Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:07

Иран "Шарли Эбдого" жооп кайтармай болду


Иранда студенттердин "Шарли Эбдого" каршы нааразылык акциясы, 20-январь, 2015-жыл
Иранда студенттердин "Шарли Эбдого" каршы нааразылык акциясы, 20-январь, 2015-жыл

Иранда Холокостту мыскылдаган карикатураларга сынак жарыяланды. Бул акция франциялык “Шарли Эбдо” журналына чыккан Мухаммед пайгамбардын карикатурасына жооп иретинде уюштурулган. Буга чейин француз журналында пайгамбарды мазактады делген сүрөт бир катар мусулман өлкөлөрдө нааразылык жараткан эле.

Холокостту жокко чыгарган карикатуралар конкурсун Иранда эки уюм биргелешип уюштурууда. Алар акцияны өткөн айда Мухаммед пайгамбардын карикатурасын баскан франциялык “Шарли Эбдо” журналына жооп деп сыпатташты. Басылмадагы 12 адамдын өмүрүн алган кол салуудан кийинки алгачкы санында Мухаммед пайгамбардын дагы бир карикатурасы жарыяланган. Анда пайгамбар журналдын колдоочуларынын урааны болгон “Мен Шарлимин” деген жазууну кармап турганы тартылган. Бул карикатурага башка мусулман өлкөлөрүндөй эле ирандыктар да нааразы болгон эле.

Эми болсо "Сачешмех" маданий борбору жана “Карикатуралардын үйү” аттуу уюм мындай конкурс жарыялоо менен сөз эркиндиги жаатындагы Батыштын кош стандарттуулугун ашкерелөөнү максат кылганын айтышат. Бул эки уюм тең Холокостту тарыхый факт катары тааныгысы келбейт.

“Эгер сөз эркиндиги чын эле бар болсо, анда Холокост боюнча да сын пикирлерге орун берилип, чектөөгө алынбашы керек” деп айтылат конкурсту жарыялаган маалыматта.

Конкурстун администратору, “Карикатуралар үйүнүн” жетекчиси Масуд Табатабаинин айтымында, Мухаммед пайгамбардын маселеси мусулман дүйнөсүнө кандай маанилүү болсо, Холокост Батыш үчүн ошончолук маанилүү. Ошондуктан Батыштын чагымына каршы туруу үчүн ушундай ыкманы пайдаланууну чечкенин карикатуристке шилтеме берип, Иран маалымат каражаттары жазып чыкты.

Холокост Батыштын талылуу жери экенин айткан "Сачешмех" маданий борборунун жетекчиси Реза Заери болсо Мухаммед пайгамбардын карикатурасына каршы дал ушундай жол менен жооп берүүнү чечкенин билдирген:

- Бул конкурс аркылуу кимдир бирөөнү басынтуу максатыбыз жок. Чынын айтсак, Мухаммед пайгамбарды мыскылдаганын көрүп ачууландык. Ачуубузду зордук-зомбулук менен чыгарбастан, дал ушундай маданий жол менен билдирүүнү чечтик, - деди Заери мамлекеттик ИРНА маалымат агенттигине.

Конкурска материалдар ушул жылдын 1-апрелине чейин кабыл алынат. Уюштуруучулар бул датаны бекеринен тандаган эмес.

- 1-апрелди жалган айтуу күнү катары айтып жүрүшөт. Холокост да Палестинаны бөлүп-жаруу үчүн сионисттердин ойлоп чыгарган калпы, - деп билдирген Масуд Табатабаи.

Конкурс уюштуруучулары жеңүүчүлөргө 5 миңден 12 миң долларга чейин сыйлык бекитти.

Иранда өткөн "Шарли Эбдого" каршы митингдердин бири
Иранда өткөн "Шарли Эбдого" каршы митингдердин бири

Бул сынак Иранда Холокостту мыскылдоо үчүн жарыяланган алгач иш-чара эмес. 2006-жылы даниялык Jyllands-Postens журналы пайгамбардын карикатурасын басып чыгарганда дал ушундай сынак жарыяланган эле. Анда бул конкурс АКШ жана Израил баштаган бир нече өлкөнүн сынына кабылган.

Иранда Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда алты миллиондой жөөттүн өмүрүн алган Холокостту жокко чыгаруу боюнча кампания системалуу жүргүзүлүп келген. Атүгүл мурдагы президент Махмуд Ахмадинежад Холокостту “миф”, же ойдон чыгарылган жомок деп атаган болчу.

Ал эми өлкөнүн азыркы президенти Хасан Роухани 2013-жылы CNN каналына курган маегинде нацисттердин миллиондогон жөөттөрдү өлтүргөнүн сындаган эле:

- Менин тарыхчы эмес экеним баарына белгилүү. Холокост боюнча сөз козголгондо тарыхчылардын түшүндүргөнү туура болот. Жалпысынан айтканда, адамзатка каршы кандай гана кылмыш болбосун, нацисттердин жөөттөргө карата кылмышы болобу, аны айыптоо керек. Адам өмүрүн алган кандай гана кылмыш болбосун, жөөтпү, христианбы же мусулманбы аны бирдей кароо керек.

Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф Твиттердеги баракчасына Иран бийликтери Холокостту эч качан четке каккан эмес деп жазып чыккан. Мындай пикирин министр АКШнын конгрессмени Ненси Пелосинин кызы Кристинин твитине жооп иретинде жазган. Учурда бийликтеги Роухани да, Зариф да Батыш менен мамилени оңдоого аракет кылган байистүү саясатчылар катары белгилүү.

Ошентсе да Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи Холокост боюнча күмөн оюн ачык билдирип, “болуп-болбогону такталбаган окуя” деп атаган жайы бар. Хаменеинин бардык мамлекеттик иштерде акыркы сөздү айтуу укугу бар экенин эске алганда, руханий лидердин айткандары Ирандагы Холокост боюнча корутунду пикирге барабар десек болот.

Холокост боюнча карикатуралар конкурсу Иранда Голливуд актеру Жорж Клунинин “Мен Шарли” деген жазууну кармаган сүрөтүн баскан гезит жабылгандан эки жума өтпөй жарыяланды. Ошондой эле Иран бийликтери “Шарли Эбдого” тилектештик билдирүүнү максат кылган журналисттерге акция өткөрүүгө уруксат берген эмес.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG