Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:09

Сагынбектин очогун талкалаган учак...


Сагынбек Рахманов келинчеги жана эки баласы менен.
Сагынбек Рахманов келинчеги жана эки баласы менен.

“Манас” аба майданына жакын Дача айылындагы авиакырсыкта мүрт кеткендердин арасында эки баласы менен чогуу каза болуп калган 24 жаштагы кош бойлуу Венера Дүйшеева да бар.

Бул эне менен балдарынын сөөгү бүгүн Ноокен районундагы Курулуш айылында жерге берилди. Маркумдардын тажиясына облус жетекчиси катышып, президенттин, өкмөттүн атынан көңүл айтты.

Рахмановдордун үй-бүлөсү кечээтен бери аза күтүүдө. Учак кырсыгында бул үй-бүлөдөн сегиз айлык боюнда бар келин, алты жана үч жаштагы эки наристе каза тапты. Балдардын атасы Сагынбек Рахмановдун денеси катуу күйүп, Бишкектеги ооруканалардын биринин жандандыруучу бөлүмүндө жатат. Ал 30 жашта.

Маркум келиндин эжеси Гүлсүн Исманова буларга токтолду:

- Кырсык болор түнү булар таятасынын үйүндө болушкан. Атам калгыла деп суранганына карабай, күйөө балам эртең жумушка чыгышым керек деп үй-бүлөсүн алып, түн ичинде кетип калган экен. 16-январь күнү күйөө балам жумушка барайын деп машинасын жылытып отурган экен. Булар жашаган үй аэропорт жанындагы биринчи үй болгондуктан учак алгач ушул жерге түшкөн. Сагынбек отурган унаанын эки дөңгөлөгүнөн башка эч нерсе калган эмес. Үй ичинде уктап жаткан келинчеги менен балдары каза тапты. Балдардын атасы учурда денеси күйүп, Бишкек шаарындагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат. Анын акыбалы боюнча эч нерсе билбейбиз. Сиңдим менен менен балдарынын денелери да күйүп кетиптир. Шаардагы өлүкканага аларды араң таанып, кечинде бул жакка алып жөнөдүк.

Акыркы сапарга узатуу учуру.
Акыркы сапарга узатуу учуру.

Сагынбек Рахманов менен Венера Дүйшеева 2010-жылы баш кошушкан. Үчүнчү перзенти бир айдан кийин төрөлмөк. Аны эми аргасыз курсактан кесип алышып, Аяна деген ысым ыйгарып, энесинин жанына коюшту.

Жаш үй-бүлөнүн апасы Айтбү Исабаева көз алдында жаткан жансыз неберелерин, келинин көрүп, өзүнө келе албай жатат.

- Башыбызга оор кайгы түштү, кантели эми... Оо, Жараткан, эмне күнөөбүз үчүн!? Эх, балдарда эмне айып? Балам жубайы менен Орусияда иштеп жүрүп, "кара тизменин" айынан былтыр Кыргызстанга келгенге аргасыз болгон. Анан Бишкекте жумуш издеп жүргөн. Үч ай мурун ишканалардын бирине сүт ташуучу унаанын айдоочусу болуп ишке кирип, үй-бүлөсүн алып кеткен. Бул жакта турак жайы толук бүтө элек болгондуктан ошол жумуштарды бүтүрүүгө акча табам деп иштеп жүрчү. Алар жашаган Дача айылындагы үй башка бирөөнүкү болчу, ижарада турушкан эле. Эмне кыларымды да билбей калдым, балам. Уулум эсине келсе эми анын абалы кандай болот экен деп турам.

Тажияга өкмөттүн облустагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев катышып, президент жана өкмөттүн атынан маркумдун жакындарына көнүл айтты.

- Бул кайгы сиздердики гана эмес, жалпы кыргызстандыктардын кайгысы. Бардык маркумдун жакындарына өзүмдүн, президент жана өкмөттүн атынан көнүл айтам. Президенттик фонддон бөлүнгөн 100 миң сом жана өкмөттөн каралган 70 миң сомду, ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чогулткан каражаттарды жакындарына тапшырам. Башка дагы кандай жардам керек болсо колдон келген аракеттерди көрөбүз. Бул, албетте, силердин оор кайгыңарды толтура албаса да, кандайдыр бир деңгээлде өз керегине жарайт дейбиз.

Учак кырсыгынын күбөлөрү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:34 0:00

Кырсыктан жабыркагандарга көмөк көрсөтүү максатында облустагы бардык мекеме-ишканалардын кызматкерлери, укук коргоо органдары бир күндүк эмгек акыларын которуп берерин айтышты. Мындан сырткары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыктарында гуманитардык жардам чогултуу штабы уюштурулду.

16-январда "Манас" аба бекетинин жанындагы Дача айылына «Боинг 747-400» учагы кулап, акыркы расмий маалыматтар боюнча 38 адам набыт болду. Алардын төртөө түркиялык учактын экипаж мүчөлөрү, калгандар жайкын тургундар.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG