Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:29

Боронов: Учакта ар кандай товарлар болгон


Кубатбек Боронов
Кубатбек Боронов

16-январда “Манас” аэропортунда кыйраган түркиялык учактын Бишкекке конуу максаты тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маек куруп, алгач кырсык аймагында жүрүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Кубатбек Боронов: Тазалоо иштери бүтө элек. Шаршемби күнү учак кырсыктарын иликтеген Эл аралык авиация комитети жиберген адистер келишти. Алар иштеп жатышат. Бейшемби күнү учактын калдыктарын чыгаруу жумуштары болот. Андан кийин тазалоо жумуштары башталат.

Бардык издөө иштери бүттү. Жоголгон же дайыны чыкпаган адамдар тууралуу арыздар түшкөн жок. Биздин 34 жараныбыздын аты-жөнү бардыгы такталып бүттү. Учак экипажынын үч мүчөсү бар жана төртүнчү мүчөсүнүн тек-жайын аныктоо иши жүрүп жатат.

“Азаттык”: Учак Кыргызстанга эмне үчүн конгону жатты эле?

Кубатбек Боронов: Учак Гонконгдон келаткан. Кыргызстанга конуп, ал жерден авиакеросин куюп, андан ары Стамбулга учуп кетмек экен.

“Азаттык”: Учакка ээлик кылган ACT компаниясы кырсык тууралуу туура эмес маалыматтар кетип жатканын жүйө кылып, атайын пресс-релиз чыгарды. Анда учакта жетиштүү, анын ичинде чукул кырдаалда башка аэропортко конууга жете тургандай күйүүчү май бар болчу деп айтылды. Биз компанияга байланышка чыкканыбызда учак Бишкекке жүк түшүрмөк деп билдиришти. Учак жүк түшүрүү үчүн конгон деген маалыматты сиз тастыктай аласызбы?

Кубатбек Боронов: Андай маалымат бизде жок. Аны мен биринчи жолу угуп жатам. Аэропорттун айтканына караганда, учак күйүүчү май куюп алып андан ары кетмек.

“Азаттык”: Демек, сиздер учак жүк түшүрүү үчүн келаткан деген маалыматты тастыктай албайсыз. Бирок күйүүчү май куюу үчүн гана келген деп так кесер айтса болобу?

Кубатбек Боронов: Тигинисин да, мунусун да тастыктай албайм. Расмий түрдө менде андай маалымат жок. Мен билгенден бир эле нерсе - учак аэропортко конуу үчүн келатканын мен тастыктайм. Эмне үчүн келип конуп жатканы тууралуу менде маалымат жок. Күйүүчү май куюуга деп айтылган.​

“Азаттык”: Сиздер куткаруу иштери менен алек болдуңуздар. Учак кулаган жерде кандай жүктөрдү көрө алдыңыздар?

Кубатбек Боронов: Ал жерде калк керектөөчү товарлар болгон. Негизинен электрондук товарлар, мобилдик телефондор, аларга керектүү аксессуарлар болгон. Анан өзүм көргөн жокмун, электр чайнектери болгонун айтышты. Учак күйгөндө товардын көбү күйүп кеткен. Кырсык болгон жерде анча-мынча калгандарын эл, куткаруучулар чогултуп, тергөө кызматкерлерине өткөрүп беришти.

P.S. "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG