Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

Иран таза уранды Казакстандан сатып алуу боюнча жашыруун келишим түзүп жатканы жөнүндө имиштер айтылып жатат. Мунун алдынан Иран шейшембиде өзүнүн өзөктүк программасы боюнча эларалык коомчулуктун сунушун дагы бир жолу четке каккан эле.

Иран дагы бир жолу четке какты деген сунушту Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу беш мүчө - Британия, Кытай, Франция, Орусия, АКШ – алар менен катар Германия быйыл октябрда жасашкан. Ага ылайык, Тегеран мындан ары уранды өзүндө байытпай, байытылган уранды Орусиядан жана Франциядан алмак. Анын көлөмү изилдөөлөр жана медициналык керектөөлөр үчүн колдонгонго гана жетмек. Анткени Батышта айрым өлкөлөр “Тегеран азыр уранды атомдук бомба жасаш үчүн байытып жатат” деп кооптонушат.

Иран болсо бул кооптонууларды четке кагып, ал өзөктүк курал жасаганга дилгир эмес экенин, байытылган уранды жөн эле отун катары колдонгусу келип жатканын айтып келатат. Ошондуктан бул сунушту эки ирет тең четке какты.

Мына ушул окуянын артынан эле “Иран Казакстандан 1350 тонна таза уранды 450 млн.долларга жашыруун сатып алганы жатыптыр” деген кабар таркады. Ушунча урандан 150 өзөктүк дүрмөт жасай алаары да айтылды.

Бирок уран Казакстандын өкмөтүнөн эмес, өлкөдөгү айрым күчтөрдөн өкмөттүн макулдугусуз эле жашыруун жиберилет имиш деген маалымат таркады. Бул жөнүндө “Ассошиэйтед пресс” маалымат агенттиги Бириккен улуттар уюмунун Атомдук энергетика боюнча эларалык агенттиги (МАГАТЭге) мүчө мамлекеттердин биринен маалымат алганын айтты. Кайсыл мамлекет экени такталган жок. Документте айтылгандарга караганда, келишимге жакынкы апталарда кол коюлаары күтүлүүдө.

Расмий Астана муну заматта четке какты. Өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Эржан Ашыкбаев “Азаттыкка”: “Казакстан эларалык коомчулук алдында өзүнө алган милдеттенмелерин дайыма аткарып келатат. Бул өзөктүк куралды таркатпоо боюнча маселеге да тиешелүү, - деп билдирди. - Биздин бүт иш МАГАТЭнин талаптарына ылайык жүргүзүлүүдө”.

Дегинкиси, Казакстан Иран менен уран боюнча жашыруун иштешип жатканы тууралуу буга чейин деле айтылган.

Ноябрдын башында мындай аракет болуп жатканын казак президенти Нурсултан Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев “Азаттыкка” билдирген болчу.

“Мен фактысы жок сүйлөгүм келбейт. Эки өлкө ортосунда бул боюнча жашыруун сүйлөшүүлөр болгону жөнүндө факты менде бар, - деген эле Р.Алиев. - Анын үстүнө Ирандын президенти Казакстанга расмий сапар менен келип кеткенин да унутпаш керек. Эгерде бул жөнүндө маалымат булактарында айтылбаса эле, ал болгон эмес деп айтууга болбойт да”.

Ал аралыкта “Казатомпром” шаршембиде бир кызыктуу кабар таркатты. Анда айтылгандай, быйыл Казакстан жылды дээрлик 14 миң тонна уранды өндүрүү менен жыйыктыктайт. Бу дегени – Казакстан уран өндүргөн дүйнөдөгү лидерге айланды дегенди билдирет.

Вашингтондо болсо атын атабоону суранган жогорку деңгээлдеги расмий өкүл “Ак Үй бул тууралуу кабардар экенин” айтуу менен чектелди.

Жаңы жыл алдындагы бул окуя АКШ менен анын өнөктөштөрүнүн Тегеранга каршы жаңы санкциялар тууралуу сүйлөшүүлөрүнүн башталышына себеп болууда.

Ушул айдын башында АКШнын Конгрессиндеги өкүлдөр палатасы Иранга таза карамай саткан компанияларды жазалоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды. Ал долбоор январда Сенатта оңой эле кабыл алынат деп күтүлүүдө.

Ал эми Мамдепартаменттин расмий өкүлү "The Los Angeles Times" гезитине 28-декабрда айтканына караганда, Ак Үй мындан да катаалыраак жазанын жолун караштырып жатат.

Көз карандысыз сенатор Жозеф Либерман - бул мыйзам тезирээк күчүнө киришин жактагандардан. Анын ишениминде, мыйзам адам укуктарын орой бузуп, өзөктүк программасы боюнча дүйнөнүн сунушуна көнбөй жаткан Иранды эпке келтирүүдө президент Барак Обама менен Тышкы иштер министри Хиллари Клинтонго жетиштүү укук бермек.

Бирок Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинде санкция боюнча АКШнын тилин адаттагыдай эле Кытай менен Орусия албай коюшу мүмкүн.

“Азыр Кытай менен Орусия Иранды мурдагысынан да көбүрөөк колдой тургандай болуп турат, - деди Либерман. - Наавада алар АКШнын санкция боюнча сунушун колдобой коюшса, Америка өзүнүн европалык өнөктөштөрү менен эле санкция киргизип кое берсе болот. Тилекке каршы, Тегеранда өкмөт президент Обаманын сунушуна оң жообун бербей, өзүнө-өзү жаман иш кылып алды”.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG