Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

Иранда жети жүздөн сегиз талапкер иргелди


Жарышка койо берилген сегиз талапкер.
Жарышка койо берилген сегиз талапкер.

Иранда Сакчылар кеңешинин президенттикке талапкерлер боюнча тизмеси өлкө ичинде да, тышында сын пикирлерди жаратты. Азыркы президент Махмуд Ахмадинежад чечимди кайра каратууну убада кылса, Ислам республикасынын негиздөөчүсүнүн кызы аятолла Хаменеиге ачык кат жолдоду. Талдоочулар алдыдагы шайлоо бир жактуу болорун айтышууда.

Иранда бийликтин эң жогорку органы катары саналган – Сакчылар кеңеши президенттик шайлоого катышуу үчүн арыз берген 700дөй кишинин арасынан сегиз гана талапкерди жактырды. Алардын көпчүлүгү жогорку лидер аятолла Али Хаменеиге жан тарткан саясатчылар жана ашынган консерваторлор.

Президент Махмуд Ахамадинежаддын нааразылыгы болсо мурда анын администрациясын башкарган саясий өнөктөшү Эсфандияр Рахим Машаинин тизмеге кирбей калганына байланыштуу. Ахмадинежад шаршемби күнкү сөзүндө муну “кысмактоо” деп атап, маселени жогорку лидердин алдына койорун убада кылды.


Махмуд Ахмадинежад.
Махмуд Ахмадинежад.
Байкоочулар Машаинин жарыштан четтетилүүсүн Ирандагы истэблишменттин консервативдүү бөлүгү аны аятолла Али Хаменеи менен мамилеси камыр-жумур эмес президент Ахмадинежадга өтө эле жакын деп карашканынан көрөт.

Мыйзам боюнча үчүнчү мөөнөткө бара албай турган азыркы президент Ахмадинежад Машаи аркылуу бийликтеги таасирин кармагысы келет деген пикирлер бар.

Жарыштан мурдагы президент, башкаларга салыштырмалуу байистүү саясатчы катары саналган Али Акбар Хашеми Рафсанжани да четтетилди.

Сакчылар кеңеши Рафсанжанинин ысымын атабады, бирок улгайган жаш курак да жарыштан четтетүүдөгү факторлордон болгонун белгиледи.

“Азаттыктын” Иран жана Ирак боюнча аймактык директору Мардо Сохом Сакчылар кеңешинин чечимин мындай чечмелейт:

- Менимче, жогорку лидерге лоялдуу чөйрөдөн сырттагы белгилүү талапкерлерди четтетүү боюнча чечим кооптонгондуктан гана эмес, коркунучту моюнга алгандыктын белгиси. Ал атаандаштык шартындагы шайлоо элдин 2009-жылдагыдай нааразылыгына кайра алып барбайбы деген коркунуч. Төрт жыл мурда миллиондогон адам көчөгө чыгып, добуштардын бурмаланышына нааразылык билдирген.

Мурдагы президент Рафсанжанинин жарыштан четтетилүүсүнөн улам Ислам республикасынын негиздөөчүсү аятолла Рухолла Хомейнинин кызы Зара Мостафи Хомейни аятолла Хаменеиге ачык кат менен кайрылды. Өз атасынын осуяттарын эске салган Зара Мостафи Хомейни Иранда “диктатура” тамыр жайышына жол бербеш үчүн Рафсанжанинин талапкерлигин калыбына келтирүүгө чакырган.

Сакчылар кеңешинин чечимин АКШ Мамлекеттик департаменти да сынга алды. Вашингтондун пикиринде, талапкерлерди иргөөдө Иран элинин эле эмес, режимдин кызыкчылыгын көздөйт деген принцип жетекчиликке алынды.

Жарыштан чыгарылган Машаи жана Рафсанжани.
Жарыштан чыгарылган Машаи жана Рафсанжани.
Жарышка койо берилгендер арасында аятолла Хаменеинин эң жакынкы чөйрөсүнөн өзөктүк маселе боюнча башкы сүйлөшүүчү Саид Жалили, мурдагы тышкы иштер министри Али Акбар Велаети, борбор Тегерандын мэри Мохаммад Бакир Калибаф бар.

Иргелген сегиз талапкердин экөөсүнө байистүү деген мүнөздөмө берилүүдө. Ал эми реформачыл деп саналгандардан жалгыз Мохаммад Реза Арефке жол ачылды. 61 жаштагы Ареф кезинде АКШдагы Стэндфорд университетинде окуган. Азыркы оппозиция лидери Мохаммад Хатами президент болгон кезде вице-президенттин кызматын аркалаган.

“Азаттыктын” Иран жана Ирак боюнча аймактык директору Мардо Сохомдун пикиринде, кандай болгон күндө да алдыдагы шайлоо бир жактуу саясий өнөктүк болот:

- Эми шайлоо бир жактуу эле болот. Хаменеи көп кырдуу шайлоодон чочуйт. Ал эл арасында эмоция, толкундантуу жаратуучу жана күтүүсүз жыйынтыктарга алып баруучу шайлоону каалабайт. Рафсанжанинин, атүгүл Машаинин талапкерлигинин четке кагылышы мына ушундан улам. Жарышка жогорку лидерге лоялдуу талапкерлердин тобу чыгарылды. Менимче, добуш берүүгө эл аз катышат. Ал эми жарыяланганда көрсөткүчтөр жогору болот. Бирок албетте алдыдагы төрт-беш аптада күтүлбөгөн нерселер да болуп кетиши ыктымал.

Мардо Сохом кошумчалагандай, Ирандагы диний режимдин оппоненттери Рафсанжанинин шайлоодогу ыктымал жеңишин Хаменеинин жеке басар башкаруусуна чакырыктын башталышы катары карашат, ал эми реформачыл көз караштагылар жарым-жартылай альтернативага артыкчылык беришет.

2009-жылдагы демонстрация. Тегеран, 15-июнь, 2009-жыл.
2009-жылдагы демонстрация. Тегеран, 15-июнь, 2009-жыл.
“Азаттыктын” иран кызматы - “Фарда” радиосу илимий эмес жол менен өткөргөн сурамжылоого тартылгандардын 76 пайызы жогорку лидер Хаменеи Рафсанжани менен Машаинин талапкерлигин калыбына келтирүү үчүн өз ыйгарым укугун колдонбойт деген ишенимин билдиришкен. Ал акыркы сөздү ким айтарын көргөзүү үчүн башында атайлап оюн жүргүзүп жатышы ыктымал деген да пикирлер бар.

Ирандагы шайлоо 14-июнга мерчемделген. Талапкерлерге үгүт өнөктүгүн өткөрүүгө үч аптадай гана убакыт берилет.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG