биримдиктин ички иштер министрлеринин 8-октябрга пландалган жыйыны качкындарды бөлүштүрүү боюнча мунаса таппаса, керектүү чечимди жөнөкөй көпчүлүктүн добушу менен кабыл алганга аракет кылышат. Качкындарды квота менен бөлүштүрүүгө Вышеград төрттүгүнө кирген Венгрия, Польша, Словакия жана Чехия каршы.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG