Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:09

Иран кошуналары менен тынчтыкты каалайт


Мухаммед Жавад Зариф.
Мухаммед Жавад Зариф.

Иран Перс булуңундагы араб кошуналары менен тең салмактуу мамиле түзгүсү келет. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Жавад Зариф билдирди.

Иран Перс булуңундагы өлкөлөргө кол салбоо тууралуу пактка кол коюуну сунуш кылды. Ирандын тышкы иштер министри Зариф ирактык кызматташы Мухаммед Али ал-Хаким менен жолугушуудан кийин ушундай билдирүү жасады.

Зариф «Иран өзүн ар кандай аскердик жана экономикалык агрессиядан коргой турганын» белгилеп, Евробиримдикти өзөктүк келишимди сактап калыш үчүн мындан да жигердүү аракеттерди жасоого үндөдү.

Ирактын тышкы иштер министри Ал-Хаким болсо, анын өлкөсү Иран менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө ортомчу болууга даяр экенин билдирип, Иранга карата экономикалык блокада ийгиликтүү болбой турганын кошумчалады.

Өткөн аптада Ирандын кошунасы, ошол эле кезде АКШнын өнөктөшү болгон Ирак тараптарды тынчтыкка чакырыш үчүн Вашингтон менен Тегеранга делегация жиберерин айткан. Ирактын премьер-министри Адел Абдул Махди мындай деген эле:

Адел Абдул Махди.
Адел Абдул Махди.

«Иран менен АКШнын маселесин чечүүдө Ирактын көз карашы Европанын көз карашына окшош. Биз бул маселени америкалык да, ирандык да тарап менен талкуулап жатабыз. Биз чыңалууну азайтып, тараптарды тынчтыкка чакырыш үчүн тиешелүү борборлорго, айрыкча Тегеранга жана Вашингтонго делегация жөнөтөбүз».

Багдадда тышкы иштер министри Зариф «Иран чыдамкай жана күчтүү болгондуктан экономикалык же аскердик согушка каршы тура алат» деп билдирди.

Ошондой эле министр өзөктүк келишимдин катышуучуларын – Британияны, Францияны жана Германияны келишимди сактап калыш үчүн мындан да жигердүү аракеттерди жасоого үндөдү.

Ирандын тышкы иштер министри Иракка АКШнын президенти Дональд Трамптын 24-майдагы билдирүүсүнөн кийин барды. Трамп Жакынкы Чыгышта кошумча 1500 аскерди жайгаштырарын, алар «негизинен коргоочу» ролду аткарарын айткан эле.

Мамлекеттик катчы Майк Помпео «Ирандын агрессиясын ооздукташ» үчүн АКШ Сауд Арабиясына, Бириккен Араб Эмираттарына жана Иорданияга 8.1 миллиард долларга курал-жарак сатууну пландап жатканын айткан.

Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Тегеран менен Вашингтондун мамилеси былтыр АКШ өзөктүк келишимден чыгып кеткенден кийин начарлаган. 2015-жылы дүйнөнүн алты өлкөсү Ирандын өзөктүк программасын чектеген мунасага жетишкен эле. АКШ, Франция, Британия, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын токтотмок. Бул үчүн Ислам Республикасына салынган санкцияларды алуу каралган. 2018-жылы АКШнын президенти Дональд Трамп келишимди сынга алып, «Тегеран милдеттенмелерин аткарбай жатат» деген негизде Кошмо Штаттар макулдашуудан чыгып кеткен. Андан бери Вашингтон Иранга каршы экономикалык санкцияларын калыбына келтирген.

Ушул айдын башында АКШ Жакынкы Чыгышка жана Перс булуңуна учак ташуучу согуштук кемесин, бомбалоочу учактарын жана «Patriot» ракетасын жайгаштырган. Вашингтон бул аракеттерин Ирандын чабуулунун алдын алуу катары түшүндүргөн. Бирок Вашингтон да, Тегеран да согушту каалабай тургандыгын билдиришкенине карабастан, ортодо кагылыш болуп кетеби деп чочулагандар бар.

Ирандын президенти Хасан Роухани май айынын этегинде өзөктүк программа боюнча коомдук референдум өткөрүү тууралуу пикирин айткан. Роуханинин сөзүнө караганда, ал 2004-жылы аятолла Али Хаменеиге референдум өткөрүүнү сунуш кылган.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG