Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:45

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргенден кийин патентсиз жумушка орношууга мүмкүнчүлүк алдык деп Орусияга агылган кыргызстандыктардын шайлоого катышалы деген ою барбы?

Жарандардан биометрикалык маалыматтарды кабыл алуу 4 күндөн кийин токтойт. Ал эми чет жакта жүргөн жердештерден шайлоодо добуш берүү үчүн биометрикадан тышкары консулдук каттоо да талап кылынат.

Орусияда жүргөн мигранттардын шайлоого карата маанайы кандай? Бул суроолорго Москвадагы кабарчыбыз жооп издеди.

Беш жылдан бери Москвада иштеген Гулбахар Якубова “биометрика дагы тапшырбайм, шайлоого дагы барбайм” дегендердин бири. Ал шайлоого убактысын короткончо, бир күн болсо дагы иштеп, акча таап алууну артык көрөт:

- Биометрика тапшыргандар тапшырдым деп эле жатышат. Бирок, шайлоого барышабы же барбайбы, бул белгисиз. Себеби, бул жакта баары иш шартына жана убактысына карашат. Анын үстүнө азыр кризис болуп, баары эле акча тапсам дейт. Бир күн болсо дагы иштеп, акчасын үй-бүлөмө жөнөтсөм, баламды баксам дейт да.

Кийинки каарманыбыз Дияз Молдакуновдун болсо бийликтин аткарылбаган убадаларынан көңүлү кайт болгон экен. “ЕАЭБге киргенден кийин жыргайсыңар дешкен эле, жыргаганды көрө элекпиз”, - дейт мигрант.

- Ишенимдүү бир дагы партия жок. Эмне көп азыр? Депутат көп. Шайлоонун алдында баары көп нерсени убада кылышат, бирок, шайлоодон кийин эч нерсе кылбайт. Кыргыздар ЕАЭБге кирсек, жыргап, иштеп калабыз деп ойлогонбуз. Азыр мен жолуккан кишинин баары эле өкүнүп жүрөт, эч кандай айырмасы деле болгон жок деп. Жакшыраак жумуштарга баары бир орус жарандыгын сурап жатышат. Айла жоктон эле жүрөм. Шайлоого кызыккан дагы жокмун, барбаймын дагы.

Мигранттардын пассивдүү маанайына карабай, добуш алууну көздөгөн айрым партиялар мигранттарды топтоп, биометрика тапшырууга өздөрү алып бара баштаганын Москвадагы “Кыргызстандыктар союзу” коомдук бирикмесинин жетекчиси Эгемберди Мырзабеков белгилейт.

- Акыбал оор. Азыр Кыргызстандан келген мигранттар алпурушуп жаткан көйгөйлөр башка. Алардын шайлоо, биометрика тууралуу билгиси дагы келбейт. Патриоттук сезимдерин көтөрүп, шайлоого барам дегендер аябай аз. Азыр биометриялык маалыматтарын тапшыргандар 7 миң чамалуу деп жатышат. Кээ бир партиялардын штабдары ачылып, өздөрүнүн жактоочуларын топтоп, биометрика тапшырууга алып барып жатышат. Орусияда жүргөн кыргызстандыктардын 70-80 пайызы 18-24 жаштагы кыз-уландар. Алардын шайлоого болгон мамилеси такыр башка. Шайлоо тууралуу уккусу дагы жок.

Эгемберди Мырзабеков кошумчалагандай, мурунку шайлоолордо жарандар элчиликтен тышкары Москвада бир нече шайлоо пунктунда добуш беришкен экен. Быйыл болсо жалгыз бир пункт бардык добуш берүүчүлөрдү тейлей алаар бекен деп суроо коюуда.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин экинчи катчысы Айымкан Кулукеева жумуштан бошобогон мигранттарга биометрика тапшырууга шарт түзүү үчүн элчиликтин кызматкерлери дем алыш күндөрү дагы иштеп, кыргызстандыктар иштеген жайларга чейин барып жатышканын айтат.

- Чет жерде жүргөн жарандар биометрикалык маалыматтарын тапшырып, консулдук каттоого тургандан кийин гана шайлоодо добуш берүү укугуна ээ болушат. Москвадагы элчиликтен тышкары Орусия боюнча Екатеринбург, Новосибирск, Санкт-Петербург, Краснодар жана Владивосток шаарларындагы консулдук пункттарда жарандардан биометрикалык маалыматтар алынып жатат. Бул жакта эртели-кеч жумуштан бошобогон жарандар үчүн биздин элчиликтеги кызматкерлери дем алыш күндөрү дагы иштешүүдө. Биометрика тапшырып, консулдук каттоого тургандардын саны 19-сентябрдан кийин белгилүү болот.

Катчы айым катуу эскерткендей, Кыргызстандан биометрика тапшырып келгендер шайлоого чейин сөзсүз түрдө консулдук каттоого турушу керек.

Ал эми "Аксы" коомунун жетекчиси Бактияр Өмүрзаков Орусиядагы мигранттардын шайлоо укуктары көптөн бери корголбой келатканын айтат.

- Мурунку шайлоолордо комиссиянын курамында болуп жүргөм. Биринчисинде - мигранттардын добуштарын жокко чыгарып салышкан, экинчисинде - Кыргызстандын улуттук паспорту менен шайлоого катышууга уруксат бербей коюшкан. Ошону менен дайыма эле мигранттардын шайлоо укуктары корголбой жүрөт. Мына быйыл деле консулдук каттоого турууну жана биометрикалык маалыматтарды тапшырууну талап кылышууда. Мигранттар «бардыгы мурунтан сатылып алынган» деп, шайлоого катышууга эч кандай каалоосу жок. Биометрика тапшыргандан кийин деле алар шайлоо күнү добуш берүүгө келише алабы же жокпу, белгисиз.

Бахтияр мырза Москвадагы шайлоо комиссиясы жалпысынан дипломатиялык корпустун кызматкерлеринен түзүлүп, адилеттүүлүк болбой жатат деп да нааразы. Анын айтымында, 15 кишиден турган комиссиянын курамында элчиликтин 12 кызматкери бар.

Федералдык миграциялык кызматтын акыркы маалыматы боюнча учурда Орусияда 300 миңден ашуун кыргыз жараны катталган. Алардын 250 миңден ашууну шайлоого катышууга жашы толгон жарандар. Ал эми такталбаган маалыматтар боюнча бүгүнкү күнгө дейре Орусияда болгону 10 миңге жетпеген кыргыз жарандары биометрика тапшырууга жетишкен.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG